Он Тогузунчу соз
NAVIGATION
20. Page
Демек, Ага жараша турган, үзгүлтүксүз, туруктуу, аягы болбогон, эбегейсиз башка жай бар, башка түбөлүктүү мамлекет бар. Бизди ошол үчүн иштетет, ошол жакка чакырат. Ошол жакка алып кетерине сырткы көрүнүштөн акыйкатка өтүп кеткен жана Анын алдына жакындаган бардык нурдалган рух ээлери, жүрөктөрү жаркыраган авторитеттер, акылдары жарык болгон илим ээлери күбө болуп беришет. Сыйлык жана жаза даярдалганын бир ооздон кабар беришет. Кайталап өтө катуу убада берип жана өтө каардуу коркутуп жатат деп кабарлап жатышат. Убадасынан кайтуу кемсинүү жана пастык. Эч жагынан улуулукка жана куттулукка жакындабайт. Коркутуудан кайтуу же кечиримдүлүктөн же алсыздыктан келет. Бирок капырдык – абсолюттук кылмыш иши[1]. Кечирүүгө татыктуу болоалбайт. Абсолюттук кудретке ээ Аллах болсо алсыздыктан алыс жана кутту. Күбөлөр, кабарчылар болсо профессияларында, мазхабдарында башка башка болсо дагы жеткилең ынтымак менен ушул маселеде бирлешкен. Көпчүлүк жагынан теватур (көпканалдуу) даражасына жеткен, сапат жагынан чогулуш күчүнө жеткен. Статус жагынан ар бири адамзаттын жылдызы, бир топтун көзү, бир улуттун азизи. Маани жагынан ушул маселеде специалист жана орнотуучу болуп эсептелет. Билимде жана өнөрдө эки специалист башкалардын миңдеринен артык көрүнөт. Кабар беридөө эки орноткуч миңдер жок дегендерден жогору бааланат. Мисалы рамазан айынын көрүнгөнүн аныктап кабарлаган эки киши миңдер жок дегендердин тануусуну четке кагат.
Жыйынтыктасак, дүйнөдө мындан туурараак кабар, дурусураак чакырык, айкыныраак акыйкат болоалбайт. Демек, дүйнө шексиз эгин. Махшар болсо кырман жана эгин бастыруу. Бейиш менен тозок болсо кампа.
[1] [Комментарий] Ооба, капырдык жаратылган нерселердин баркыны түшүрүп маңызсыздык менен айыптагыны үчүн бардык ааламга акарат кылган болот. Жана макулуктардын күзгүлөрүндөгү ысымдардын жалтыраганыны тануулаганы үчүн Аллахтын бардык ысымдарыны мазактаган болот. Жана жаратылгандардын Кудайдын жалгыздыгына болгон күбөлүктөрдү кабыл албай койгону үчүн, макулуктарды жалгандыкка чыгарганы үчүн адамдын жөндөмүнү ушундай бузат, ал жакшылыкты жана кайраттуулукту кабыл алганга ийкемдүүлугу калбай калат. Капырдык – бардык макулуктардын жана Аллахдын ысымдарынын укукуну тебелеген өтө чоң заалымдык. Мына ушул коргоо жана капырдын жакшылыкка жөндөмсүздүгү капырдыктын кечирилбестигин зарыл кылат. إِنَّ ٱلشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ аяты ушул маанини түшүндүрөт.
21. Page
[Жыйырма биринчи лема]
[Ихлас жөнүндө]
Он жетинчи леманын он жетинчи нотасынын он жети маселесиндеги төртүнчү маселеси болуп турганда ихлас менен байланышынан улам жыйырманчы леманын экинчи пункту болгон. Жарыктыгы негизинде жыйырма биринчи лема болуп лемалар жыйныгына кирген.
Бул лема эң аз он беш күндө бир жолу окулуп турушу керек.
(بسم الله الرحمن الرحيم ( وَلَا تَنَٰزَعُواْ فَتَفْشَلُواْ وَتَذْهَبَ رِيحُكُمْ
(وَقُومُوا لِلَّهِ قَانِتِينَ) (قَدْ أَفْلَحَ مَنْ زَكَّاهَا وَقَدْ خَابَ مَنْ دَسَّاهَا) (وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلً)
Эй, акырет туугандарым жана эй, Куран кызматындагы досторум! Билесиңер жана билип алгыла! Бул дүйнөдө, өзгөчө акырет кызматтарында эң маанилүү негиз, эң чоң күч, эң кабыл алынган шапаатчы, эң бекем таяныч точкасы, эң кыска акыйкат жолу, эң кабыл болгон маңыздуу дуба, эң кереметтүү максатка жетүүчү себеб, эң жогорку мүнөз, эң таза ибадет – ихлас болот. Эми ихласта айтылып өткөн өзгөчөлүктөрдөй көп нурлар бар экен, көп кубаттар бар экен. Эми ушундай татаал заманда катуу кысым малында коркунучтуу душмандарга каршы бидалардын жана адашуулардын кол салуусунда биз аз, алсыз, кедей жана күчсүз болуп турганда өтө оор, чоң, коомдук жана кутту ыйман милдети жана Куран кызматы ийинибизге Кудайдын белеги катары жүктөлүптүр. Албетте биз болгон күчүбүзду жумшап баарынан көбүрөөк ихластуу болууга мажбур жана милдеттүүбүз. Же болбосо ушул убакытка чейин кылган кутту кызматыбыз жарым-жартылай күйүп кетет, уланбай калат. Биз дагы катуу жоопко тартылабыз. وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلً аятындагы катуу жана коркутуучу Кудайдын тыюларына дуучар болуп түбөлүктүү бакытка зыян берип маанисиз, керексиз, залалдуу, өкүнүчтүү, өзүнү көрсөтмөлүү, оор кээ бир төмөн сезимдер жана кичинкей пайдалар үчүн ихласты сындырып бул кызматтагы жалпы туугандардын акысына, бул Куран кызматынын урматына кол салган болобуз, жана ыйман акыйкаттарын куттулугуна урматсыздык кылган болобуз.
22. Page
Эй, туугандарым! Маанилүү жана чоң жакшы иштердин көп зыяндуу тоскоолдору болот. Шайтандар ал кызматтын кишилери менен абдан алек болушат. Мындай тоскоолдорго жана мындай шайтандарга каршы ихластын күчүнө таянышыбыз зарыл. Ихласты сындыра турган себебтерден жыландан жана чаян тартынгандай тартынгыла.
Хазрат Юсуф (алейхи салам) إِنَّ النَّفْسَ لَأَمَّارَةٌ بِالسُّوءِ إِلَّا مَا رَحِمَ رَبِّي деп жамандыкты буйруп турган написге ишенилбейт. Өзүмчүлдүк жана жамандыкты буйруп турган напис силерди алдап кетпесин. Ихласка ээ болуу, аны сактап калуу жана тоскоолдорду жок кылуу үчүн төмөнкү принциптер силерге жол көрсөткүч болсун.
[Биринчи принцибиңер] Амалыңарда Аллахтын ыраазычылугу болуу зарыл. Эгерде Ал араазы болсо, бардык дүйнө тарынган болсо, мааниси жок. Эгерде Ал кабыл кылса, бүтүн эл сенден баш тартса, тасири жок. Ал кабыл алгандан жана ыраазы болгондон соң, Ал каалап хикмети талап кылып калса, силер сурабасаңар деле, элге кабыл алдырып коет, аларды да ыраазы кылып коет. Ошол үчүн бул кызматта түздөн түз Улуу Кудайдын ыраазычылыгы негизги максат болушу керек.
23. Page
[Экинчи принцибиңер] Бул Куран кызматында болгон туугандарды сынга албоо жана аларды үстүнөн пазилет сатуу аркылуу алардын суктануу сезимдерин козгобоо. Себеби кишинин бир колу берки колуну көзөмөлдөбөйт, бир көзү берки көзүнү сындабайт, тили кулагына доо койбойт, жүрөк рухтун уятын көрбөйт. Балким бири биринин кемчиликтерин толуктайт, жетишпестиктерин жаап коет, мухтаждыктары үчүн жардам берет, вазийпасыны колдоп берет. Андай болбосо,ал кишинин денесинде жашоо өчөт, руху качат, денеси де бүлүнүп кетет. Анан бир заводдун тиштүү дөңгөлөктөрү бири бири менен тартышпайт, бири биринин алдынан өтүп бийлигин жүргүзбөйт, бири бирин кемчиликтерин көрүп сындап эмгек мотивациясын сындырып чарчатпайт. Балким бардык жөндөмдөрү менен бири бирин аракетини жалпы максатка буруш үчүн жардам беришет. Чыныгы тилектештик жана ынтымак менен жаратылган максатка барышат. Эгерде кыпындай кол салуу же бийлөө кийгилишсе, ошол заводду баш аламан кылат. Натыйжасыз жана өнүмсүз кылып таштап коет. Заводдун ээси дагы ошол заводду талкалап таркатып жиберет.
Мына, эй Рисале-и Нур шакирттери жана Куран кызматкерлери! Силер мене биз, ушундай жеткилең инсан деген атка ылайык руханий жаактын мүчөлөрүбүз. Түбөлүктүү жашоодогу түбөлүктүү бакытты натыйжа берген заводдун тиштүү дөнгөлөктөрү сыяктуубуз. Саламат жээги болгон саламат жерине Мухаммед ﷺ үммөтүнү алып бараткан раббани кемеде иштеген кызматчыбыз. Төрт бирдиктен бир миң жүз он бир (1111) руханий күч камсыз кылган ихлас сырына ээ болуп чыныгы тилектештик жана биримдикке мухтажбыз жана милдеттүүбүз.
Ооба, үч алиф бирикпесе баркы үч эле болот. Эгерде сан сыры менен биригишсе кадыр-баркы жүз он бир болот. Төрт жолу төрт өзүнчө болсо баркы он алты болот. Эгерде бордоштук сыры, максатты бириктирүү жана вазийпа ынтымагы менен дал келип бир сызык үстүндө ийин ийинге берип турушса, анда кубаты жана кадыр-баркы төрт миң төрт жүз кырк төрт болгондой эле, чыныгы ихлас сыры менен он алты кайраттуу туугандардын кадыр-баркы жана руханий кубаты төрт миңден ашканына тарых абдан көп окуялар менен күбө болуп берет. Бул сырдын сыры мындай: Чыныгы жана ак ниет ынтымактагы ар бири башка туугандарынын көзү менен дагы карай алат, кулактары менен уга алат. Он чыныгы бириккен адамдардын ар бири жыйырма көз карагансып, он акыл менен ойлогонсуп, жыйырма кулак менен уккансып, жыйырма кол менен иштегенсип руханий кадыр баркка жана кубатка ээ болот[1].
[1] [Комментарий] Ооба, ихластын сыры менен чын жүрөк тилектештик жана биримдик чексиз пайдага себеб болгондой эле, коркуларга, жада калса өлүмгө дагы маанилүү калкан жана таяныч пункту болот. Себеби, өлүм келсе бир рухту эле алат. Чыныгы боордоштук сыры менен Аллах ыраазычылыгы жолунда акиретке карашту иштерде туугандарынын санына жараша рухтары болгону үчүн бирөө өлсө, башка рухтарымдын жаны сак жүрүшөт. Анткени ал рухтар ар убакытта соопторду мага алып руханий жашоомду улантканы үчүн “Мен өлгөн жокмун” деп өлумдү күлүп тосуп алат. “Ал рухтарым аркылуу сооп жагынан жашап жатам. Күнөө жагынан өлүп жатамын” деп тынч жатат.
24. Page
[Үчүнчү принцибиңер] Бардык күчүңөрдү ихласта жана адилетте билишиңер зарыл. Ооба, күч адилетте жана ихласта. Адилетсиз кишилердин да кубаты ошол адилетсиздик ичинде көрсөтүлгөн ихлас жана чын жүрөктөн болгонунан күчтөнүп жатышат. Ооба, кубат адилетте жана ихласта болгонуна далил ушул кызматыбыз. Бул кызматыбызда болгон ихлас бул чыкырыгыбызды аныктайт. Өзүнө өзү далил болот. Анткени, жыйырма жылдан ашык өзүмдун жеримде жана Стамбулда кылган илимий жана диний кызматка караганда бул жерде силер менен жети-сегиз жылда жүз эсе көп кылынды. Өзүмдүн жеримде жана Стамбулда бул жакта мен менен эмгектенген туугандарымдан жүз, балким, миң эсе көп жардамчыларым бар болуп турганда бул жакта мен жалгыз, эч кими жок, бөтөн, чала сабат болуп, таш боор кызматкерлердин кароосу жана кысымы астында жети-сегиз жылда силер менен кылган кызматта мурунку кызматымдан жүз эсе көп ийгилик көрсөткөн руханий кубат силердеги ихластан келгенине эч кандай шегим калбай калды. Моюнга да алайын, силер ак ниет ихласыңар менен мени атак-даңк жана ардак пардасын жамынып напсимди сылаган рийадан куткардыңар. Иншааллах, толук ихласка жетишесиңер. Мени дагы толук ихласка киргизесиңер.
Билесиңер, хазрат Али (Аллах андан ыраазы болсун) укмуш керемети менен жана хазрат Гавс Азам ажайып кайып кереметтери менен силерге бул ихластын сырына карап кол кабыш кылып жатышат. Силерди колдоп, соротуп кызматтарыңарга кол чаап жатышат.
Ооба, эч күмөн санабагыла, алардын мындай көнүл бурганы ихласыңарга карап келип жатат. Эгерде атайлап ихласты сындарсаңар, анда алардан шапалак жейсиңер. Онунчу лемадагы мээрим шапалактарын элестетип койгула. Ушудай руханий каармандарды аркаңарда колдочу, башыңарда устаз көргүңөр келсе, وَيُؤْثِرُونَ عَلَىٰ أَنفُسِهِمْ сыры менен толук ихласка жеткиле. Туугандарыңыздын напистерин напсиңерге ардакта, макамда, көңүл бурууда, жада калса, материалдык пайда сыяктуу написке жаккан нерселерде жогоруу балагыла. Жада калса эң жагымдуу жана сонун бир ыйман акыйкатын муктаж момун-мусулманга билдирүү – таза жана зыянсыз пайда болот, мүмкүн болсо, напсиңерде эгоизм сезими ойгонбосу үчүн сиз каалабаган бир достко жасатуу силерге жаксын. Эгер соопту мен алайын, бул сонун маселени мен айтайын десеңер, чынында анда күнөө жок жана зыян жок, бирок араңардагы ихлас сырына залакасы тийип калышы мүмкүн.
25. Page
[Төртүнчү принцибиңер] Туугандардын артыкчылыктарыны жана пазилеттерини өзүңөрдө элестетип алардын кадыр баркы менен ардактануу. Сопуларда “фена фиш-шейх, фена фир-расул” (шейхте жок болуу, пайгамбарда жок болуу) деген түшүнүк бар. Мен сопу эмесмин. Бирок алардын бул принциби биздин жолдо “фена фил-ихван” (туугандарда жок болуу) катары сонун принцип болуп эсептелет. Туугандар арасында буга тефани деп коюшат, б.а бири биринде жоголуу. Аныктап айтканда, өзүнүн напис сезимдерин унутуп туугандарынын артыкчылыктары жана сезимдери менен элестетип жашоо. Жалпысынан, биздин жолдун негизи өзү боордоштук. Ата менен бала, шейх менен мюрид арасындагы мамиле эмес. Балким чыныгы боордоштук мамилелери болот. Дагы устаттык мамилеси кирип калышы мүмкүн. Жолубуз боордоштук болгонунан багытыбыз тууганчылак. Тууганчылык деген бул эң жакын дос, эң кыйышпас жана эң сонун кадыр-баркты билген жолдош жана берешен тууган болууну керектүү кылат. Мындай тууганчылыктын негиздеринин негизи чын дили менен болгон ихлас болуп эсептелет. Чын дили менен болгон ихласты бузган адам ошол тууганчылыктын эң бийик мунарасынын чокусунан кулап түшөт. Өтө терең бир чуңкурга түшүп калышы мүмкүн. Ортосунда кармана турган эчтеке тааба албайт.
Ооба, эки жол көрүнүп турат. Чоң Кураний проспект болгон ушул жолубузду азыр таштагандар бизге душман болгон динсиз күчтөргө билбей жардам берип алышы ыктымал. Иншааллах, Рисале-и Нур жолу менен укмуш баяндалган Курандын кутту чөйрөсүнө киргендер дайма нурга, ихласка жана ыйманга күч берип турушат. Жанагындай чукурларга түшпөйт.
Эй, Куран кызматындагы жолдошторум! Ихласка жетүүнүн жана аны коргоп калуунун эң таасирдүү себебтеринден бири – рабыта-и мевт болот, б.а. өлүмгө байлануу болот.
Ооба, узак умтулуулар ихласты бузгуп эки жүздүүлүккө түрткөндөй эле, рабыта-и мевт дагы эки жүздүүлүктөн жийиркентип ихластуу кылап коет. Башка айтканда, өлүмдү ойлой берип дүйнөнүн өтмө болгону жөнүндө ой жүгүртүп напистин тузактарынан кутулуу. Ооба, тарикат ээлери жана акыйкат ээлери данышман Курандын
كُلُّ نَفْسٍۢ ذَآئِقَةُ ٱلْمَوْتِ) (إِنَّكَ مَيِّتٌ وَإِنَّهُم مَّيِّتُونَ)) сыяктуу аяттарынан алган сабактар менен рабыта-и мевтти өздөрүнүн жолдорунда негиз катары карманышкан.
Дүйнө иштерине болгон узак умтулуулардын негизи болгон түбөлүктүү жашоо элестетүүсү ошол рабыта менен токтойт. Алар кыялданып өздөрүнү өлдү деп элестетип, жуунтуп мүрзөгө коюп жатышат деп божомолдоп ойго батуу натыйжасында жаман напис ушундай кыялдануу жана көз алдына келтирүүдөн тасирленип узак умтулуулардан кандайдыр бир деңгээлде баш тартып калат.
26. Page
Мындай рабытанын пайдалары абдан көп. Хадисте أكثروا ذكر هادم اللَّذات, мааниси: “Жыргалдыктарды талкалап ачуу кылган өлүмдү көп эстегиле” деп айтылып ушул рабытаны сабак берип жатат. Бирок биздин жолубуз тарикат болбогонунан, балким акыйкат болгону үчүн бул рабытаны тарикат ээлерине окшоп божомол жана кыял менен жасоого мажбур эмеспиз.
Бул биздин акыйкат жолубузга дал келбейт. Балким аягыны ойлоп келечекти азыркы учурга алып келүү эмес, балким акыйкат жагынан алганда азыркы замандан келечекке ой менен баруу жана назар менен кароо. Ооба, эч кандай кыял же божомол кылганга кереги жок, бул кыска өмүр дарагынын башындагы жалгыз мөмө болгон өзүнүн жаназасынан карай алат. Ошо менен өзүнүн өлгөнүн көргөндөй эле, кичине дагы нары барса, кылымдын өлгөнүн көрөт. Дагы да нарагыраак барса, дүйнөнүн өлгөнун байкайт. Толук ихласка жол ачылат.
[Экинчи себеб] Чыныгы ыймандын күчү менен жана Жаратканды билүүнү натыйжа берген жаратылгандардагы ыйман ой жүгүртүүлөрдөн келген жарыктыктар менен кандайдыр даима Аллахдын алдында тууру сезим ойгонуп, Мээримдуу Жараткандын даяр жана карап турганын ойлонуп, Андан башкасын көңүл бурбай, Ал турганда башкаларга карап башкалардан жардам суроо адепке тескери болгонун ойлоп эки жүздүүлүктөн кутулуп ихласка жетишет. Эмнеси болсо дагы, мында көп даража жана денгээлдер бар. Ар ким өзүнүн үлүшүнө жараша канча көп пайдаланса, ошончо жакшы болот. Рисале-и Нурда эки жүздүүлүктөн куткара турган, ихласка ээ боло турган көп акыйкат айтылып кеткенинен аларга шилтеме берип бул жерде кыска эле айтып кеттик.
Ихласты сындырган жана эки жүздүүлүккө түрткөн өтө көп [себебтерден экөө-үчөөнү] кыскача баяндап кетели.
[Биринчиси] Материалдык пайда жактан келген конкуренция акырын акырын ихласты сындырат. Кызматтын жыйынтыгын бузат. Ошол материалдык пайданы дагы качырып жиберет. Ооба, акыйкат жана акирет үчүн аракеттенип жүргөндөргө бул эл дайыма урмат жана сый-жардам берүү ою болгон. Практикада алардын ихластыгын чынчылдыгына жана чын дили менен болгон кызматтарына бир жактан кошулуп калайын деген ниет менен алардын материальный зарылчылыктарын камсыздоо менен алектенип убакыттарын текке жоготпосу үчүн садака жана белек сыяктуу нерселер менен жардам берип урмат көрсөтүп келишкен. Бирок мындай жардам жана пайдалар суралбайт, балким берилет. Жүрөк менен каалап үмүттөнүп абал тили менен дагы суралбайт. Балким күтүлбөгөн учурда берилет. Же болбосо ихлас бузулат. Анан дагы
وَلَا تَشْتَرُوا بِآيَاتِي ثَمَنًا قَلِيلً аяттында айтыдган тыюга жанашат. Амалы жарым-жартылай күйүп кетет.
27. Page
Мына ушул материалдык пайданы каалап үмүттөнүү жамандыкты буюрган напсинин өзүмчүлдүгү жагынан ошол пайданы башка бирөөгө алдырбаш үчүн чыныгы тууганына жана ошол кызматтагы досуна каршы конкуренция сезимин ойгондурат, ихласы бузулат, кызматы дагы куттулугуну жоготуп коет. Акыйкат ээлерин назарында жадатма акыбалында болуп калат. Ошол материалдык пайданы да жоготуп коет. Эмнеси болсо дагы, бул сөз көпкө созулчудай. Кыскача эле карап, чыныгы туугандарымдын ичинде ихлас сырыны жана чын дили менен болгон ынтымакты кубаттайтурган [эки мисал] айта кетейин.
[Биринчиси] Дүйнөгө умтулгандар чоң мүлккө жана зор кубатка ээ болуш үчүн, ал турсун, кээ бир саясатчылар, коомдук жашоодогу маанилүү активисттер жана комитеттер дагы, капиталдын шериктешүүсү принцибини өздөрүнө жол көрсөтүч кылып алышыптыр. Бардык жаманга колдонуу жана зыяндары менен чогу укмуш кубатка жана пайдага ээ болуп жатышат. Бирок капиталдын шериктешүүсүнүн көп зыяндары менен шериктешүүнүн маңыз алмашпайт. Ар бирөөсү бардыгына бир жагынан көзөмөл кылып турат жана ээ болот, бирок пайдалана албайт.
Эмнеси болсо дагы, бул капиталдын шериктешүүсү принциби акырет амалдарына кирсе, зыянсыз чоң пайдага алып келет. Себеби бардык капиталдар шириктеш болгон ар бир мүчөсүнө толугу менен өтүп кетүү сырыны камтыйт. Себеби, төрт-беш адам шериктешүү ниети менен бирөөсү майды, бирөөсү биликти, бирөөсү лампаны, бирөөсү шишени, бирөөсү ширенкени алып келип чыракты жагат. Ар бирөөсү толук бир чыракка ээ болот. Шериктешип кошулгандардын ар бирөөсүнүн дубалында чоң күскүсү болсо, ар бирөөгө кемчиликсиз бөлүнбөгөн бирден чырак бөлмө менен чогу күзгүсүнө кирет. Нак ушул сыяктуу эле акырет капиталдарында ихлас сыры менен шериктешүү, боордоштук сыры менен тилектештик, биригүү сыры менен чогу иштөө, ошол амалдардын шериктешүүсүнөн чыккан жалпы сумма жана жалпы нур ар бирөөнүн амал дептерине толугу менен кирерине акыйкат ээлерин арасында көрүнүш жана болгон окуя. Кудайдын мээриминин жана берешендигинин талабы.
Мына, эй, туугандарым! Силерди иншааллах материалдык пайда конкуренцияга түртпөйт. Бирок акырет пайдасы жагынан кээ бир тарикатчылар алдангандай силер дагы алдананып калышыңар мүмкүн. Бирок жеке, майда сооп кайда? Өйдөдө айтылган мисалдагы амалдардын шериктешүүсү жагынан чыккан сооп менен нур кайда?
28. Page
[Экинчи мисал] Өнөрпоздор өнөрүндөн көбүраак киреше алыш үчүн өнөрлөрүнүн шериктешүүсү ыкмасы менен маанилүү мүлккө ээ болушат. Ийне жасаган он адам ар бири өзүнчө ийне жасашыптыр. Ошол жеке иштөө жыйынтыгында бир күндө үч эле ийне ошол жеке мээнетини мөмөсү болгон экен. Анан кийин чогу иштөө принциби менен он адам бириккен экен. Бирөө темир алып келет, бирөө очок жагат, бирөө тешик ачат, бирөө очокко салат, бирөө учуну учтайт ж.у.с. Ар бирөөсү ийне жасоо ишинде кичинекей иш менен эле алек болуп жасаган кызматы жөнөкөй болгонунан убакыт жоготпой ошол кызматка машыгып өтө ылдамдык менен иштеген экен. Анан ошол чогуу иштешүү жана амалдарды бөлүштүрүү принциби менен болгон эмгектин мөмөлөрүнү бөлүшкөн экен. Ар бирөөнө бир күндө үч ийненин ордуна үч жүз ийне түшкөн экен. Бул окуя дүйнөгө умтулган өнөр жай ээлери арасында аларды чогуу иштешүүгө тарттуу үчүн абдан тарап кеткен.
Мына, эй, туугандарым! Эгерде дүйнө иштеринде тыгыз заттарда ушундай биримдик жана ынтымак менен алынган натыйжалар ушундай эбегейсиз суммаларды пайды кылып берген болсо, анда акырет жана нурдуу, майдаланып бөлүнбөгөн, Аллахтын пазилети менен ар биринин күзгүсүнө толугу өткөн жана ар бири жалпынын алган соопко жеткени канчалык эбегейсиз пайда болгонун салыштырып көргүлө. Ушундай эбегейсиз пайда конкуренция менен жана ихлассыздык менен качырылбайт.


