Ыймандын Онунчу Далили
NAVIGATION
4. Page
Ооба, мисалы; бир бейтааныш адам келип шаардын элдерин мажбурлап бир жерге жыйнап жана аларды мажбур менен иштетсе.Эч күмөнсүз байкап көрсөн ал адам өз аты, өзкүч-кубаты аркылуу мындай аракет кылбаганын билесиң. Балким ал жөнөкөй бир аскердир мамилекет атынан аракет кылып, бир падышанын күч-кубатына таянгандыгы белгилүү. Дал ушул өңдүү баардык нерсе Аллах Таааланын аты менен аракет кылат. Ушул сыяктуу эле зерре өңдүү майда уруктар үстүлөрүндө чоң дарактарды ташып тоо сыяктуу жүктөрдү көтөрүп турат. Демек, ар бир дарак بسم الله дейт. Рахмат казыналарынын жемиштеринен колдоруна толтуруп, бизге сунушат. Ар бир бакча بسم الله деп Кудурет ашканасынан бир казан болгон, түрдүү түркүн көптөгөн даамдуу тамактарды биргеликте бышырып турат. Ар бир уй, төө, кой жана эчки сыяктуу маарек жандыктар بسم الله дейт. Рахматтын береке булагынан бир сүттүтүгү пайда болуп, бизге Раззак (Аллах Тааланын Ырыскы берүүчү аты) аты аркылуу эң латиф, эң жагымдуу жана эң назиф, эң таза, абы хайат (тиричилик) суусундук, тойумдугун тартуулайт. Ар бир өсүмдөктөр, дарактар жана чөптөрдүн жибек сымал жумшак түптөрү жана тамырлары بسم الله деп, катуу болгон таш-топуракты тешип өтөт жана Аллахтын атына, Рахмандын атына деп, баардык нерсе аларга моюн сунуп, таазим кылат. Ооба, жер үстүндөгү дарактардын таралуусу, жайылуусу жана жемиш берүүсү сыяктуу эле, тамырлардын да катуу болгон таш менен топурактын астында оңой гана таралгандыгы жана жемиш берүүсү, ошондой эле назик, жашыл жалбырактардын күндү наптаптуу ысыгына карабастан жаш боюдон калуусу табиюндун (натуралистер) оозуна катуу сокку бергендей болот. Сокур болгон көзүнө бармагын согот да, мындай дейт; Эң ишенген катуулук жана ысыктыкдагы Жаратуучунун буйругу менен аракет кылат. Ал эми жибек сымал жумшак тамырлар болсо Мусанын (а.с) асасы сыяктуу بسم الله буйругуна моюн сунуп таштарды жарып салат. Жанагы тамеки кагазы өңдөнгөн назик, жука жалбырактар дагы Ибрагимдин (а.с) денеси сыяктуу алоолоп күйгөн оттогу ысыктыка каршы بسم الله аятын окуйт. Эгерде баардык нерсе руханий түрдө بسم الله дей турган болсо, анда ал нерселердин Аллахтын нииметтерин Аллахтын аты менен бизге тартуулап жаткандыгын билүү менен бирге биздагы بسم الله дешибиз керек жана Аллах атына берип, Аллах атына алып, ошондой эле Аллах аты менен бербеген аңкоо инсандардан болбошубуз керек.
5. Page
Суроо; Сатуучу деп саналган кишилерге бир акы төлөйбүз. А бирок ааламдагы бардык мал-мүлктүн чыныгы ээси болгон Аллах Таала бизге берген ырыскысы үчүн кандай акы берүүбүздү каалайт?
Жооп; Ооба, Мүними Хакики (чыныгы нииметтерди берүүчү) бул кымбат нииметтеринин акысы үчүн бизден үч нерсе каалайт. Бири-зикир, экинчиси-шүкүр ал эми үчүнчүсү болсо-пикир. Эң башындагы بسم الله зикир, аягындагы الحمد لله «Элхамдулиллах» шүкүр. Ал эми ортодогу, чеберчиликтин туу-чокусунда болгон бул кымбаттуу нииметер Эхад, Самедтин укмуш кудрети жана рахметинин бизге берген сыйлыгы болгондугун ойлоо жана түшүнүү – пикир болуп эсептелет. Бир падышанын кымбат белегин сага алып келген, бечараа дамдын бутун өбүү, аны сыйлоо, бирок белектин ээси болгон падышаны тааныбоо канчалык даражада акмактык болсо, ал эми сыртынан караганда чыныгы ниимет берүүчүдөй көрүнгөндөрдү мактап жана сүйүү андан дагы Мүними Xакикини унутуу андан миң эсе акмакчылык.
Эй напис! Мындай акмак болбоону кааласаң, Аллах наамына бер, Аллах наамына ал,Аллах наамына башта, Аллах наамына иште. Вессалам.
6. Page
[Ыймандын онунчу далили]
Жыйырма биринчи каттын биринчи макамы
باسمه و إن من شيء إلا يسبح بحمده
بسم الله الرحمن الرحيم و به نستعين
لا اله الله وحده لا شريك له له الملك وله الحمد يحيي و يميت و هو حيّ لا يموت بيده الخير وهو على كل شيء قدير و إليه المصير
Багымдат жана шам намаздарынан кийин кайталоосу өтө пазилеттүү болгон жана бир сахих рибаятта ысми азам даражасын камтыган ушул таухид сүйлөмүндө он бир жамдаш сөз бар. Ар бир сөзүндө бирден сүйүнчү жана сонун кабар, бирден камкордуулук, таухидинин даражасы, ысми азам жагынан алганда да улуу вахдет менен жеткилең вахданият бар. Мындай бийик жана улуу акыйкаттардын түшүндүрмөсүнүн башка сөздөргө өткөрүп, бир убада негизинде азырынча жыйынтыктоочу [эки макам] жана [бир кириш сөз] менен тизмектеп кетели.
7. Page
[Кириш сөз] О, инсан! Бекем билгин!!! Жаратылыштын эң бийик максаты жана табияттын эң улуу натыйжасы – ыйманы биллях болот, б.а. Аллахка ишенүү болот. Адамзаттын эң жогорку даражасы жана инсанияттын эң чоң макамы болсо ошол ыйманы биллях ичиндеги марифетуллах болот, б.а. Аллахты таанып билүү. Жин менен инсан үчүн эң жаркыраган бакыт жана эң таттуу нимет ошол марифетуллах ичиндеги мухаббетуллах болот, б.а. Аллахга болгон махабат. Адамдын руху үчүн эң таза кубаныч жана инсандын жүрөгү үчүн эң ак сүйүнүч ошол мухаббетуллах ичиндеги руханий жыргалдык. Ооба, бардык чыныгы бакыт, таза кубаныч, таттуу нимет жана чыныгы жыргалдык, албетте, марифетуллах менен мухаббетуллахда. Алар ансыз боло албайт. Улуу Кудайды таанып сүйгөн киши чексиз бакытка, ниметке, нурларга, сырларга сезим менен же иш жүзүндө бөлөнгөн болот. Аны чындап тааныбаган, сүйбөгөн киши чексиз азапка, балээге жана күмөнгө дуушар болот. Ооба, ушул башаламан дүйнөдө ээнбаш адамзатта мөмөсүз жашоодо ээси жана коргоочусу жок алсыз бечара инсан дүйнөнүн султаны дагы болсо эмне болмок эле? Мына, бул ээнбаш адамзатта бул башаламан өтмө дүйнөдө эгерде инсан өзүнүн эгесини тааныбаса, эгени таппаса, канчалык бечара жана адашканын баары эле түшүнөт. Эгерде эгесин тапса, эгесин тааныса, анда, Анын ырайымына баш калкалайт, Анын кудретине таянат. Ушул жапайы дүйнө сайрандоо жайына айланат, соода жери болуп калат.
8. Page
[Биринчи макам]
Ушул таухид сүйлөмүнүн он бир сөзүнүн ар биринде бирден сүйүнчү бар. Ошол сүйүнчүдө бирден шыфаа, ал эми ошол шыфаада бирден рухий жыргалдык болот.
[Биринчи сөз] لا اله الله да мындай бир сүйүнчү бар. Чексиз мухтаждыктары болгон жана сансыз душмандардын чабуулууна дуушар болгон инсан руху ушул сөздө ушундай жардам алуу точкасын табат, ошо менен бардык мухтаждыктарын камсыздай турган ырайым казынасын эшигин ачат. Жана ушундай таяныч точкасын табат, ошо менен бардык душмандардын жамандыгынан коопсуз кыла турган абсолюттук кудретке ээ болгон өзүнүн жараткан жана сыйына турган Затты билгизип тааныттырып коет. Эгесин көрсөтөт. Эгенин ким экенин көргөзөт.
[Экинчи сөз] وحده Ушул сөздө шыфаа менен бакыт берүүчү сүйүнчү бар. Ааламдын көпчүлүк түрү менен мамилеси болгон жана ушундай мамиле менен баш аламан жана дүрбөлөң кырдаалдарда муунуп калайын деген адамдын руху менен инсандын жүрөгү وحده сөзүндө сыйынт жана куткаруучу таап алат, ошону менен аны бардык дүрбөлөң менен баш аламандыктан кутулуп кетет. Башкача айтканда, وحدهн мааниси мындай дейт: “Аллах бир. Башка нерселерге кайрылып өзүңдү чарчатпа. Алардын алдында кемсинүү менен милдеттенбе. Аларга бөйпөңдөп моюн сунба. Алардын артына түшүп кыйналба. Алардан коркуп титиребе. Себеби, ааламдын султаны бирөө эле. Бардык нерсенин ачкычы Анда, бардык нерсенин тизгини Анын колунда. Бардык нерсе Анын буйругу менен чечилет. Аны тапсаң, ар бир талабыңды таптың, чексиз милдеттерден жана коркуулардан кутулдуң.”
9. Page
[Үчүнчү сөз] لا شريك له б.а. Анын кандайча улухиетинде жана салтанатында шериги жок, Аллах бирөө эле, көп болбойт. Ошондой да рубубиятныда, ишмердигинде жана жаратмандыгында да шериги жок. Кээде султан бирөө болот, салтанатында шериги болбойт. Бирок, ишмердигинде кызматкерлери анын шериги болуп эсептелет. Ага ар бирөөнүн кирүүсүнө тоскоол болушат. “Бизге дагы кайрыл”-, деп айтышат. Бирок, эзел-эбед султаны болгон улуу Кудайдын салтанатында шериги болбогондой эле, Ал өзүнүн рубубия ишмердигинде дагы жардамчыларга жана шериктерге муктаж эмес. Анын буйругу менен башкаруусу, күчү менен кубаты болбогондо, эчтеке эч нерсеге кийгилише албайт эле. Ар ким түздөн түз Ага кайрыла алат. Анын шериги жана жардамчысы болбогонунан ошол кайрылуучу адамга: “Болбойт, Ага кире албайсың”-, деп айтышпайт.
Мына ушул сөз адамдын рухуна мындай сүйүнчү берет. Ыйманга ээ болгон адамдын руху тоскоолсуз, кийгилишүүсүз, өзгөртүсүз, жолтоосуз, ар акыбалда, ар каалоосунда, ар жерде, Ал эзел-эбед жана ырайым казыналарынын эгеси, бакыт кенчтердин ээси болгон улуу кудуретүү Кудайдын алдында барып муктаждыктарын сурай алат. Ырайымын таап, кудуретине таянып, нагыз шаттык менен кубанычка жете алат.


