Бир Нече Аргасыз Болгон Жаштарга Берилген Сабак, Ойготуу жана Эскертуу

6. Page

кичиреет. Эч нерсеге арзыбай калат. Бирок ыймандуулардын боордоштугу, урматы, махабаты жана энтузиазмы ыйман жагынан ѳткѳн жана келечек чактарды камтыгандыктан, анын гуманизми менен мыктылыгы ал өлчөмдө жогорулайт.

Анын үстүнө сенин дүйнѳлүк ийгилигиң акылынан айныган бир ювелир яхудинин айнек сыныктарыны алмаздын баасында сатып алганындай эле, сен дагы кичинекей кыска бир замандагы жашоого узун жана түбөлүктүү кенен бир жашоонун баасын бергендигиң үчүн албетте ошол сызык зонасында женишке жетесиң. Ошондой эле, бир мүнөткө бир жыл сыяктуу өтө ач көздүк, махабат, жана өч сыяктуу сезимдер менен киргендигиң үчүн диндар адамдарга убактылуу үстөмдүк кылып жатасың. Жана да сенин акылың, рухуң, жүрѳгүң, сезимдериң ыйык милдеттерин таштап, пас напсиңдин жана ыплас арзууңдун шерменде иштерине шериктик жана жардам беришкендиген ыймандууларга дүйнѳдѳ үстөмдүк кылып жатасың. Ошондой эле сырттан караганда да сүйкүмдүү көрүнүп жатасың. Анткени, сенин акыл, жүрөк жана рухуң абдан өтө паска тѳмѳндѳп ыплас ышкобоздукка жана шермеде написке айланып кеткен. Жийиркеничтүү абалга айланган. Албетте, бул жагынан сага тозокту жана эзилген ыймандууларга бейишти табып алдырган убактылуу жеңишиң болот. 

7. Page

Туруп туруп эле эстетилген маанилүү бир маселе


Акыры замандын фитнасында эң коркунучтуу ролду ойногон аялзаты жана алардын азгырыктары болоорун хадистин рибаяттарынан түшүнүктүү болуп турат. Ооба, кандайча тарыхта мурдагы замандарда «Амазонкалар» деп аталган өтө күжүрмөн аялдардан түзүлгѳн бир аскерий топтуп укмуш согушканы ооздон-оозго өткөрүп келет.

Дал ошол сыяктуу, бул заманда динсиздик адашуусунун исламга каршы болгон согушунда жамандыкты буйруп турган напистин планы менен шайтандын башкаруусуна берилген группировкалардын эң коркунучтуусу – жарым жылаңач аялдар. Анткени, ачык сандары жана балекет бычактары менен ыймандууларга атака кылып кол салып жатышат. Нике жолун жаап, сойкулук жолун кеңейтүүгө аракет кылып, көптөгөн адамдардын напистерин заматта туткун кылып, жүрөк менен рухтарын чоң күнөөлөр менен жарадар кылып жатышат. Атүгүл ошол жүрөктөрдүн бир айрымдарын өлтүрүп жатышат. Бир нече жыл махрам болбогон ээлигүү назарларга көрсөткөнүнө толук жаза катары ошол бычактай болгон сандар тощоктун отуну болуп эң биринчи ошол сандардын күйө турганы жана бул дүйнѳдѳ да ишенимди жана ынактыгыны жоготушкандыгы үчүн табиятынан абдан каалаган жана абдан муктаж болгон ылайыктуу күйөөнү да таба алышбайт. Тапса да башына балээ табат. Атүгүл бул абалдын натыйжасыда ошол акыр заманда кээ бир жергелерде никеге кѳңүлсүздүк жана камсыздык айынан кырк аялга бир эркек карап туратургандай маанисиз, ээсиз, барксыз абалда болуп калаарын хадистин рибаяттарынан түшүнүктүү болуп жатат.

Эми акыйкат ушундай экен. Анда ар бир сулуу сулуулугун жакшы көрөт, аны колунан келишинче сактап калгысы келет жана бузулуп кетүүсүн каалабайт. Сулуулук дагы бир немат. Нематка шүгүр кылса мааниси жагынан көбөйөт. Шүгүр кылынбаса өзгөрүп өңдөн кетет. Албетте анын акылы бар болсо, сулуулугун жана жамалын күнө кылуу жана кылдыруу, жийиркеничтүү жана заардуу кылуу, жана ошол нематка нараазылык кылуу менен азапка айландырбаш үчүн болгон күчү менен качат. Ошол 

8. Page

өтүмдүк беш-он жылдык жамалын түбөлүктөштүрүү үчүн шарият ыкмасы менен колдононуп ал нематка шүкүр кылат. Болбосо карыган кезинде узак убакытка чейин жийиркенүүгѳ дуушар болуп, үмүтсүздүк менен ыйлоого аргасыз болот.

Эгер ислам тарбиясы чөйрөсүндө Куран адабынын зыйнаты менен ал жамал ээси сулуулана турган болсо, ошол өтүмдүк сулуулук маани жагынан түбөлүктүү болоруна, бейиште хурилердин жамалынан да шириниреек жана жаркыраган бир түрдѳ өзүнө берилери хадисте чечкиндүү болуп айтылган. Эгер ал сулуунун кыпындай акылы бар болсо, бул сонун, жаркыраган жана түбөлүктүү натыйжаны колунан чыгарбайт.