Биринчи Соз

1. Page

بسم الله الرحمن الرحيم و به نستعين

{الحمد لله رب العالمين والصلاه والسلام على سيدنا محمد وعلى آله وصحبه أجمعين}

Эй тууган! Менден бир канча насыят сурадын. Сен бир аскер болгонун үчүн, аскердик тамсили менен айтылган сегиз аңгеме аркылуу бир канча акыйкатты напсим менен бирге ук. Себеби мен напсимди башкаларга караганда насыятка көбүрөөк муктаж деп билемин. Убагында сегиз аяттан пайдаланып чыгарган «Сегиз сөздү» написиме кененирээк кылып баяндап берген элем. Азыр кыска-нуска жана жөнөкөй жалпак тил менен написиме айтамын. Ким кааласа, чогу уксун.


2. Page

[Биринчи сөз]

بسم الله[1] баардык кайырдуу иштердин башаты. Биз дагы башта ушу менен баштайбыз. Билгин, эй напсим! Ушул маарек сөз ислам нышааны болгондой эле, бүтүн бар болгон нерселердин акыбал тили менен кылган зикири болот. بسم الله кандай гана чоң тугөнбөгөн кубат, кандай гана көп бүтпөгөн бир берекет экендигин билгин келсе, ушул тамсил сыяктуу аңгемеге карап кулак сал. Төмөндөгүчө:


Көчмөн араб чөлдөрүндө саякатка чыккан адамга бир уруу башчысынын ысмын алуусу жана анын карамагына кирүүсү керек, анткени бир гана ушул ысымды алуусу менен өзүнү каракчылардын жамандыгынан сактап муктаждыктарыны чечеалат. Болбосо жалгыз башы чексиз душмандарынын жана муктаждыктарынын алдында бушайман болот. Мына ушундай саякат үчүн эки адам чөлгө чыгып жөнөдү. Алардан бирөөсү кичипейил, ал эми экинчиси текебер болчу. Кичипейил киши бир башчынын ысмын алды, текебердүүсү албады. Алган киши баардык жерде амандыкта сапарда жүрдү, жолдон чыккан каракчыга туш келсе «Мен палан башчынын ысымы менен сапардамын» - дейт. Каракчы болсо аны жайына койот да, ага тийеалбайт. Кайсы чатырга кирбесин ал ысым аркылуу сый-урматка ээ болот. Аркы текебердүүсү болсо,бүт саякатында элестетеалгыс кыйынчылыктарга дуушар болот. Ар дайым коркконунан титиреп, тилемчилик кылат эле. Кор жана бүт элге уят болуп жүрдү

[1]   - Бисмиллаx деп окулат. 



3. Page

Мына эй текебердүү написим! Сен ошол саякатчысын. Бул дүйнө болсо бир чөл. Алсыздыгын жана жардылыгын чексиз. Душмандарыңдын жана муктаждыктарыңдын да чеги жок. Анда сенин абалын ушундай болсо, ушул чөлдүн Түбөлүктүү Ээсинин жана Эзели Чексиз Акиминин ысмыны ал. Ошондо бүткүл ааламдын кайырчылыгынан, бардык окуялардын тушунда титирөөдөн кутуласың.

Ооба, ушул сөз сенин чексиз алсыздыгың жана жардылыгың аркылуу сени чексиз бир Кудуретке, Рахматка байланыштырып,сенин алсыздыгыңды, жардылыгыңды Кадыр-ы Рахимдин (Кудреттүү жана Ырайымдуу Аллах Тааланын) алдында эң жакшы кабылалынуучу бир шапаатчы кылгандыктан ошончолук куттуу, маарек жана берекелүү бир казына болуп эсептелет. Ооба, ушул сөз менен аракет кылган киши, мамлекеттин кызматын аткарган бир аскер сыяктуу, ал дайыма мамлекеттин аты менен аракет кылат жана эчким ден коркпойт, башкача айтканда мыйзамдын негизинде мамлекеттин аты менен иш алпарып жана ар-кандай кыйынчылыктарга каршы бекем турат. Сөзүбүздүн башында «бүтүн бар болгон нерселер акыбал тилдери менен بسم الله дейт» деп айтып өткөнбүз. Ошондойбу?