Бир Жолу Эскишехир Турмосунун Терезесинде Отурган Элем
NAVIGATION
3. Page
күнөлүү жана кумардануу уруксат берилбеген убактылуу жыргылчылыкты таңдаган адам айбандан жүз эсе төмөндөп кетет. Чет өлкөлүк динсиздер сыяктуу да боло албайт. Анткени алар Пайгамбарды (АСМ) четке какса да башкаларын тааный алышат. Пайгамбарларды билишпесе да Аллахты тааный алышат. Аллахты билишпесе да мыктылыкка себеб болгон кээ бир сонун касиеттери табаалышат.
Бирок, бир мусулман пайгамбарларды да, Эгенини да, бардык мыктылыктарды да Мухаммад араби Алейхиссалаату вассалам аркылуу билет. Анын тарбиясын таштаган жана чынжырынан чыгып кеткен киши башка эч бир пайгамбарды (АС) тааныбайт жана Аллахты да тааныбай калат. Рухунда мыктылыкты сактай турган эч бир негизди билбейт. Анткени, пайгамбарлардын эн акыркысы, эн улуусу, дини жана дааваты жагынан бүткүл адамзат караганы үчүн, жана мужиза, дин жагынан да баарынан жогору, бардык адамзатка бардык акыйкат боюнча устат болуп, он төрт кылымдан бери жаркыратып орноткон жана адамзаттын сыймыгы болгон заттын негизги тарбиясын жана дининин эрежелерин таштаган адам, албетте эч бир жактан бир нур жана өркүндөө таба албайт. Эң тѳмѳн даражага түшүп кетүүгө дуушар болот.
Мына, эй дүйнѳ жашоосунун ырахатына туткун жана келечек менен тынчсыздануу менен келечеги жана жашоосуну камсыздоо үчүн тырмышкан бечаралар! Дүйнѳнүн даамын, ырахатын, бакытын жана жыргалын кааласаңар, мыйзамдуу тааладагы ырахатка канааттангыла. Алар ырахат алуу үчүн жетиштүү. Андан сырткары жана мыйзамсыз чѳйрѳдѳгү бир жыргалдын ичинде миңдеген кайгы бар болгондугун ѳткѳн баяндан албетте түшүнгөндүрсүз. Эгер ѳткѳндѳгү, тактап айтканда, өткөн замандагы окуяларды кино аркылуу учурда кѳзүбүзгѳ көрсөтүп жатканы сыяктуу, келечектеги акыбал дагы, мисалы элүү жылдан кийинки жагдайларды кино аркылуу көрсөтүлө турган болсо, күнөө кылып жүргөндөр азыркы күлүп жаткандарына жүз-миң жолу каргап жана жийиркенип ыйлашмак. Дүйнө жана акыретте тынымсыз жана түбѳлүктүү кубаныч каалаган адам, ыйман чөйрөсүндөгү Мухаммад (АСВ) тарбиясыны өзүнө жол көрсөткүч кылуусу зарыл.
4. Page
Бир жолу Эскишехир түрмѳсүнүн терезесинде отурган элем.
Бет мандайымдагы лицейдин чоң кыздары анын короосунда каткырып-күлүп бийлеп жатышканда аларды ал дүйнѳ бейишинде тозок хурилери сыяктуу көрдүм. Бирок дароо элүү жыл кийинки акыбалдары мага көрүндү. Алардын күлгөндөрү күйүттүү ыйга айланды. Андан бул акыйкат ачылып кетти. Тактап айтканда алардын элүү жыл кийинки абалдарын маңыздуу жана кыялдуу бир кино менен көрдүм. Ошол күлүп жаткан алтымыш кыздын элүүсү кабырда азап тартып жатышат, топуракка айланышкан. Калган он чактысы болсо, жетимиш жашында, өң-чырайдан кетип, ар кимдин жийиркенген назарын өзүнө буруп жатышат. Мен да аларга ыйладым.
Акыры замандын азгырыктарынын мазмуну мага көрүндү: Ал азыгырыктарыдын эң коркунучтуусу жана өзүнө тартуучусу – аялдардын бети жоктугунан чыгып жатат. Калоону ойготуп жетим көпөлөктөй күнөө отуна ыргытып жатат. Бир мүнөттүк дүйнѳ жашоосун түгөнбөгөн жашоого алмаштыртып жатат. Мен бир күнү көчөгө карап турганда ал азгырыктын таасири менен бир көрүнүктүү мисалыны сездим. Жаштарга аябай боорум ооруду. Бул аргасыз жаштар өздөрүн бул магнит сыяктуу тартып жаткан фитна отунан куткара алышпайт деп ойлонуп турган кезде, дароо ал акыры заман фитнасыны күйгүзгөн жана үйрөткөн динден баш тарткан бир топтун өкүлү пайда болду. Мен да ага жана андан сабак алган атеисттерге мынтип айттым:
5. Page
Эй тозок хурилери менен кумардануу жолунда динин курман кылган, жана күнөөлү адашуну жакшы көрүү менен күнѳѳ кылган, жана напсинин калоолору дамдары жолунда динсиздикти жана атеизмди кабыл кылган, жана жашоону ардактап сүйүп өлүмдөн абдан корккон, жана кабырды эске алууну каалабаган жана динден баш тартууну карманган бетпак! Кескин түрдө билгин: Динсиздик жагы менен, сенин бул чоң дүйнѳң, бул сааттан мурун жана бул мүнөттөн кийин жалпысынан сенин бул ааламың, жана ѳткѳн жана келечегиң, өтүп кеткен сенин түрүң жана тегиң, жана келе турган макулуктар менен урпактар жана өтүп кеткен дүйнѳлѳр жана улуттар жана келип жаткан инсандар менен коомдор жок жана өлүк. Мына инсаният жана акыл жагын менен алакаң болгон бардык ал сейилдеген дүйнѳлѳр жана ааламдар ар дайым сенин адашууңдун сурөттөөсү менен сенин башыңа дүйнѳ толо коркунучтуу жана чексиз бул өлүмдөрдүн кайгыларын жаадырып жатат. Сенин эсиң бар болсо, жүрөгүңдү күйгүзөт. Рухуң бар болсо, куйкалайт. Акылың өчпөгөн болсо, кайгы ичинде тумчуктурат. Эгер бир саат мастык абалындагы күнөкөр жана ыплас жыргалың бул чексиз күйүттөргө, капаланууларга, кайгыларга каршы келе алса, анда ал күнөкөр жашоодо кала бер. Болбосо, акылыңа кел. Ал руханий тозоктон кутулуу жана ыймандын бул дүйнѳдѳ дагы камсыз кылып берген руханий бейишке кирүү, жана жашоонун бактыны татуу үчүн Курандын сабагын ук. Майда өтүүчү бир мүнөттүк жыргалды жалпы туруктуу жана түбөлүктүү ыйманий1 жыргалдарга алмаштыр.
Дагы: «Мен айбан сыяктуу жашоомду өткөрөм» – деп айтпагын. Анткени, айбанга салыштырмалуу ѳткѳн, келечек гайып болуп эсептелинет. Даанышман жана Мээрман Улуу Кудай ал гайыпты аларга билдирбей аларга чексиз кайгылардан куткарган. А түгүл союлуу үчүн жаткырылган бир тоок эч бир азап жана кайгы сезбейт. Бычак кескен кезде гана сезем дейт. Бирок, ал сезгенүү да кетет. Ал кайгыдан да кутулат. Демек, Улуу Хак болго Кудайдын абдан чоң жана кооз бир ырайымы, мээрими жана ......... гаййыпты билдирбей койгону. Өзгөчө күнөөсүз жаныбарлар тууралуу дагы толук. Демек, күнөлүү жыргалдарда сен айбандарга жетише албайсың. Миң эсе төмөн түшөсүң. Анткени, айбанга салыштырмалуу гайбий болгон нерселерди сенин акылың көрүп турат. Кайгы алып жатат. Гайыптын жашыруусунда болгон чыныгы ырахаттан жалпысынан куру калгансың. Анын үстүнө сенин сыймыктанган боордоштук, урмат жана энтузиазм сыяктуу соонун касиеттериң ничке заманга чоң чөлдө бир бармактай жерге ээ жана чексиз заманда жалгыз азыркы саатка таандык болгондуктан калп, убактылуу, жасалма, негизсиз болуп жана өтө майдаланып сенин гуманизмиң менен мыктылыгың ошол өлчөмдө


