Жыйырма Биринчи Лема
NAVIGATION
13. Page
[Жетинчи сөз] يميت мааниси – өлүмдү берген Ал, б.а. жашоо милдетиңден бошоткон Ал. Өтмө дүйнөдөн орунуңду алмаштырат. Түйшүктүү кызматтан кое берет. Тактап айтканда, өтмө жашоодон сени түбөлүктүү жашоого алат. Мына ушул сөз өлүмдү жин менен адамга мындайча кыйкырат: “Силерге сүйүнчү! Өлүм жок кылуу эмес, жоктук эмес, кыйроо эмес, жоголуп кетүү эмес, өчүп калуу эмес, түбөлүктүү ажырашуу эмес, жоктук эмес, кокустук эмес, жасаганы белгисиз жок кылуу эмес, балким өлүм – Даанышман мээримдүү, Бирөө тарабынан берилген бошотуу жана орун алмаштыруу, түбөлүктүү бакыт жака негизги мекенге жөнөтүү. Токсон тогуз пайыз досторуңдун жыйыны болгон барзах ааламына бир жолугушуу эшиги болот.
[Сегизинчи сөз] و هو حيّ لا يموت мааниси – бүткүл ааламдагы буюмдарда көрүнгөн жана биздин махабатка себеп болгон сонундуктан, мыктылыктан жана жакшылыктан чексиз даража өйдө турган мыктылык, сонундук жана жакшылык Ээсинин, жана бардык сүйүктүүлөр ордуна бир эле сулулуук чагылтуусу жетиштүү болгон өлүмсүз жана сүйүктүү сыйнылган Заттын эзел-эбед түбөлүктүү жашоосу бар. Анын жашоосу өтмө жана бүтүп калуу шектерден алыс жана кемчилик менен жетишсиздиктен таза.
Мына ушул сөз жин менен адамзатка, эстүүлөргө, махабат менен сүйүүнү билгендерге минтип жарыя кылат: “Силерге сүйүнчү! Сүйүктүүлөрүңуз менен ажыроодон пайда болгон жараларды дарылап май сүйкөгөн түбөлүктүү сүйүктүүңүз бар. Ал бар болсо жана түбөлүктүү болсо, башкаларга эмне болсо ошо болсун, кабатыр болбогула. Балким, ошол сүйүктүүлөрдөгү махабатка себеб болгон сонундук, жакшылык, пазилет менен мыктылык Ал түбөлүктүү сүйүктүүнүн түбөлүктүү сулулуугунун көп пардалардан өтүп келген өтө начар көлөкөсүнүн көлөкөсү эле болот. Алардын өтүп кетип калганы силерди ыза кылбасын. Себеби, алар күзгү бир түрү эле болот. Алардын алмашканы сулуулуук жаркылдагынын чагылтып, жаңыртып сулуулаштырып турат. Ал бар, бардык нерсе бар”.
14. Page
[Тогузунчу сөз] بيده الخير мааниси – ар бир жакшылык Анын колунда. Кылган ар бир жакшылыгыңыз Анын дептерине жазылат. Жасаган ар бир салих амалың Анын жанында катталат. Мына ушул сөз адам менен жинге кайрылып сүйүнчү айтат: “Эй, бечаралар! Мүрзөгө көчкөнүңөрдө – Ай-иий, мал-мүлкүбүз кыйрап ишибиз курулай натыйжасыз кетти. Ушул сонун жана кенен дүйнөдөн кетип тар топуракка кирдик – деп айтпагыла. Кыйкырып үмүт үзбөгүлө. Себеби силердин бар нерсеңер сакталып турат. Ар бир амалыңыз жазылган. Кызматыңардын сыйлыгы бере турган, бардык жакшылык колунда болгон жана бардык жакшылыкты жасай ала тураган Улуу Зат силерди Өзүнө тартып жер астында убактылуу кармап турат. Кийин Өз алдына алдырат. Силер кандай бактылуусуңар, кызматыңар менен милдетиңерди бүтүрдүңөр, түйшүк бүттү. Рахатка, рахматке баратасыңар. Кызматтын кыйынчылыгы аяктады, акыңарды алганга баратысыңар.
Ооба, өткөн жаздын амал дептеринин барактары жана кызматынын кутучалары болгон урук менен данектерди сактаган анан экинчи кийинки жазда өтө жаркылдаган образда, балким, тегинен дагы берекелүү кылып сактап жайган Улуу Кудуреттүү Зат албетте силердин дагы жашооңордун натыйжаларын ошентип сактайт, кылган кызматыңарга өтө көп сыйлыктарды берет.
15. Page
[Онунчу сөз] وهو على كل شيء قدير Ал – бир жана жалгыз. Ар нерсеге күчү жетет. Эч нерсе Ага оор эмес. Бир жаз мезгилин жаратуу бир гүлдү жараткандай эле Ага оңой болот. Бейишти жаратуу бир жазды жараткандай Ага рахат. Күн сайын, жыл сайын, кылым сайын кайрадан кайра бар кылган сансыз буюмдар Анын чексиз кудретине чексиз тилдер менен күбө болуп беришет. Мына ушул сөз деле мындай сүйүнчүнү айтат:
-Эй, инсан! Кылган кызматың, жасаган сыйынууларың бекерге кетпейт. Сыйлык жери менен бакыт жайы сен үчүн даярданды. Сениң ушул өтмө дүйнөң ордуна түбөлүктүү бейиш сени күтүп турат. Сен сыйынган жана таныган Улуу Жараткандын убадасына ыйман келтир жана ишен. Ага убадасын аткарбай коюшу мүмкүн эмес. Анын кудретинде эч кандай кемчилик болбойт. Ишине алсыздык кийгилишпейт. Сенин кичинекей бакчаңды жараткандай эле сага бейишти жаратып кое алат, жаратып да койгон, сага убадасын да берген. Убада бергени үчүн сени ичине алат.
Өз көзүбүз менен көрүп жатабыз го, жыл сайын жер бетинде жаныбар менен өсүмдүктөрдүн үч жүз миңден ашык түрлөрүнү жана түркүмдөрүнү кынтыксыз тартип жана баланс менен кынтыксыз ылдамдык жана жеңилдик менен чогултуп жайып коет. Албетте ушундай Улуу кудреттүү Зат убадасын ишке ашырганга күчү жетет. Жыл сайын ушундай абсолюттук кудретке ээ Зат кайрадан тирилүүнүн жана бейиштин көрсөтмө үлгүлөрүн миң деген образда жаратып жаткан болсо. Бардык асмандан түшкөн пармандары менен түбөлүктүү бакытты убадалап бейишти сүйүнчүлөп жатса, бардык ишмердиги жана иштери ак менен акыйкат болсо, чындык менен оор басырыктуу болсо. Чыгармаларынын көрсөтмөсү менен бардык мыктылык Анын чексиз мыктылыгына далил болуп күбө болуп жатса. Демек Анда эч кандай кемчилик жана жетишсиздик жок экен. Убадасынан кайтуу, жалган жана алдатуу эң жаман өзгөчөлүк жана кемчилик болгон болсо. Анда албетте жана албетте Улуу кудреттүү, мыкты даанышман жана сонун мээримдүү Зат убадасын аткарат, түбөлүктүү бакыт эшигин ачат. Адам атаңардын негизги мекени болгон бейишке силерди, эй ыймандуулар, киргизет.
16. Page
[Он биринчи сөз] و إليه المصير мааниси: Соода жана кызмат кылыш үчүн маанилүү миссия менен бул сынак жери болгон дүйнөгө келген инсандар соодаларын жасап милдеттерин бүтүрүп кызматтарын аткаркандан кийин кайра ошолорду жөнөткөн Улуу Жаратканына кайтышат, жоомарт Эгени менен жолугушат, б.а. бул өтмө жерден кетип түбөлүктүү жайда Анын улуулугун кабыл алуу сыймыгына ээ болот. Тактап айтканда, себебтердин дүрбөлөңундөн, каражаттардын караңгы пардаларындан кутулуп ырайымдуу Рабби менен түбөлүктүү салтанатынын борборунда пардасыз жолугушат. Түздөн түз ар ким өзүнүн Жаратканын, Раббисин, Сыйынганын, Сейидин жана Маликин ким экенин билет жана таабып алат.
Мына ушул сөз бардык сүйүнчүлөрдөн ашып мындай сүйүнчү берип айтат: “Эй, инсан! Билесиңби, каякка баратасың, каякка жөнөтүлүп жатасың? Отуз экинчи сөздүн аягында айтылгандай эле, дүйнөнүң миң жылдык бактылуу жашоосу бир сааттык жашоосуна тете келбеген бейиш жашоосуна, анан ошол бейиш жашоосунун да миң жылы бир сааттык Анын жамалына карагаңга тете келбеген Улуу Жемил Аллахдын ырайым чөйрөсүнө жана Анын алдындагы даражага баратасың. Сен суктанган, куштар болгон жана жакшы көргөн метафоралык сүйүктүлөрдөгү жана дүйнөдөгү бардык буюмдардагы сонундук жана сулуулук Анын жамалынын жылтыроосунун жана сонун аттарырын көлөкөсү, бардык бейиш бардык сонундугу менен Анын ырайымынан бир жылтыроосу, бардык каалоолор, махабаттар, тартуулар Анын махабатынын бир эле жаркырагы болгон бүтбөс сыйынылган жана эч аягы болбогон сүйүктүү Заттын алдына баратасыңар. Түбөлүктүү той болгон бейишке чакырылып жатасыңар. Анда эмесе мүрзөнун эшигинден ыйлап эмес, күлүп киргиле”.
Дагы ушул сөз мындай сүйүнчү берип айтат: “Эй, инсан! Кыйроого, жоктукка, эчтикке, караңгылыкка, унутулганга, ирип-чиригенге, көптүктө кууроого кеткениңди элестетип ойлонбогула. Силер кыйроого эмес түбөлүккө баратасыңар. Жоктукка эмес, ар дайым бар болууга жөнөтүлүп жатасыңар. Караңгылыкка эмес, нурдуу ааламга кирип жатасыңар. Чыныгы Эген жана Малик тарабына баратасыңар. Эзелий Султандын тагынын астына кайтып жатасыңар. Көптүктө куурого эмес, бирдик чөйрөсүндө дем аласыңар. Ажырашуу эмес, жолугушуу багытында турасыңар.
Саид Нурси
17. Page
[Ыймандын алтынчы далили]
[Онунчу сөздүн тогузунчу акыйкаты]
[Жашатуу жана өлтүрүү эшиги] туралуу... Аллахтын Хай менен Каюм жана Мухий менен Мумит ысымдарынын жылтыроосу жөнүндө... Өзү эч мүмкүн бекен, килейген өлүк жана кургак жерге жашоо берип, ошол жашоо менен ар бири адамзаттын түрилтүүсү сыяктуу таң калтырган, үч жүз миңден ашкан макулук түрлөрүнү чогултуп жайып Өзунүн кудретини көрсөткөн, жана ошол чогултуп жайууда чексиз даражада башаламан жана аралашкандыктын ичинде аларды ажыратып таңдоо менен Өзүнун илмини бардык жакты каптаганын көрсөткөн, жана бардык асмандан түшкөн указдар менен адамзатка өлгөндөн кийин тирилтерин убада берип бардык пенделерин назарларыны түбөлүктүү бакытка бурдурган, жана бардык буюмдарды баш башка, ийин ийинге, кол колго бердирип буйрук жана калоосу туурасында айлантып бирибирине жардамчы кылып жана багындырып Өзүнүн рабдыгынын улуулугуну көрсөткөн, жана адамды аалам дарагынын эң универсалдык, эң назик, эң наздуу, эң нияздуу мөмөсү катары жаратып Өзүнө аны угарман кылып бардык нерсени ага баш ийдирип инсанга ушунча маани берегенин көрсөткөн Кадир Рахим, Алим Хаким болгон Аллах кыяматты жасабасын, чогултуп тирилтбесин же тирилте албасын, адамга кайра жашоо бербесин же бере албасын, чоң сотту ачып бербесин, бейиш менен тозокту жаратбасын? Жок-жок, такыр болбойт!
Ооба, ушул ааламды намдуу Башкаруучусу кылым сайын, жыл сайын, күн сайын бул тар жана убактылуу жер бетинде чоң тирүүлүнун жана кыямат майданынын өтө көп мисалдарын, көрсөтмөлөрүн жана ишараттарын жаратып турат. Мисалы, жаз мезгилинин тирүүлтүү малында көрүп жатабыз го, беш-алты күндө кичине-чоң жаныбар менен өсүмдүктөрдүн үч жүз миңден көп түрлөрүн кайрадан тирилтип жайып турат. Бардык дарактардын, чөптөрдүн тамырларыны жана кее бир жаныбарларды болгонундай жандантып кайтарат. Башкаларыны болсо болгонуна жакын бир даражада окшоштуруп жаратып жатат. Бирок материал жагынан айрымасы аз болгон уруктар ушунча аралашкан болсо дагы, мыкты ажыратуу жана аныктама менен ушундай ылдамдык, кенендик жана жеңилдик аркулуу жеткилең гармония жана баланс менен алты күндө же алты аптада жандатып коет. Эч кабыл болобу, ушул иштерди жасаган Затка бир нерсе оор болуп калсын? Асмандар менен жерди алты күндө жарата албасын? Инсанды бир чакырык менен кайрайдан чогултуп тирилте албасын? Жок-жок, такыр болбойт!
Элестетсеңер, укмуштукту билген бир катчы тамгалары бузулган же өчүп калган үч жүз миң китепти бир баракта адашпай, катасыз, кемчиликсиз, бардыгын чогуу өтө сонун бир форматта бир саатта жазып койсо, анан бирөө келип сага айтса: “Ушул катчы өзу жазган сенин сууга түшүп калган китебиңди кайрадан бир мүнөттө элесинен жазып коет. Сен ошондо – Кыла албайт, ишенбейм, - деп айта аласыңбы?
18. Page
Же болбосо, укмуштуктарды жасаган бир султан өзүнүн күчүнү көрсөтүш үчүн же насаат бериш үчүн бир ишараты менен тоолорду көтөрүп коет, мамлекеттериди алмаштырып коет, деңиздерди кургак жерге айлантып койгонун көрүп турганда, анан карасаң эле, бир чоң таш капчыгайга тоголонуп түшүптүр. Ошол заттын тойго чакырган меймандардын жолун тороп калыптыр, өтө албай жатышат. Бирөө сага айтса: “Ошол ал бир эле ишараты менен ошол ташты, канча чоң болсо дагы, алып салат же талкалап салат. Меймандарын жолдо таштабайт”. Сен деле “Албайт же ала албайт” деп айтсаң.
Же болбосо, бир зат бир күндө жаңыдан чоң армияны уюштуруп койсо, анан бирөө сага айтса: “ Ал зат сурмайдын сигналы менен эс алганга таркаган батальондорду чогултуп коет. Батальондор заматта позицияларына келип калат”. Сен деле “Ишенбеймин” десен, канчалык макоолук кылганыңды түшүнөсүң.
Мына бул ушул үч тамсилди аңдаган болсоң, карачы: Эзелий Наккаш (Токуучу) болгон Аллах Таала көзүбүздүн алдында кыштын ак бетин одарып жаз менен жайдын жашыл барагын ачып жер бетинде үч жүз миңден ашык түрлөрдү такдыр менен кудрет калеми менен эң сонун образда жазып жатат. Бири бири ичинде, бири бирине аралаштырбай, чогуу жазат, бири бирине тоскол болбойт. Уюм жагынан, образ жагынан бири бирине ар башка, эч адашпайт, жаңылып жазбайт.
Ооба, эң чоң дарактын рух программасыны точкадай кичинекей бир данекке киргизип сактаган Даанышман жана Коргоочу Зат өлгөндөрдүн рухтарын кантип сактайт деп айтылабы? Жер шарыны салмоор ташындай айланткан кудуреттүү Зат акыретке кеткен жолоочулардын жолунда кантип бул жерди алат же талкалап коет деп айтылабы? Дагы жоктон, жаңыдан бардык жашоочулардын армияларыны, бардык денелерин батольондорунда мыкты бир тартип менен атомдорду “Кюн фейекюн” буйругу менен каттап орноштуруп койгон, ошол армияларды жараткан Улуу Кудайга батольон сыяктуу дененин режимине кирип бири бири менен танышкан негизги атомдор жана түпкү бөлүктөр бир кыйкырык менен кантип чогулат деп айтылабы?
Анан дагы бул жаз тирилүүсүнө окшогон дүйнөнүн ар бир доорунда, ар бир кылымында, жада калса, күн менен түндүн алмашуусунда жана асмандагы булуттардын бар болуп жоголуусунда кыяматтагы тирилүү сыяктуу, же тирилүүнүн мисалы жана үлгүсү боло турган канча көп саймалар жасаганын көзуң менен көрүп турасың. Эгерде өзүңдү кыялданып миң жыл мурун элестетсең да, анан замандын эки жагы болгон өткөн чак менен келечекти бири бири менен салыштырсаң, кылыдардын жана күндөрдүн санына жараша кайрадан тирилүүнун жана кыяматтын улгүлөрун көрөсүң. Анан ушунча үлгү менен мисалдарды байкап туруп кайрадан тирилүүнү акылдан алыс деп ойлоп танууган болсоң, канчалык келесоолук кылганыңды сен дагы түшүнөсүң.
19. Page
Карачы, улуу парман биз айткан акыйкат жөнүндө эмне дейт?
فَٱنظُرْ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحْمَتِ ٱللَّهِ كَيْفَ يُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ
[Жыйынтык] Кайрадан тирилүүгө эч кандай тоскол жок. Аны ар бир нерсе талап кылып жатат. Ооба, таң калтыруучу чогулулуу жайы болгон ушул килейген жерди жөнөкөй жаныбар сыяктуу өлтүрүп тирилткен, адамзат менен айбанатка жагымдуу бешик жана сонун кеме кылып койгон, күндү аларга ушул мейманканада жарык берүүчү жана жылытуучу лампа кылып койгон, планеталарды периштелерине учак кылып койгон Заттын ушундай даражадагы эбегейсиз, туруктуу камкордугу жана ушундай даражалагы өтө зор жана ар жакты каптаган өкүмдарлыгы, албетте, мындай убактылуу, уландысы жок, туруксуз, маанисиз, алмашкан, түбөлүксүз, кем жана жетишкенсиз дүйнө иштери менен курулбайт жана турбайт.
20. Page
Демек, Ага жараша турган, үзгүлтүксүз, туруктуу, аягы болбогон, эбегейсиз башка жай бар, башка түбөлүктүү мамлекет бар. Бизди ошол үчүн иштетет, ошол жакка чакырат. Ошол жакка алып кетерине сырткы көрүнүштөн акыйкатка өтүп кеткен жана Анын алдына жакындаган бардык нурдалган рух ээлери, жүрөктөрү жаркыраган авторитеттер, акылдары жарык болгон илим ээлери күбө болуп беришет. Сыйлык жана жаза даярдалганын бир ооздон кабар беришет. Кайталап өтө катуу убада берип жана өтө каардуу коркутуп жатат деп кабарлап жатышат. Убадасынан кайтуу кемсинүү жана пастык. Эч жагынан улуулукка жана куттулукка жакындабайт. Коркутуудан кайтуу же кечиримдүлүктөн же алсыздыктан келет. Бирок капырдык – абсолюттук кылмыш иши[1]. Кечирүүгө татыктуу болоалбайт. Абсолюттук кудретке ээ Аллах болсо алсыздыктан алыс жана кутту. Күбөлөр, кабарчылар болсо профессияларында, мазхабдарында башка башка болсо дагы жеткилең ынтымак менен ушул маселеде бирлешкен. Көпчүлүк жагынан теватур (көпканалдуу) даражасына жеткен, сапат жагынан чогулуш күчүнө жеткен. Статус жагынан ар бири адамзаттын жылдызы, бир топтун көзү, бир улуттун азизи. Маани жагынан ушул маселеде специалист жана орнотуучу болуп эсептелет. Билимде жана өнөрдө эки специалист башкалардын миңдеринен артык көрүнөт. Кабар беридөө эки орноткуч миңдер жок дегендерден жогору бааланат. Мисалы рамазан айынын көрүнгөнүн аныктап кабарлаган эки киши миңдер жок дегендердин тануусуну четке кагат.
Жыйынтыктасак, дүйнөдө мындан туурараак кабар, дурусураак чакырык, айкыныраак акыйкат болоалбайт. Демек, дүйнө шексиз эгин. Махшар болсо кырман жана эгин бастыруу. Бейиш менен тозок болсо кампа.
[1] [Комментарий] Ооба, капырдык жаратылган нерселердин баркыны түшүрүп маңызсыздык менен айыптагыны үчүн бардык ааламга акарат кылган болот. Жана макулуктардын күзгүлөрүндөгү ысымдардын жалтыраганыны тануулаганы үчүн Аллахтын бардык ысымдарыны мазактаган болот. Жана жаратылгандардын Кудайдын жалгыздыгына болгон күбөлүктөрдү кабыл албай койгону үчүн, макулуктарды жалгандыкка чыгарганы үчүн адамдын жөндөмүнү ушундай бузат, ал жакшылыкты жана кайраттуулукту кабыл алганга ийкемдүүлугу калбай калат. Капырдык – бардык макулуктардын жана Аллахдын ысымдарынын укукуну тебелеген өтө чоң заалымдык. Мына ушул коргоо жана капырдын жакшылыкка жөндөмсүздүгү капырдыктын кечирилбестигин зарыл кылат. إِنَّ ٱلشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ аяты ушул маанини түшүндүрөт.


