Жыйырма Учунчу Лема

29. Page

[Үчүнчү тоскоол] – коркуу менен ач көздүк. Бул тоскоол башка кээ бир тоскоолдор менен “Худжумат-и Ситте”де толугу менен аныкталып берилгенинен ага тапшырып мээримдүүлөрдүн мээримдүүсү болгон Кудайдын бардык сонун аттарыны шапаатчы кылып жалбарабыз: “Бизди толук ихласка жеткирсин. Оминь”

اللهم بحق سورة الإخلاص اجعلنا من عبادك المخلصين المخلصين آمين آمين آمين

سُبْحَٰنَكَ لَا عِلْمَ لَنَآ إِلَّا مَا عَلَّمْتَنَآ ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْحَكِيمُ


30. Page

[Он тогузунчу сөз]

[Ахмеддин (ﷺ) элчилик ишмердилиги жөнүндө]

بسم الله الرحمن الرحيم

[Он төрт түтүгү] камтыган [он төртүнчү леманын] [биринчи түтүгү] Раббибизди бизге аныктап берген үч жыйнакталган аныктагыч бар. [Бирөөсү] ушул аалам китеби. Анын күбөлүгүнүн бир үзундүсүнү он үч лема менен нур рисалесинден он үчүнчү сабагынан уктук. [Бирөөсү] деле ушул уулу китептин эң чоң аяты болгон пайгамбарлардын мөөрү, ага салам жана салават болсун. [Бирөөсү] дагы намы бийик болгон Куран. Азыр биз ушул экинчи сүйлөгөн аргумент болгон пайгамбарлардын мөөрүнү (ага салам жана салават болсун) танышыбыз зарыл, аны угушубуз зарыл. Ооба, ал аргументтин руханий затына карачы. Жер бети – мечит. Мекке – кафедра. Мадина – минбар. Ал анык аргумент болгон пайгамбарыбыз (ага салам жана салават болсун) бардык ыймандууларга имам, бардык инсандарга – үгүттөчү, бардык пайгамбарларга раис, бардык олуяларга сейид, бардык пайгамбарлардан жана олуялардан чогулган зикир айланасынын баш закири, бардык пайгамбарлар анын жандуу тамырлары, бардык олуялар анын ширелүү мөмөлөрү болгон нурдуу дарак. Мужизаларына таянган бардык пайгамбарлар жана кереметтерине ишенген бардык олуялар анын чакырыгыны тастыктап кол коюп жатышат. Себеби ал пайгамбарыбыз (ага салам жана салават болсун) لا اله الله  деп чакырык кылат. Бардык оң жана сол, тактап айтканда өткөн чак менен келечек катарларда турган нурдуу зикирчилер ошол эле сөздү кайталап, ошондо биригип, маани жагынан صدقت و بالحق نطقت деп айтышат. Кайсы күмөн ушундай сансыз коюлган колдор менен кубатталган ырастоого кийгилишет экен?


31. Page

[Экинчи түтүк] Ал нурдуу таухид аргументи кантип эки канаттын бир пикирдүүлүгү жана ырааттулугу менен ырасталган болсо, ошондой эле Тоорат жана Инжил сыяктуу ыйык китептердин[1] жүздөгөн ишараттары, сырдуу кабарчылардын миң деген белгилери, хатифдердин (билинбеген тыбыштар) белгилүү ишараты, көз ачыктардын ыраттуу күбөлүктөрү, айдын жарака алуусуу сыяктуу миң ашык мужизалардын көргөзмөлөру жана шариаттын чынчылдыгы менен тастыкталып ырасталгандай эле, затында өтө мыкты даражадагы макталган кулк-мүнөзү, милдетини аткарусундагы чексиз сонун болгон бийик сапаты, ишениминин мыктылыгы, ыйманынын кубатыны, шек санабагандыгыны жана чексиз ишеничини көргөзгөн өзгөчө такыбасы, өзгөчө кулчулугу, өзгөчө оор басырыктуулугу жана өзгөчө бекемдиги чакырыгында өтө чынчыл болгонун күндөй дана көрсөтүп турат.

[Үчүнчү түтүк] Эгер каласаң, келчи, бакыт кылымындагы араб жарым аралына барайлы. Кыял менен деле болсо, ардактуу элчини (ага салават жана салам болсун) милдетин аткарып жатканын көрүп зиярат кылайлы. Мына карачы. Сонун кулк-мүнөздүү жана өңү жамалдуу тандалган затты көрүп турабыз. Колунда мужиза көрсөтүчүү китеп, тилинде акыйкат айтучуу сөз, бардык адам баласына, балким, жиндерге, инсандарга, периштелерге, балким, бардык жаратылгандарга эзелий сөздү жеткирип жатат. Ааламдын жаратылыш сыры болгон ажайып табышмакты табып чечип бардык жаратылгандардан суралган жана бардык акылдууларды таң калтырып алектендирген үч татаал жана кыйын суроо болгон: Эмнесиң? Каяктан келдиң? Каякка баратасың? деген суроолорго ишендирүүчү жана алгылыктуу жооп берип жатат.

[Төртүнчү түтүк] Карачы! Ушандай бир акыйкаттын жарыгын жаят, эгерде ал заттын нурдуу акыйкат насаатындан башка форма менен ааламга карасаң, албетте, ааламдын образыны жалпы азакана сыяктуу, жаратылгандарды бири бирине чоочун, балким, душман, жансыздарды үркүтүүчү жаназалар, жандууларды жоголуу жана айрылуу шапалагынан ыйлаган жетимдер катары көрөсүң. Эми кара, ал заттын жайган нуру менен ошол жалпы азакана мотивация жана экстаздагы зикирканага айланып кетти. Ал душман жана чоочун жаратылгандар дос жана бордош образына кирди. Унчукбаган өлүк жансыздар болсо ийкемдүү кызматчы, моюн сунган кызматкер акыбалын алды. Ыйлаган жана жалынган эч кимиси жок жетимдер тесбих малындагы зикир тартуучулар же милдети аяктаганда шүгүр кылуучулар образына киришти.


[1] Хусейин Жисри “Рисале-и Хамидийе” деген изилдөөсүндө ошол китептерден жүз он төрт белгини чыгарыптыр. Бузулуп бурмалагандан кийин ушунча белги чыккан болсо, албетте мурунураак андан көп аныктама болгон экен. 




32. Page

[Бешинчи түтүк] Ошол нуру менен ааламдагы кыймылдар, түрдөнүлөр, алмашуулар жана башкача болуп кетүүлөр маанисиздиктен, курулайлыктан жана кокустуктун оюнчугу болуудан кутулуп, Эгендин жазган каттары, жаратуу аяттарынын барагы, Кудайдын сонун аттарынын күзгүсү, а аалам болсо эч нерсеге муктаж болбогон Аллахдын даанышман китеби даражасына чыкты. Инсанды дагы жаныбарлардан да ылдый денгээлге түшүргөн анын чексиз алсыздыгы менен күчсүздүгүнү, кедейлиги менен муктажтыгыны, бардык жаныбарлардан дагы бактысыз кылган кайгы, азап жана капачылык ташыгыч каражаты болгон аклыны ошол нур менен нурданган учурда инсан бардык жаныбарлардын жана жаратылгандардын үстүнө көтөрүлүп кетет. Ошол нурдалган алсыздык, кедейлик жана акыл менен, жалбаруу менен назик султан, кайрылуу менен наздуу жер халифи болуп калат. Демек, ал нур болбогондо, аалам дагы, инсан дагы, жада калса бардык нерселер эчтеке болуп калат. Ооба, ушундай укмуш ааламга ушундай зат зарыл. Же болбосо, аалам менен дүйнө болбошу керек эле.

[Алтынчы түтүк] Мына ал затﷺ түбөлүктүү бактылуулуктун кабарчысы, сүйүнчү айтуучусу, жана аягы жок ырайымдын ачуучусу, жарыячысы, жана камкордук салтанатынын сонундукдарынын далдачысы, көрөрманы, жана Кудайдын ысымдарынын кенчтеринин таабучусу, көрсөткүчү болгонунан, бир жагынан карасаң, б.а. пендечилик жагынан ал – махабат мисалы, мээрим символу, инсаният шарапаты, эң нурдуу жаратылыш дарагынын мөмөсү катары көрөсүң. Берки жактан карасаң, б.а. элчилик жагынан ал – чындык аргументи, акыйкат чырагы, хидаят күнү, бакыт себеби көрөсүң. Мына карачы, анын нуру чагылгандай чыгыш менен батышты кантип кармап алды. Жердин жартысы адамзаттын бештен бирөөсү ал заттын хидаят белегини кабыл алып баш калка жайы кылып койду. Биздин напсибизге жана шайтаныбызга эмне эле болуп жатат, ушундай бир заттын бардык чакырыктарынын негизи болгон لا اله اللهты бардык деңгээлдери менен кабыл кылбай жатат. 


33. Page

[Жетинчи түтүк] Мына кара, ушул кенен жарым аралда жашаган жапайы, адаттарына бекем болгон, өжөр ар кыл элдердин кыска бир мөнөттө эле жапайы жаман мүнөз менен адаттарыны сууруп кетирип жакшы адеп-ахляк берип бардык ааламга мугалим, маданий коомдорго устаз кылып койду. Карачы, бул сырткы эле бийлик эмес, балким, акылдарды, жүрөктөрдү, рухтарды, көңулдөрдү жеңип баш ийдирди. Жүрөктөрдүн сүймөнчүгү, акылдардын мугалими, напистердин тарбиялоочусу, рухтардын султаны болуп калды.

[Сегизинчи түтүк] Билесиңер, тамекидей кичинекей адатты кичинекей коомдо чоң башкаруучу абдан аракет кылгандан кийин такыр жок кылаалат. Бирок, карасаң, бул зат зор көп адатдарды көк бет өжөр чоң коомдордон аз эле бир күч менен аз эле бир аракет менен аз эле убакытта кетирип, ордуна ушундай бийик сапаттарды кулк-мүнөздөрүнө аралаштыргансып бекем орноштуруп койгон. Бул сыяктуу дагы абдан көп укмуш иштерди жасаган. Мына ушул бакыт кылымыны көргүсү келбегендерге араб жарым аралыны көздөрүнө саябыз. Канакей жүздөгөн философдорду алгыла, ошол жакка барышсын. Жүз жыл иштешсин. Ал заттын ошол заманга салыштырмалуу бир жылда жасаганын бир пайызыны да жасай алышабы?


34. Page

[Тогузунчу түтүк] Билесиң, кичине адам кичинекей касиети менен кичинекей жамаатта кичинекей бир маселеде талаш болгон доодо уялбай тартынбай кичинекей, бирок уялтатурган бир жалганды душмандарынын куулугуну сездирбей турган даражада жалтанбай тынчсызданбай айталбайт. Эми кара, бул зат ﷺ өтө уулу бир миссия менен өтө жоопкер милдеттүү катары өтө чоң касиет менен коопсуздукка абдан муктаж болуп турганда өтө чоң жамааттын алдында кастык абдан кызып турганда өтө маанилүү маселеде өтө чоң чакырыкта абдан эркин туруш менен коркпой шектенбей тартынбай чын дили менен оор басырыктуулук менен душмандарынын ачуусуна тиетурган катуу жана бийик формада айткан сөздөрүндө эч каршылыктар болушу мүмкүнбү? Аларга куулук аралашып кетүүсү мүмкүнбү? Эч мүмкүн эмес إِنْ هُوَ إِلَّا وَحْىٌ يُوحَىٰ. Ооба, хак алдатбайт. Акыйкатты көрүчүү алданбайт. Анын хак болгон жолу куулуктан алыс. Акыйкатты көрүүчү көзүнө кыялдын кандай акысы болмок эле, ага акыйкат болуп көрүнсүн, аны алдасын?


35. Page

[Онунчу түтүк] Мына карачы! Канчалык кызык, канчалык өзүнө көңүлдү бурган, канчалык зарыл, канчалык үркүтүчүү акыйкаттырды көрсөтүп турат, маселелерди орнотуп жатат. Билесиң, адамды эң көп провакация кылган нерсе бул кызыгуу. Эгерде сага минтип айтышса, өмүрүңдүн жана мал-мүлкүңдүн жарымын берсең, Ай менен Юпитерден бирөө келип, Ай менен Юпитерде эмне бар экенин, кандай экенин сага айтып берет. Дагы сага келечекте эмне болуруңду башыңа эмне келериин туура кабар берет. Кызыксаң, бересиң. Деги бул зат ﷺ ушундай бир султандан кабар алып келип айтып жатат, Анын мамлекетинде Ай бир чымындай болуп пропеллердин тегерегинде айланат. Жер деп айтылган пропеллер болсо чырактын айланысында учуп турат. Күн деп айтылган чырак болсо миң деген мейкиндиктерден бир эле мейманканасында миң деген чырактарынан бир эле лампасы. Дагы ушундай ажайып ааламдан чыныгы сөз кылып жатат, ушундай өзгөрүү-алмашуулардан кабар берип жатат, миң деген Жер шары бомба болуп жарылса, анча таң калтырбайт. Кара, ал заттын тилиндеги إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ إِذَا السَّمَاءُ انْفَطَرَتْ الْقَارِعَةُ сыяктуу сүрөлөрду уккун. Дагы ушундай бир келечектен туура кабар берет, ушул дүйнөдөгү келечек ага салыштырмалуу тамчыдай эле болуп калат. Дагы ушундай бир бактылуулуктан оор басырыгы менен кабар берет, бардык дүйнө бакыты көз ирмемдеги чагылгандын түбөлүктүү күнгө салыштырмасындай эле болуп калат.

[Он биринчи түтүк] Ушундай таң калтыруучу жана табышмактуу ааламдын сырткы пардасынын астында, албетте, ушундай ажайыптар бизди күтүп турат. Ушундай ажайыптарды кабарлай турган ушундай укмуштуу мужиза көрсөткөн бир киши керек. Бул кишини жасагандарынан көрүнүп турат, ал киши көргөн, көрүп жатат жана көргөнүнү айтып жатат. Бизди ниматтар менен кам көрүп баккан ушул жер менен асмандардын Кудайы бизден эмнени каалап жатат? Эмнеден ыраазы болот? Өтө туруктуу сабакты бизге берип жатат. Дагы буга окшогон абдан көп кызыктыруучу жана зарыл акыйкаттарды сабак берген затка бардык нерсени таштап ага чуркаш жана аны угуш керек болуп турганда, көпчүлүк инсандарга эмне болуп кеткен, дүлөй болуп калганбы, сокур болуп калганбы, балким макоо болуп калганбы, бул хакты көрбөй жатат, бул акыйкатты укпай жатат, түшүнбөй жатат.


36. Page

[Он экинчи түтүк] Мына бул зат ﷺ ааламдардын Жаратуучусунун бирдигине хак даражада сүлөп турган чынчыл аргумент жана туптуура далил болгондой эле, өлгөндөн кийин тирүүлүнүн жана түбөлүктүү бакыттын дагы бекем аргументи, жана туруктуу далили. Балким, ал зат хидаяты менен кантип түбөлүктүү бакыттын жыйноо себеби жана жетүү түрткүсү болгон болсо, ошондой эле дуасы менен, жалынуусу менен ошол бакытты жаратууга себеп жана бар кылууга түрткү болгон. Өлгөндөн кийин тирилүү маселесениде айтылган ушул сырды орду келгени үчүн кайталап кетейли:

Мына кара. Ал зат ﷺ ушундай уулу намазда дуа кылып сурайт, ушул жарым арал, балким жер бети ал заттын чоң намазы менен намаз окуп, жалынып тургандай. Карачы, ушундай чоң жамматта туруп жалынат, адам балдары Адамдын заманындан биздин кылымга, кыяматка чейин бардык нурдуу жетишкен инсандар ага баш ийип анын дуасына “Оминь” деп тургандай. Дагы карачы, ушундай бир жалпы муктаждык үчүн дуа кылып турат, жердегилер эмес, балким асмандагылар да, балким бардык жаратылгандар анын жалуунусуна: “Ооба, Раббибиз берчи, биз дагы каалап жатабыз” деп кошулуп жатышат. Ушундай бир жакырчылык менен, ушундай бир кайгы менен, ушундай бир калоо менен, ушундай бир жалбаруу менен тилешет, бардык ааламды ыйлатат, дуасына кошулуп катыштырат. Карачы, ушундай бир максатка умтулуп дуа кылып жатат, инсанды, ааламды, балким бардык жаратылгандарды төмөндөрдүн төмөндөрүнөн, кулоодон, барксыздыктан, пайдасыздыктан, бийиктердин бийиктерине, барктуу болууга, түбөлүккө жана жогорку вазийпага чыгарып жатат. Карачы, жогорку жалынуу менен жардам, ушундай татту өтүнүч менен сурап жалдырап жатат, бардык жаратылгандарга, асмандарга жана аршка угузтургансып аларды экстазга киргизгенсип дуасына “Оминь, Аллахым, оминь!” дедиртип жатат. Карачы, ушундай Угуучу жана Берешен Кудреттүү Заттан, ушундай Көрүүчү жана Мээримдүү Билүүчү Кудайдан муктаждыгыны сурап жатат, Ал эң жашырын жаныбардын эң жашырын муктаждыгыны жана суранычыны укканы, көргөнү, кабыл кылганы жана мээрим менен мамиле кылганы анык. Себеби алардын суранычтарын Ал акыбал тилдери менен деле болсо береберет. Анан ушундай даанышмандык менен, көрөрмандык менен жанын мээримандык менен берет. Бул өркүндөөлөр жана пландоолор бир ушундай Угуучу жана Көрүүчүгө, ушундай Берешен жана Мээримдүүгө таандык болгонуна эч кандай шек жок.


37. Page

[Он үчүнчү түтүк] Бардык пазилеттүү адам уулдарын артына алып жер бетинде туруп улуу аршка карап кол ачып дуа кылган ушул адамзаттын шарапатту кишиси, жаратылыш жана замандардын фериди жана чындан ааламдын сыймыгы эмне сурап жатат? Карап укчу! Түбөлүктүү бакыт сурап жатат, түбөлүк сурап жатат, жолугушуну каалап жатат, бейишти каалап жатат. Жаратылыштын күскүлөрүндө өкүмдөрүнү жана жамалдарыны көрсөткөн бардык кутту ысымдар менен чогуу сурап жатат. Эгерде Аллахдын рахматы, инаяты, даанышмандыгы жана адилети сыяктуу эсепсиз талап кылынган зарыл себебтер болбогонда да, ушул заттын жалгыз эле дуасы жаз мезгилибизди жаратылышындай кудретине жеңил болгон бейиштин орнотусуна себеб болот эле. Ооба, анын элчилиги кандайча ушул сыноо жердин ачылышына себеб болгон болсо, ошондой эле анын сыйынуу жана кулчулугу да наркы дүйнөнүн ачылышына себеб. Акылдуу жана изилдөөчү инсандарга ليس في الإمكان أبدع مما كان  деп айтырган ушул көрүнүп турган тартиптүү түзүлүш, ушул ырайымдуулуктагы кемчиликсиз иштин көркөмдүгү жана уникалдуу камкордугунун жамалы эч ушундай көрксүздүктү, мээримсиздикти жана тартипсиздикти кабыл кылабы өзү, эң майда, эң маанисиз калоолорду, үндөрдү маани берип угат да, бирок эң маанилүү, эң керектүү калоо тилектерди маани бербей укпай койсун, түшүнбөй койсун, жасабай койсун? Эч болбойт! Жүз миң жолу болбойт! Мындай бир жамал мындай жамандыкты кабыл кылбайт, көрксүз бобойт.

О, менин кыялымдагы досум, азырынча жетет. Артка кайталы. Же болбосо жүз жыл ушул заманда ушул жарым аралда калсак дагы, ал заттын ишмердилигин укмуштарыны, вазийпаснынын ажайыптыгынын бир пайызыны толугу менен куурчап кароосуна тойбойбуз. Эми кел, ар бир кылымдын үстүндө айланып ар бирин карап чыгабыз. Карачы, ар бир кылым ал хидаят күнүндөн алган береке менен гүлдөптүр. Абу Ханифалар, Шафиилер, Баязид Бестамилер, Шах Гейланилер, Шах Накшибендилер, Имам Газалилер, Имам Раббанилер (Аллах аларды ыраймына алсын) сыяктуу миллиондогон нурланган мөмөлөр бериптир. Байкагандырыбызды башка убакытка калтырып мужиза жана хидаят көрсөткөн затка кээ бир бекем мужизаларына ишарат кылган салават айтышыбыз керек. 


38. Page

“Шуааты Марифети Неби” атындагы түркчө рисаледе, он тогузунчу катта жана ушул сөздө кыскача ишарат кылынган Ахмеддин пайгамбарлыгы жөнүндөгү далилдерди баяндаганмын. Ал чыгармаларда даанышман Курандын укмуш жактарыны да кыскача айтып өткөнбүз. Дагы “Лемеат” атындагы түркчө рисаледе жана жыйырма бешинчи сөздө Курандын кырк жактан укмуштугун баяндаган жана кырк жактагы мужиза болгонуна ишарат кылган элем. Ошол кырк жактагы жалгыз түзүлүшүндө болгон риторикасыны “Ишаратул Иджаз” атту арабча тафсирде кырк баракта жазган элем. Эгерде аларга муктаж болуп атсаң, бул үч китепке кайрылсаң болот.

[Он төртүнчү түтүк] Укмуштардын кампасы жана эң чоң мужиза болгон даанышман Куран Ахмеддин ﷺ пайгамбарлыгы менен Кудайдын жалгыздыгыны ушунча катуу далилдеп орнотот, башка аргументтерге керек калбай калат. Биз болсо аны аныктоо туралуу жана анын сындоого себеб болгон бир эки укмуш жарыгыны белгилеп кетели.

Мына Раббибизди бизге аныктап берген даанышман Куран бул – улуу аалам китебинин эзелий котормосу, жаратылыш аяттарды окуган ар кыл тилтердин түбөлүктүү котормочусу, ушул көрүнгөн жана кайып ааламдардын китебини тафсирлеп берүүчүсү, жер менен асмандагы жашырын Кудайдын ысымдарынын руханий казыналарынын тапкычы, окуялар саптарынын астында бекитилген акыйкаттардын ачкычы, көрүнгөн ааламдагы кайып ааламынын тили, ушул ааламдын пардасы артында болгон кайып аалам жактан келген Рахмандын түбөлүктүү кайрымдулугунун жана Субхандын эзелий кайрылуусунун казынасы, исламдын руханий ааламынын күнү, фундаменти, чиймеси, жана акырет ааламынын картасы, Кудайдын заты, сыпаты, ысымдары жана ишмердилүүгүнү түшүндүргөн сөзү, анык тафсири, катуу аргументти, бекем котормочусу, жана ушул адамзат ааламынын тарбиячысы, улуу инсаният болгон исламдын суу менен жарыгы, адамзаттын чыныгы даанышмандыгы, жана инсанияты бакытка багыттаган чыныгы устазы жана жетелегичи, жана инсанга шарият китеби, даанышмандык китеби, дуа китеби, сыйынуу китеби, буйрук жана даават китеби, зикир жана пикир китеби болот. Ошолор менен бирге дагы адамдын бардык руханий муктаждыктары үчүн кайрылган көп китептерди камтыган жалгыз универсалдуу бир ыйык китеп болот. Бардык олуялардын жана сыддыктардын, ариптердин жана изилдөөчүлөрдүн ар кандай ыкмаларына, өзүнчө болгон жолдоруна, ар бир ыкманын даамына лайык жана ошол ыкманын агартычуу, ар бир жолдун багытына түп келген жана аны аныктоочу чыгарма чыгарган ыйык библиотека сыяктуу асман китеби болот.


39. Page

Кемчилик себеби катары шектелген Курандын кайтолоосундагы укмуштук жарыгына карачы. Куран зикир китеби, дуа китеби жана дават китеби болгонунан андагы кайталоолор сонун, өтө зарыл жана өтө риторикалык болуп эсептелет. Кемчилик дегендердин оюндай эмес. Себеби зикир талабы кайтолоо менен агартуу болот. Дуа талабы саноо менен орнотуу болот. Буйрук менен даваттын талабы кайталоо менен бекемдөө болот. Ар ким ар убакытта Куранды толугу менен окуганга күчү жетпейт. Бирок бир сүрөнү көбунчө окуй алат. Ошол үчүн эң маңыздуу Курандын максаттары, көбү узун сүрөлөрдө камтылып, ар бир сүрө кичинекей Куран сыяктуу болуп калган. Демек, эч кимди куру калтырбоо үчүн таухид, өлгөндөн кийин тирилүү жана Мусанын окуялары сыяктуу кээ бир темалар кайталанып турат. Денени муктаждыгы сыяктуу руханий муктаждык дагы ар кандай болот. Кээ бирине инсан дем алган сайын муктаж болуп турат. Денеге ааба, рухга хуве болгондой. Кээ бирине саат сайын, бисмиллях жана ушул сыяктуулар. Демек аяттардын кайталанганы муктаждыктын кайталанганынан келип турат. Ошол муктаждыкты белгилеп ойготуп козгоо, жана мотивация менен калоо келтирүү үчүн кайталайт.

Жана Куран негиздөөчүү болот. Анык динди негиздерин айтат, Ислам ааламынын фундаменттери болот. Адамзаттын коомдук жашоосуну өзгөртүп ар кандай катмар элдердин кайталанган суролоруна жооп берет. Орнотуу үчүн негиздөөчүгө кайталоо зарыл. Бекемдөө үчүн кайра кайра санап туруш керек. Колдоо үчүн орнотуу, чындоо жана кайталоо зарыл. Анан дагы Куран ушундай улуу масалелерден, так акыйкаттардан сүйлөйт, коомдун жүрөгүнө орнотуу үчүн көп жолу ар кандай формаларда кайталаш керек. Ушуну бирге форма жагынан эле кайталоо боуп эсептелет. Маани жагынан ар бир аяттын көп маңыздары, көп пайдалары, көп жактары жана катмарлары бар. Ар бир макамда өзүнчө бир маани, пайда жана максат үчүн эскертет. 


40. Page

Курандын кээ бир жаратылыш маселелериндеги жыйынтыктоо менен кыска айтканы насаат жагынан мужиза болуп эсептелет. Бузукулардын оюндагыдай жана сындагындай кемчилик эмес. Эгерде айтсаң [Эгерде десең] Эмнеге даанышман Куран философиянын жаратылыш ааламдан сөз кылганындай кылбай жатат? Кээ бир маселелерге кыскача тийип кетет. Кээ бирилерини коомдук назарды сылап кететургандай айтат. Коомдун сезимдерини ызаландырбайт, коомдун пикирин тажатып чарчатпай турган жалпак стиль менен айтат. [Жооп катары дейбиз] Философия акйыкат жолунан адашкан. Ошол үчүн өткөн сабактардан жана сөздөрдөн, албетте, түшүнгөнсүң, даанышман Куран ушул ааламдан Кудайдын зат, сыпат жана ысымдарыны билдириш үчүн сөз кылып жатат. Тактап айтканда бул аалам китебинин маңыздарыны түшүндүрүп, Жаратканды таныттырат. Демек Куран жаратылгандарга алардын өздөру үчүн эмес, балким, аларды Жаратканы үчүн карап, коомго кайрылат. Илми хикмет деп айтылган философия болсо ааламга ошол аалам үчун карайт. Жана өзгөчө илимпоздорго кайрылат. Анда эмесе данышман Куран жаратылгандарды далил кылып, аргумент катары көрсөтүп жатат. Далил болсо сыртта болушу зарыл, коомдун назарында эрте түшүнүлүшү керек. Анан дагы Куран насаатчы, бардык инсан катмарларына кайрылат. Көпчүлүктү түзгөн катмар болсо карапайым эл катмары болуп саналат. Албетте насаат үчүн зарыл болбогон нерселерди өткөрүп кыскартыш керек. Кылдат нреселерди тамсил менен жакындатат. Абсурдка түшпөш үчун сырткы коомдук назарда ачык болгон нерселерди зарылсыз, балким, зыяндуу формага алмаштырбаш керек. Мисалы, Күн жөнүндө дейт: “Айланган чырак, лампа”. Себеби Күндөн Күн үчүн же мазмуну үчүн сүйлөбөйт. Балким, тартиптин пружинасы, түзүлүштүн борбоору болгонунан, тартип менен түзулүш болсо Жараткандын өнөр күзгүсү болгонунан сүйлөйт. 


41. Page

Ооба, дейт تجري الشمس Күн айланат. Бул “айланат” деген айтылыш менен кыш, жай, түн менен күндүзүн айланышыгдагы тартиптүү кудреттин ишмердүүлүгүнү эстетип Жараткандын улуулугун түшүндүрөт. Мына эми бул айлануунун айкыйкаты эмне болсо дагы, максат болгон токулган жана көрүнгөн жана токулган тартип менен гармонияга тасир бербейт.

Дагы дейт: وجعل الشمس سراجا  Бул чырак сөзү менен ааламды сарай образында, ичиндеги буюмдарды болсо адамдарга жана жандууларга даярдалган кооздуктар, тамак-аштар, зарылдыктар экенин, Күн деле моюн сунган шамдал экенин эскертип Жараткандын мээрими менен ихсаныны түшүндүрөт.

Эми кара, бул аңкоо жана келжиреек философия эмне дейт? Карачы: “Күн бул суюк оттон болуп калган килейген масса. Андан ыргып кеткен планеталарды айланасында айлантат, көлөмү мынча, мазмуну мындай, андай” деп айтып жатат. Жапайы коркунучтан жана таңкалудан башка рухга жеткилең илим бербейт. Курандын чечмелегениндей эмес. Ушуларга салыштырып ичи калтырак тышы жалтырак болгон философия маселелеринин баркы кандай экенин түшүнөсүң. Анын жалтырак сүрөтүнө алданып Курандын өтө мужизалүү баянына урматсыздык кылба.

[Эскертүү] Арабча жазылган Рисале-и Нурда он төртүнчү түтүктүн алты тамчысы бар. Өзгөчө төртүнчү тамчысынын алты n]ktes’ бар. Даанышман Курандын кырка жакын болгон соз чеберчилигинен он бешөөнү баяндап берет. Аларды жетиштүү деп эсептеп бул жерде кыскартып койдук. Кааласаң, ага кайрыл. Мужиза казынасын табасың. 


Саид Нурси.


42. Page

[Жыйырма үчүнчү лема]

[Табият рисалеси]

Он жетинчи леманын он алтынчы нотасы болуп турганда маанилиги негизинде жыйырма үчүнчү лема болгон. Табияттан келген ишенимсиздик пикирини тирилбей турган кылып өлтүрөт. Ишенимсиздиктин фундаментини талкалайт.

[Эскертме]

Ушул нотада табиятчылардан четке кагып ишенбегендердин жүргөн жолунун мазмуну канчалык акылдан алыс, канчалык жаман, канчалык миф экенин эң аз токсон абсурдду камтыган [тогуз абсурд] менен баян кылынат. Башка рисалелерде ал абсурддар жарым-жартылай аныкталганынан бул жер өтө кыскартылганына байланыштуу кээ бир тепкичтер аттап кетилди. Ошол себебтен өзү менен өзу ушунчалык ачык жана анык мифти кантип бул акылдуу философтор кабыл алат жана ошол жол менен кетип жатат? Деген ой келет. Ооба, алар жүргөн жолунун ички жагыны көрбөртүр. Жолдорунун маңызы, зарылдыгы и түрткүсү эмне экени бул жерде жазылды. Абсурдарын учунда баяндалган жаман, жийиркенердик жана акылга тескери болгон методдорунун жыйынтыгы алардын жолдорунун себеби, зарылчылыгы жана түрткүсү болгонуну өтө так жана бекем аргументтер менен шек санагандарга майда-чүйдөсүнө чейин баяндап жана далилдеп бергенге даярмын[1].


[1] Бул рисаленин жазылганынын себеби өтө агресивдүү, өтө жаман бир ыкма менен ыйман акыйкаттарыны бурмалап, бузуку акылы жетпеген нерсеге “миф” деп динсиздикти табиятка байлап Куранга кол салган. Ошол кол салуу болсо жүрөктүн катуу ачусуну келтирди, одоно жана орой шапалактарды ал атеистерге жана чындыктан баш тартып жалган жолго түшкөндөргө урдурду. Болбосо Рисале-и Нур таза, назик жана жумушак сөздөрдү колдонот.