Ыймандын Алтынчы Далили

10. Page

[Төртүнчү сөз] له الملك мааниси мүлк толугу менен Аныкы. Сен Анын мүлкүсүң жана мамлүкүсүң. Анан Анын мүлкүндө иштеп жүрөсүң. Ушул сөз ушундай шыфаалы сүйүнчү берип айтат: “Эй, инсан! Сен өзүңдү өзүңө ээмин деп ойлобо. Сен өзүңдү башкара албайсың. Ал жүк оор. Өзүңдүн башыңды сактай албайсың. Балээлерден сактанып, зарылдыктарыңды таба албайсың. Анда эмесе курулай кыйналып азап тартпай эле кой. Мүлк башканыкы. Ал мүлктүн ээси болсо кудретүү жана мээримдүү зат. Анын кудуретине таян, ырайымын айыптаба. Кайгыланбай, ырахаттан. Түйшүктү таштап, шайырлыкты тап.

Минтип дагы айтат: Сен маани берип жакшы көргөн, катнашың болгон жана чачкындуулугуңдан жапа чеккен ушул аалам кудуреттүү жана мээримдүү бир Заттын мүлкү болот. Мүлктү ээсине тапшыр. Ага таштап кой. Түйшүгүнү эмес, шайырлыгын тарт. Ал – даанышман жана мээримдүү. Ал мүлкүн Өзү каалагандай колдонуп айлантат. Оор кырдаалга кабылганда, Ибрахим Хаккыдай болуп айткын: Көрөлү Кудай эмне кылат, Ал эмне кылса, сонун кылат. Терезеден карап тура бер, бирок, ичине кирбе.


11. Page

[Бешинчи сөз] له الحمد  мааниси даңк менен мактоо, кадыр-барк Ага таандык, Ага ылайык. Демек ниметтер Аныкы. Анын казынансынан чыгат. Казынасы болсо үзгүлтүксүз. Мына ушул сөз мындай сүйүнчү берип айтат: “Эй, инсан! Ниметтер түгөнүп калат деп капаланба. Себеби, Аллахтын рахмат казынасы түгөнбөйт. Жыргалдыктын аягыны ойлоп, кыйналып кыйкырба. Себеби ал нимет мөмөсү – түгөнбөс рахматтын жемиши. Дарагы түбөлүктүү. Мөмөсү кетсе дагы, ордуна келгени бар. Ошол даамдан жүз эсе даамдуу болгон рахматтын көңүл буруусуну ойлонуп даамын бирден жүз эсеге көбөйтө аласың.

Даңазалуу падышанын сага белек катары берген алмада, жүз балким миң алманын даамындан көбүрөөк көңүл буруу жыргалдыгы бар экенин сездирип бергендей эле, له الحمد сөзү менен дагы б.а. даңктоо жана шүгүр менен, тактап айтканда ниметтен нимет бергенди сездирүү менен, аныгында нимет берген Затты таануу жана нимет берүү процессин ойлонуу менен, б.а. Анын мээриминин көңүл бургандыгынын жана боорукерлигинин көрсөткөнүн ойлоп, ниметтен миң эсе даамдуу руханий жыргалчылыктын эшигин сага ачат.


12. Page

[Алтынчы сөз] يحيي мааниси – жашоону берген Ал. Жашоону ырыскы менен уланткан да Ал. Жашоонун зарылчылыгын ырастап койгон дагы Ал. Жашоонун бийик максаттары Ага карайт. Маанилүү натыйжалары Ага таандык. Мөмөсүнүн жүздөн токсон тогузу Аныкы. Мына ушул сөз өтмө жана алсыз кишиге кайрылып сүйүнчү айтат:

-Эй, инсан! Жашоонун оор жүгүн ийниңе алып түйшүк тартпа. Жашоонун өтмөлүгүн ойлонуп кабатыр болбо. Бир гана дүйнөнүн маанисиз жемиштерин көрүп дүйнөгө келгениңе өкүнбө. Балким сениң ушул дене кемесиндеги жашоо машинеси Хай Каюмга (Жашоо Берген жана Ааламды кармап турган Аллахга) таандык. Чыгым зарылчылыктарын Ал камсыздайт. Ошол жашоонун абдан көп максат натыйжалары бар. Алар Ага таандык. Сен Анын кемесинде болгону эле рулду айландырган жоокерсиң. Милдетиңди жакшы аткар, айлыгыңды ал, ырахатыңа карагын. Ал жашоо кемеси канчалык нарктуу болгонун жана канчалык пайда бергенин, анан ошол кеменин ээси болгон заттын канчалык берешен жана ырайымдуу болгонун ойлон, кубан, шүгүр кылып түшүн. Эгерде сен милдетиңди туура аткарсаң ошол кеменин берген бардык натыйжалары бир жактан да сенин амал дептериңе сооп катары жазылып калат. Сага түбөлүктүү жашоону камсыз кылат, түбөлүктүү кылып сени жандантып коет.