NAVIGATION
Автору:
Имам Бедиуззаман Саид Нурси
Котормо:
Хайрат Котормо группасы
Котормочулар:
Хатем Календер
Редакторлор:
Гүл Явуз Эржан
Бостонов М.А.
Басмакана:
Хайрат Нешрият
Түпкү тил:
Осмон түркчөсү
Которулган тил:
Кыргызча
ТУшундүрүү
Курандын маңыз жагынан тафсири болгон Рисале-и Нур жыйнагыныy Осмон түркчөсүнөн болгон бул котормосу асыл нускасы болгон текстин бардык маанилери эске алынып даярдалган. Котормолорубуз өзүнчө 4 этаптан өткөндөн кийин басылат.
1- Рисале-и Нурду жакшы билген жана эки тилди мыкты өздөштүргөн адистер тарабынан которулушу
2- Мааниге дал келегенин текшерүү үчүн түзүлгөн Корректировка группасынын контроль кылуусу
3- Которулган тилди мыкты билген адистер тарабынан редакция кылуу
4- Котормо группасынын редакция туралуу сунуштарды баалап акыркы вариантты кабыл алуу
Өзгөчө, Устаз Бедиуззаман Саид Нурси негизги чыгармалар болгон “Сөздөр”, “Каттар”, “Лемалар” жана “Шоолалар” жыйнактарындан тандалган кээ бир рисалелерди “Асайы Муса”, “Зулфикар”, “Тылсымдар”, “Сиражуннур” жана “Сиккеи Тасдики Гайыб” атту жыйнактарга топтогон. Ушул себептен котормолорубуз Устаз Бедиуззаман Саид Нурсинин оригинал нускаларда кылган рисалелердин классификациясын эске алуу менен даярдалган. Асылдарына шайкеш кылып коомдун пайдалануусуна сунуштайбыз. Аллах Таала бул котормого ыраазы болуп кабыл кылсын.


