Кара Тыттын Бир Момосу
NAVIGATION
29. Page
Башта укмуш баяндалган Курандын акыйкат экенин далилдеген бардык мужизалары, далилдери жана аргументтери дароо өлгөндөн кийин тирилүүнүн акыйкатынын иш жүзүнө ашарына жана болуп кетерине кубөлүк бурип далилдешет. Анткени, Курандын дээрлик үчтөн бир бөлүгү акырет тууралуу баяндайт, ал эми көпчүлүк кыска сүрөлөрдүн баштарында өлгөндөн кийин чогулуп тирилүү жөнүндө айтылган абдан күчтүү аяттар бар. Кээде ачык, кээде ишараттуу түрдө миңдеген аяттары менен дал ошол акыйкатты кабар берет, далилдейт жана көрсөтөт. Мисалы:
.إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ. يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمْ ۚ إِنَّ زَلْزَلَةَ ٱلسَّاعَةِ شَىْءٌ عَظِيمٌ. إِذَا زُلْزِلَتِ ٱلْأَرْضُ زِلْزَالَهَا. إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتْ
.إِذَا السَّمَاءُ انْشَقَّتْ. عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ. هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلْغَٰشِيَةِ
сыяктуу, отуз-кырк сүрөѳлөрдүн башында кескин түрдө акырет акыйкаты ааламдын эң маанилүү жана важиб бир акыйкаты болгондугун көрсөтүү менен бирге, башка аяттар дагы ошол акыйкаттын түрдүү-түрдүү далилдерин баяндап ынандырышат.
30. Page
Бир эле аяттын бир эле ишаараты көз алдыбызда ислам илимдеринде кѳптѳгѳн билим жана табигый акыйкаттарды мѳмѳ берип жаткан бир китептин мындай миңдеген күбөлүктөрү жана чакырыктары аркылуу күн сыяктуу ачык болгон акыретке ыйман келтирүүнүн акыйкатсыз болуп калышы мүмкүнбү? Күндү четке кагуу же ааламды жокко чыгаруу сыяктуу бир мүмкүнчүлүк жагы барбы? Бул жүз эсе мүмкүн эмес жана жалган болбойбу?
Бир падышанын жалгыз бир ишааратын жалганга чыгарбоо үчүн кээде бир кошуун аскер козголуп кагылышса да, ал өтө олуттуу жана ызаттуу падышанын миңдеген сөздөрүн, убадаларын, коркутууларын жалганга чыгаруу мүмкүнбү? Чындыксыз болуусу мүмкүнбү?
Он үч кылым бою үзгүлтүксүз түрдө, эсепсиз рухтарга, акылдарга, жүрѳктѳргѳ, напистерге ак жана акыйкат чѳйрѳсүндѳ өкүмүн сүрдүргөн, тарбиялаган, башкарган бул руханий шарапатту Султааны бир гана ишаараты мындай акыйкатты далилдѳѳгѳ жетиштүү болсо да, миңдеген аныктоо менен бул өлгөндөн кийин чогулуп тирилүү акыйкатын көрсөтүп далилдегенден кийин, ал акыйкатты тааныбаган бир караңгы акмак адам үчүн тозок азабы зарыл болбойбу? Аны тозокко салуу адилеттүүлүктүн дал өзү эмеспи? Жана да бардык замандарга, бардык доорлорго өкүмүн жүргүзгөн бардык асмандан түшкөн барактар менен ыйык китептер да бүткүл келечекке жана баардык замандарга өкүмчүлүк кылган Курандын майда-чүйдөсүнө чейин болгон түшүндүрмѳллѳрү менен кайталоосу аркылуу баяндап, далилдеген акырет акыйкатын кылымдарына жана замандарына жараша, ал акыйкатты анык түрдѳѳ кабылдоо менен бирге тафсилатсыз, пардалуу жана кыскача түрдө баяндоосу, бирок күчтүү бир ыкмада далил жана ырастоолору Курандын чакырыгын миңдеген мѳѳр менен тастыкташат.


