Алтынчы Маселе (Денизли Турмосунун Момосу Рисалесинен)
NAVIGATION
14. Page
албагандыгы сыяктуу жүрөктүн саламаттыгы, жакшы ою, түз пикири жана кызматтагы ыкласын жоготпосо да, ошол күнѳѳ астында калуусу мүмкүн. Атүгүл бул жагынан мага сотто кысым кылышканда айткан элем: «Күн сыяктуу болгон ыйман менен Куран акыйкаттары жердеги убактылуу жарыктардын азгырыгына баш ийип себеп болбогондой эле, ал акыйкатты чын көңүлдөн тааныган адам жер бетиндеги окуяларга эле эмес, атүгүл ааламга да курал болбойт» – деп, алардын ооздорун жаптым.
Ошентип устатыбыздын жообу бүттү, биз да бардык кубатыбыз менен тастыктадык.
Рисале-и Нур шакирттери
15. Page
Кадыр түнү эстетилген маанилүү маселе
Он үчүнчү сөздүн экинчи макамынын кошумчасы
Кадыр түнү жүрөгүмө келген өтө кенен жана узун бир акыйкатка өтө кыска ишаарат кылабыз. Мындайча:
Адамзаттын бул акыркы дүйнөлүк согушунда катуу зулум жана катуу зомбулук менен, жана ырайымсыз талкалоо менен, жана жалгыз бир душманынын айынан жүздөгөн күнөсүздөрдү кайгылантуу менен, жана жеңилгендер үмүтсүздүк менен жана жеңгендерден коркунучтуу тынчсыздануу жана ѳкмѳттү коргоо жана чоң талкаланган абалын кайра түзөй албоосунан улам пайда болгон коркунучтуу көнүл азабына кабылышы, жана дүйнѳ жашоосунун толугу менен өтүмдүү жана убактылуу болгону жана маданият фантазияларынын алдоочу жана азгыруучу болгондугу жалпыга көрүнгөнү менен, жана адам табиятыны улуу жөндөмдөрү жана инсанияттын жалпы бир түрдө коркунучтуу жаралануусу менен, жана кайдыгерлик менен адашуунун катуу жана дүлөй болгон табиятынын Курандын алмаз кылычынын астында талкалануусу менен, жана кайдыгерлик менен адашуунун эң муунтуучу жана азгыруучу эң кенен пардасы болгон саясаттын жер бетинде өтө жийиркеничтүү, өтө боорукерсиз чыныгы жүзу көрүндү. Албетте, эч күмөн жок: Түндүктө, батышта, Америкада белгилери көрүнгөндүктөн адамзаттын жалган сүйгөнү болгон дүйнѳ жашоосу ушундай жийиркеничтүү жана өтүп кетүүчү болуусунан, адамдын табияты чыныгы сүйү менен каалаган түбөлүктүү жашоону толук күчү менен издейт. Жана да албетте эч бир шектенүүсүз бир миң үч жүз алтымыш жылдан бери, ар бир кылымда үч жүз элүү миллион шакирттери болгон, жана ар бир ѳкүмүнѳ жана чакырыгына миллиондогон акыйкат чеберлери тастыктап мөөр басышкан, жана ар бир мүннѳттѳ миллиондогон хафыздардын жүрөгүндө ыйыктыгы менен сакталып, тилдери менен адамга сабак беришкен, жана эч бир китепте ѳрнѳгү болбогон бир түрдө адам үчүн түбөлүктүү жашоону жана бакытты сүйүнчүлөгөн, жана бүткүл адамзаттын жараларын айыктырган укмуш баяндалган Курандын күчтүү, кубаттуу жана кайталанган миңдеген аяттары менен, балким ачык жана ишаарат менен он миңдеген жолу чакырык кылып кабар берген, бекем нак аргументтери менен, шексиз чексиз далилдери менен
16. Page
түбөлүктүү жашоону кескин түрдө сүйүнчүлөп чексиз бакытты сабак берип турганы албетте эгер адамзат эсин жоготпогон болсо, материялдык жана моралдык кыямат баштарына келбеген болсо, Швеция, Норвегия, Финляндия менен Англиянын Куранды кабыл кылууга аракет кылышкан белгилүү ораторлору менен Американын хак динди издеп жаткан маанилүү жамааты сыяктуу, жер бетинин кеңири материктери менен чоң мамлекеттери укмуш баяндалган Куранды издеп табышат жана акыйкаттарын түшүнүшкөндөн кийин бүткүл жан дилдери менен жабышышат. Анткени бул акыйкат жагынан Курандын окшошу жок жана болушу да мүмкүн эмес. Эч бир нерсе бул улуу мужизанын ордун ала албайт.
Экинчиден: Албетте, Рисале-и Нур бул улуу мужизанын колундагы алмаз кылычы сыяктуу бул кызматты аткарды, жана эң өжөр душмандарды да моюн сунууга мажбур кылды. Анын үстүнө жүрөктү, рухту жана сезимдерди дагы толук агарта тургандай жана дарыларын бере тургандай бир түрдө Курандын казынасына далдачы болгондуктан, жана андан башка эч кандай булагы жана кайрыла турган жери болбогон жана анын бир рахыний укмуштугу болгон Рисале-и Нур ал милдетти толук аткарып жатат. Жана ага каршы жасалган пропагандаларга жана өтө көк бет зындыктарга толук үстѳмдүк кылган, жана адашуунун эң бекем чеби болгон материализм пикирин «Табият рисалеси» менен таш-талканын чыгарган. Жана кайдыгерликтин өтө калың жана муунтучу жана кенен пикир тааласында жана билимдин эң кенен пардаларында «Аса-и Муса» китебиндеги Мѳмѳнүн Алтынчы маселеси жана Биринчи, Экиничи, Үчүнчү, Сегизинчи далилидери менен абдан жаркыраган бир түрдө кайдыгерликти чачыратып, таухиддин нурун көрсөткөн. Албетте бизге керек жана элге зарыл: Учурда расмий уруксат берилген дин предмети үчүн жеке окуу жайларды ачууга уруксат берилгендиктен, Нур шакирттери мүмкүн болушунча бардык жерлерге бирден кичинекей Нур окуу жайларыны ачуулары абзел. Чыныгында ар бир адам өз-өзүнчө окуганда бир даража болсо да пайдаланат, бирок ар бир адам бардык маселени толук түшүнө албайт. Ыйман акыйкаттарынын түшүндүрмөсү болгондуктан, илим да, марифатуллах да, Аллахты эстөө да жана сыйынуу да болуп саналат.
Мурунку кездердеги медреселерде беш-он жылга салыштырмалуу, иншааллах, Нур медреселери беш-он аптада ошол натыйжаны берет жана жыйырма жылдан бери берип келатат.
Анын үстүнө ѳкмѳт бул эл-журттун жана мекендин дүйнѳлүк, саясий жана акыреттик жашоосуна абдан чоң пайдасы болгон бул Куран лемааттарына жана Куран далдачысы болгон Рисале-и Нурга тийишүү эмес, тескерисинче өнүгүүсүнө жана жайылуусуна аракет кылуулары зарыл. Анткени, өткөн коркунучтуу күнөөлөрдү жуйт жана келечектеги коркунучтуу балээлерге менен анархияга дагы каршы бир чеп боло алат.
Саид Нурси
17. Page
Жетинчи Режа:
( Карыялар лемасынан)
Бир жолу картая баштаган кезимде, эски Саиддин күлкүлөрү жаңы Саиддин ыйлоосуна айланган кезде, Анкарадагы дүйнѳ ээлери мени эски Саид деп ойлоп ал жакка чакырышты. Мен дагы бардым. Күз мезгилинин акыркы учурларында Анкаранын менден да картайган, ыдырай баштаган жана эскирген чебинин мунарасынын башына чыктым. Ал чеп таш болуп калган тарыхий окуялар таризинде мага көрүндү. Жылдын карыган мезгили аркылуу менин карылыгым, чептин карылыгы, адамзаттын карылыгы, даназалуу Осмон мамлекетинин карылыгы, Халифат салтанаттын ѳлүмү жана дүйнѳнүн карылыгы мага өтө кайгылуу, өкүнүчтүү жана ажыратуучу бир абалда көрүндү. Ошол бийик чептин ичинде мени өткөн замандын аңдарына жана келечек замандын тоолоруна караттырды, мен дагы карадым. Бири-бири ичинде мени курчаган, төрт-беш карылык караңгылыктары ичинде Анкарада эң кара рух акыбалын сезгендигимен3 бир нур, бир соротуучу жана бир үмүт издедим. Оңго, башкача айтканда мази болгон өткөн заманга карап соротуучу издеп жаткан кезде, мага ѳткѳн заман ата-бабаларымын бир чоң мүрзөсү болуп көрүндү, соротуунун ордуна мени үркүтүп жиберди. Сол жагым болгон келечекке дарман издеп карадым. Карасам, менин жана мен сыяктуулардын жана болочок урпактардын чоң жана капкараңгы кабыры болуп көрүндү. Тынчтандырбай кайра коркунуч берди. Оң менен сол жагымдан үркүп кетип бүгүнкү күнгө карадым. Кайдыгер жана тарыхчыныкындай назарымга азыркы күн чала өлүк сымал жана бууп союлуп жаткан кыймылдардан кыйналган денемдин жаназасын алып бараткан табыт кейипинде көрүндү. Андан соң бул жактан да үмүт үзүлүп башымды көтөрүп өмүр дарагымын учуна карадым. Карасам, ал дарактын жалгыз бир мөмөсү бар экен. Ал да менин жаназам экен. Ошол дарактын үстүндө мени карап турганын көрдүм. Бул жактан дагы коркуп башымды ылдый ийдим. Ошол өмүр дарагынын төмөндөгү тамырларын карадым. Карасам, астындагы топурак, сөөктөрүмүн топурактары менен жаратылышымдын башталышындагы топурагы менен аралашып кеткен сымал бут алдында тепселип жатканын көрдүм. Ал да дарман эмес, тескерисинче дартыма дарт кошту. Андан соң аргасыздан артыма карадым. Карасам, негизи жок өтүмчүл болгон дүйнѳ жоктук аңдарында менен караңгылыктарында тоголонуп баратат. Дартыма май издеп жатканда тескерисинче заар кошуп берди. Ал жактан дагы жакшылык көрө албадым. алдыма карадым. Алды жакка назарымы салдым. Карасам, кабырдын эшиги так жолумун үстүндө ачык көрүнүп оозун ачып мени карап турат. Анын артында түбөлүк жакка көздөй кеткен чоң жол жана ал жолдо кетип бараткан кербендер алыстан алыстан көзгө илешет. Мына ушул алты жактан келип жаткан коркунучтарга каршы таяныч точкасы жана коргонуу куралы боло турган кичинекей майда ыктыярдан башка колумда эч нерсе жок. Ошол чексиз душмандар жана эсепсиз зыяндуу нерселерге каршы, инсандын жападан жалгыз куралы ошол майда ыктыяры кем, кыска, алсыз, жараталбаган болгону үчүн иштегенден башка эч бир нерсе колунан келбейт. Өткөн заманга да өтө албайт, анткени ал жактан келүүчү кайгыларды жок кылуу керек.Жана келечеке дагы кете албайт, анткени ал жактан келүүчү коркууларды тыюу керек. Өткөн жана келечек замандарга тиэшелүү эңсөөлөрүм менен кайгыларыма эч бир пайдасы болбогондугун көрдүм. Ушул алты жактан келип жаткан коркунуч жана, карангылык жана үмүтсүздүк ичинде жан талашып жаткан кезде, капысынан укмуш баяндалган Курандын асманында жаркыраган ыйман нурлары жардамга жетишти. Ошол алты жакты ошончолук агартып жаркыратты дейсиң, мен көргөн коркунучтар менен


