Бисмарктын Баяндамасы

31. Page

Ушул тема менен байланыштуу болгон Мунажат рисалесинин аягында إيمان باليوم الآخر негизине башка негиздердин айрыкча, “русул жана кутубун” күбөлүктөру кайрылып жалынуу түрүндө зикр кылынган абдан күчтүү жана ѳзгѳктүү, бардык шеккүмѳндѳрдү жойгон өлгөндөн кийин чогулуп тирилүүгө далил эч өзгөртүлбөстөн бул жерге алдык. Кайрылып жалынууда мындай деп айтылган:

Эй, Рабби Рахимим! Айкөл элчинин таалими менен жана даанышман Курандын сабагы менен мына муну түшүндүм: Куран жана айкөл расул баш болгон бардык ыйык китептер менен пайгамбарлар бу дүйнөнүн ар тарабында үлгүлѳрү көрүнүп жаткан жалалдуу жана жамалдуу ысымдарыңдын чагылуулары мындан да жаркыраган түрдө түбөлүктөрдүн түбөлүктөрүнө улана тургандыгына жана бул өтүмчүл ааламдагы ырайымдуулугунун чагылуулары менен үлгүлѳрү кѳрүнгѳн белектериңдин мындан да шаан-шөкөттүү түрдө бакыт жайында улана тургандыгына, маңгилигине жана бул кыска дүйнѳ жашоосунда аларды тамшануу менен караган, жана махабат менен жолдоштук кылган калоочулардын түбөлүктө дагы жолдоштук кыларына жана бирге болууларына баары чогулуп бирге күбөлүк, далдачылык жана ишаарат кылып жатышат.

Ошондой эле жүздөгөн анык мужизаларына жана айкын аяттарыңа таянуу менен айкөл расул жана даанышман Куран баш болгон бардык нурдуу рухтардын ээлери деп эсептелген пайгамбарлар жана бардык нурдуу жүрѳктѳрдүн уюктары болгон олуялар, бардык өткүр, нурдуу акылдардын булактары болгон сыддыктар, бардык асмандан 

32. Page

түшкөн баракчалар жана ыйык китептер Сенин абдан көп кайталаган убадаларыңа жана катуу эскертүүлѳрүңѳ таянып, анан дагы Сенин кудрет, ырайымдуулук, жардам, даанышмандык, жалал жана жамал сыяктуу акыретти талап кылган кутту сыпаттарыңа, шааныңа.. жана Сенин ыззат, жалалыңа, салтанат жана камкөрүүңө ишенип, ошондой эле акыреттин издерин жана агымдарын билдирген чексиз бет ачууларына, байкоолоруна жана илмий ынануу жана көрүү ынануу даражасында болгон акыйда жана ыймандарына негизинде түбөлүктүү бакытты инсандарга сүйүнчүлѳп жатышат. Ал эми адашкандар үчүн тозок, жана түз жолго түшкөндөр үчүн бейиш бар экендигин кабар берип жарыялап жатышат. Күчтүү ыйман келтирип күбөлүк берип жатышат...

Эй, Кадыры Хакиим! Эй, Рахмани Рахиим! Эй, Саадыкулваадил Кариим! Эй, Иззет, Азамет жана Жалал ээси болгон Каххару-Зул-жалал!.. Мынчалык садык досторуңду, мынчалык көп убадаларыңды, мынчалык көп сыпаттарыңды жана ишмердилигиңди жалганга чыгаруу, жокко чыгаруу жана камкөрүү салтанатыңдын катуу талап кылган нерселерин жокко чыгарып жасабай кою, жана Сен сүйгөн, алар да Сени тастыктап итаат кылуу менен өздөрүн Сага сүйдүрткөн, сансыз сүйүктүү кулдарыңдын акырет үчүн кылган чексиз дубаларын жана чакырыктарын четке кагуу жана укпай кою, ошондой эле ишенбестик жана баш көтөрүү менен сенин убадаларыңды жокко чыгаруу менен Сенин улуугуңа, жалалдуу ыззатыңа жана Кудайлыгыңдын аброюна шек келтирген жана камкордук мээримди иренжиткен адашкандар менен капырлардын өлгөндөн кийин чогулуп тирилүү четке кагуусунда аларды тастыктоодон жүз миң эсе ыйыксын, чексиз даражада аруусуң жана бийиксиң. Мындай чексиз зулумдан жана чексиз жийиркеничтен Сенин ошол чексиз адилеттүүлүгүңдү, чексиз жамалыңды, сансыз ырайымыңды чексиз даражада ыйыктап, аруулайбыз. «Ошол жүз миңдеген садык элчилериң, Салтанатыңдын чыныгы жарчылары болгон сансыз пайгамбарлар, изилдөчүлөр жана олуялар чыныгы ынануу, илим менен ынануу жана көрүп ынануу даражада Сенин акыреттик рахмат казыналарыңа, жана туруктуу ааламдагы белектердин кенчтерине жана бактылуулук жайда толугу менен көрүнгөн сонун ысымдарыңдын, укмуштай сонун чагылууларына берген күбөлүктөрү ак жана акыйкат. Ишараттары да туура жана дал келет. Сүйүнчүлѳрү да чын жана факт. Алар бардык ал акыйкаттардын булагы, Күнү жана коргоочусу болгон "Хак" ысмыңдын эң чоң шооласы болгон ушул кыяматтын улуу чындык экенине ыйман келтиришип, Сенин буйругуң менен, Сенин кулдарыңа чындык алкагында сабак берип жатат, жана да акыйкаттын дал ѳзү деп таалим берип жатышат.

Йаа Рабб! Булардын сабак жана таалимдеринин акысы жана урматы үчүн бизге жана Рисале-и Нур талебелерине бекем ыйман жана жакшы бүтүрүш бер. Жана бизди алардын шапааттарына ылайык кыл! Оомиин!...


Жана дагы Курандын, атүгүл бардык асмандан түшкөн китептердин чындыгын далилдеген жалпы далилдери менен аргументтери, жана Хабибуллахтын, атүгүл бардык пайгамбарлардын миссиясын далилдеген бардык укмуштуктары жана аргументтери баары биригишип эң чоң маселе болгон акыреттин боло тургандыгына далил боло алышат. Дал ошондой эле бар болуусу зарыл Заттын бар болгонуна жана бирдигине күбөлүк кылган кѳптѳгѳн далилдер менен аргументтер бүт бардыгы биригип, Анын кам көрүүчүлүгү жана кудайлыгын эң улуу негизи жана көргөзүлгөн жери болгон бактылуулук жайы жана түбөлүктүү ааламы бар экендигине жана ачыла тургандыгына күбөлүк кылышат. Анткени кийинки бөлүмдөрдө баяндалып далилдене турганы сыяктуу бар болуусу зарыл Заттын бар экендиги, Анын бардык сыпаттары, кѳптѳгѳн ысымдары, жана да Анын кам көрүүчүлүгү, кудайлыгы, ырайымы, жардамы, даанышмандыгы, 

33. Page

адилеттиги сыяктуу сыпаттары менен ишмердилиги керектүү өлчөмдө акыретти талап кылып, милдет даражасында туруктуу ааламды, жана зарылдык деңгелинде сыйлык жана жаза үчүн өлгөндөн кийин чогулуп тирилүүнүн болуп кетишин каалашат.


Ооба, эзелий жана эбедий бир Аллах бар болгондугуна караганда, албетте, Анын таухид салтанаты түбөлүктүү жери болгон акырет дагы бар. Ошондой эле бул ааламда жана жандууларда абдан шаан-шөкөттүү, даанышмандуу жана мээримдүү толук кам көрүүчүлүгү бар жана көрүнүп жаткандыктан, албетте ал кам көрүүчүлүнүн шааншөкөтүн тѳмѳндѳѳдѳн, даанышмандыгын курулайлыктан жана мээримин катаалдыктан куткарган түбөлүктүү бакыт жайы болушу керек жана ал жакка киришет.


Ошондой эле, көз менен көрүнгөн ушул сансыз ниметтер, жакшылыктар, сылыктыктар, белектер, жардамдар, ырайымдар кайып пардасынын артында Заты Рахман жана Рахим бир Заттын бар болгондугун өчө элек акылдарга, өлө элек жүрѳктѳргѳ көрсөтүп турат. Албетте, ниметтерди шылдыңдан, жакшылыкты алдоодон, жардамды кастыктан, рахматты азаптан, сылыктык жана белектерди кыянаттыктан коргогон, жана жакшылыкты жакшылык кылган, ниметти нимет кылган бир түбөлүктүү ааламда түбөлүктүү жашоо бар жана сөзсүз болот.


Ошондой эле, жаз мезгилинде жер бетинин тар барагына жүз миң китепти бирибиринин ичинде катасыз жазган бир кудрет калеми көз алдыбызда чарчабастан иштеп жатат. Ал эми ошол калемдин Ээси жүз миң жолу убада кылып сөз берген: «Бул тар жерде аралаш жана бири-биринин ичинде жазылган жаз мезгили китебинен да оңоюраак, кенен бир жерде сонун жана өлүмсүз бир китепти жазамын жана силерге окуттурамын» - деп бардык буйруктарында ошол китеп тууралуу айтууда. Албетте, кандай абал болбосун, ал китептин негизи жазылып коюлган жана түрүлүү жана чогулуу менен түшүндүрмөлөрү дагы жазылат. Ал эми жалпы адамдардын амал дептери ошол китепке тиркелет. Ошондой эле, бул жер планетасы макулуктардын көптүгү жагынан жана ардайым өзгөрүп турган жүз миңдеген түрдүү-түрдүү жандуулардын түрлөрү жана рухтуулардын турак жайы, булагы, фабрика-заводу, көргөзмөсү жана чогулуусу болуу менен бул ааламдын жүрѳгү, борбору, ѳзѳгү, натыйжасы жана жаратылыш себеби катары өтө чоң маниси бар. Жер кичинекей болсо дагы чоң асмандарга тең тутулуп келет. Асмандан түшкөн буйруктарда дайыма رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ деп айтылат.


Атүгүл бул маңыздагы жер шарынын ар тарабына ѳкүм жүргүзгөн, көпчүлүк макулуктарыны жумшаган, көпчүлүк жандууларды башкарып өзүнүн айланасына топтогон, көпчүлүк жаратылгандарды өзүнүн каалоолоруна карата муктаждыктарынын эрежелери менен өтө сонун ырастаган, көргөзгөн, кооздогон жана өтө кооз антиквардык түрлөрүн тизме сыяктуу ар бир жерде ушундай топтоп кооздоп койгон дейсиң, жалгыз гана инсан менен жиндердин назарлары эмес, керек болсо асмандагылардын да, ааламдагылардын да назарын, көңүлүн жана да аалам Ээсинин жактырган назарын ойготуу менен, абдан чоң мааниге жана баага арзыган, жана ушул ѳзгѳчѳлүгү менен бул ааламдын жаратылыш маңызы, улуу натыйжасы, баалуу мөмөсү жана Жер жүзүнүн халифасы болгондугун илмий аракеттери менен, өнөрлөрү менен көрсөткөн, жана дүйнѳ жагынан да ааламдын Устасынын укмуш өнөрлөрүн абдан сонун көргөзмөгө чыгаргыны жана тартиптегени үчүн каршы көтөрүлүп чыгуусу жана капырыдыгы менен дүйнѳдѳ калтырылган, жана азабы кийинкиге калтырылган, жана бул кызматы үчүн мөөнөтү узартылып жолдуу болгон Адамдын балдары бар.