Кадыр Туну Эстетилген Маанилуу Меселе

10. Page

жоктуктан улам пайда болгон түбѳлүктүү ажырашуулар ар дайым анын пикир аркылуу жашоосуна караңгылыктарды берип турат. Эгер ыйман жашоого жашоо болсо, анда өткөн заман да келечек заман да ыйман нуру менен нурданат жана бар болот. Азыркы учурдай эле руху менен жүрөгүнө ыйман жактан бийик жана руханий дамдарды жана бар болуу нурларды берет. Карыялар рисалесинин жетинчи суранычында бул акыйкаттын түшүндүрмѳсү бар. Ага карап чыгыңыздар.

Мына, жашоо ушундай. Жашоонун жыргалын жана даамын кааласаңар жашооңорду ыйман менен тирилткиле, парздар менен кооздогула жана күнөөлөрдөн тартынуу менен коргогула! Күн сайын, ар жерде жана ар дайым ѳлүмдѳрдүн көрсөтүп жаткан коркунучтуу ѳлүмдүн чыныдыгы болсо, башка жаштарга айтканым сыяктуу силерге да бир тамсил менен баяндап берейин:

Мисалы: бул жерде көз алдыңарда бир дар тургузулду.

Анын жанында лотерея (бирок өтө баалуу утуш билеттерин берип жаткан) мекемеси бар. Бул жерде турган ушул он киши баари бир кааласак да каалабасак да, эч башка айла жок, ал жакка чакырылабыз. А бирок чакыруу мезгили жашыруун болгондуктан ар мүнөттө:«Кел, жок болуу билетиңди ал, дарга чык!» же «Кел, миллиондогон алтындарды уткан билет сага туш келиптир, алып кет!» – деп, айтууларын күтүп турган кезде, капысынан эшиктен эки адам кирип келди. Бириси жарым жылаңач сулуу жана азгыруучу бир аял колуна сырттан караганда аябай таттуу көрүнгөн, бирок ууланган бир халваны алып келип жедирүүнү каалап жатат. Экинчиси болсо, алдабай турган жана алданбай турган олуттуу бир адам, ошол аялдын артынан кирди, мынтип айтты: «Силерге бир тылсым, бир сабак алып келдим. Буларды окусаңар, ал халваны жебесеңер ошол дардан кутуласыңар. Бул тылсым менен ошол теңдешсиз утуш билетин аласыңар. Ансыз деле бал жегендер ушул дарга асылып жатышкандыгын өз көзүңөр менен көрүп жатасыңар. Жана ал жерге жеткенге чейин да ошол халванын уусунан коркунучтуу ооруу азабын тартып жатасыңар жана ошол уулуу утуш билетин утуп алган адамдар караган адамга көрүнбөй жатат жана сырттан караганда алар да ошол дарга чыгып жаткандай болуп көрүнүп турат. Бирок, алардын дарга асылышпагандыгына, тескерисинче ал жерден сыйлык берүүчү бөлмөсүнө кирүү үчүн баскыч катары колдонушканына миллиондогон күбөлөр бар, кабар берип жатышат. Мына, терезеден карагыла. Эң чоң кызматкерлер жана бул иш менен байланышы бар болгон улуу адамдар бийик үн менен мынтип жарыялап, кабар берип жатышат: Ошол дарга бараткандарды өз көзүңөр менен көрүп жатканыңар сыяктуу, бул утуш билетин да тылсым окугандар ала турганына эч кандай шек деп күндүздөй анык билгиле! – деди.

Мына ушул тамсилдегидей заардуу бал сыяктуу болгон шариаттын сыртындагы жаштыктын күнөөкөр кумардануулар түбөлүктүү казынанын жана туруктуу бакыттын билети жана күбѳлүгү болгон ыйманды жоготуп койгондугу үчүн дар сыяктуу болгон өлүм менен түбөлүктүү караңгылык эшиги болгон кабырдын балекетине так көрүнгөндөй болуп түшөт. Жана ажал жашыруун болгондугу үчүн жаш-кары деп айырмалабастан ар дайым ажал желдети башын кесүү үчүн келип калышы мүмкүн. Эгер ошол заарду бал сыяктуу болгон шариаттын сыртындагы кумарданууларды таштап Куран сыры болгон ыйман менен парздарды колго алып адатта болбогон адам тагдырындагы лотореядан чыккан түбөлүктүү бакыт казынасынын билетин утуп аларына жүз жыйырма төрт миң

11. Page

пайгамбарлар (аларга салам болсун) менен кошо сансыз олуялар жана акыйкат ээлери бир болуп кабар берип жатышат жана тасирлерин көрсөтүп жатышат.

Жыйынтыктоо: Жаштык сөзсүз кетет. Күнөлөрдө кеткен болсо, дүйнѳдѳ да, акыретте да миңдеген балээлер менен кайгыларды натыйжа берерин жана ошондой жаштар көпчүлүк учурда жаман колдонуу менен ысыраптан келген күмѳндүү оорулар менен ооруканаларга, кызыл кандуулуктары менен түрмөлөргө же болбосо бомжканаларга жана руханий кайгылардан пайда болгон буулугуудан улам ичимдик ичүүчү жайларга түшөөрүн түшүнгүңөр келсе, ооруканалардан, түрмөлөрдөн жана мүрзөлөрдөн сурагыла. Албетте, ооруканалардын көпчүлүгү абал тили менен жаштыктын түрткүсү менен ысыраптан жана жаман колдонуудан улам пайда болгон оңтоолор менен өкүнүчтөрдү укканыңар сыяктуу, түрмөлөрдөн дагы көпчүлүк жаштардын кызыл кандуулугунан улам, күнөө чөйрөдөгү аракеттеринин шапалактарын жеген бактысыз жаштардын ѳкүнүчтѳрүн угасыңар. Ошондой эле, мүрзөлөрдө жана ар дайым ал жакка кирип жаткандар үчүн эшиктери ачылып жабылып турган ошол бархаз ааламында – кабырдагы акыбалдарды көрөалган кишилердин байколору менен жана бардык чындык ээлердин тастыктоолору жана күбөлүктөру менен – кѳпчүлүк азаптар жаштыкты жаман колдонуу натыйжасында болгондугун билесиңер. Анын үстүнө адамзаттын кѳпчүлүгүн түзгѳн карыялар менен оорулуулардан сурагыла. Албетте кѳпчүлүгү ѳкүнүчтѳр жана армандар менен: «Аттиң, жаштыгыбызды жок жерге атүгүл өзүбүзгө зыяндуу кылып жок кылдык. Абайлагыла, биз сыяктуу болбогула!» – деп айтышат. Анткени, беш-он жылдык жаштыктын, күнөлүү дамдары үчүн дүйнѳдѳ да көптөгөн жылдар кайгы- капа, жана берзахта да азап менен зыян, жана акыретте да тозок жана Сакар балээсин тарткан адам, эң боор ачый турган бир ِال َّض َرِر الَ يُ ْن َظ ُر لَهُ да турса болуп абалда ِضى ب را َّلَاэрежеси боюнча, эч кандай боор ачууга ылайык болбойт. Анткени, зыянга өзү ыраазы болуусу менен кирген адамга мээримдүүлүк кылынбайт жана ырайымга ылайык эмес. Улуу Кудай баарыбызды бул замандын өзүнө тарткан фитнасынан куткарсын жана сактасын. Аамин!