Хуве Туюнтмасы

26. Page

Камкор Кудайдын жагымдуу бир колдоосу: Мындан отуз жыл мурда эски Саид жазган тафсиринин кириш сѳзү болгон «Мухакемат» аттуу чыгармасынын аягында «Экинчи максат: Куранда өлгөндөн кийин чогулуп тирүүгө ишаарат кылган эки аят тафсир жана баянн кылынат. بسم الله الرحمن الرحيم  – деген бойдон токтоп калган. Андан ары жаза алган эмес. Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү боюнча далилдери жана белгилери канча болсо, ырайымдуу Жаратканга ошончолук шүкүр жана хамд болсун, анткени отуз жылдан кийин ийгилик насип кылды.

Ооба, мындан тогуз-он жыл мурда, ошол эки аяттын биринчи аяты болгон فَٱنظُرْ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحْمَتِ ٱللَّهِ كَيْفَ يُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ деген Аллахдын буйругунун эки жаркыраган жана өтө кубаттуу далилдери менен тафсирлери болгон Онунчу Сөз менен Жыйырма тогузунчу Сөздү неймат катары берди, баш тарткандардын жаагын жапты. Ошондой эле акыретке ыймандын кыйрагыс эки бекем чебинен, тогуз-он жылдан кийин, экинчи аяты болгон жогорудагы аты аталган уулу айаттын тафсирин бул рисале аркылуу белек кылды. Мына ушул Тогузунчу Шуа жогорудагы аты аталган аяттар менен ишаарат кылынган [тогуз бийик макам] менен бир [маанилүү кириш сөз]дөн турат.

[Кириш сөз] Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү акыйдасынын көптөгөн руханий пайдаларынан жана жашоо натыйжаларынан бир гана жалпы натыйжаны кыскача баяндоо, жана инсан жашоосуна, ѳзгѳчѳ коомдук жашоосуна канчалык керектүү жана зарыл болгондугун кѳрсѳтүү жана бул хаширге ыйман акыйдасын көптөгөн далилдеринен

27. Page

бир гана толук далилин корутунду түрдө көрсөтүү жана ошол хашир акыйдасын канчалык ачык жана шексиз экендигин түшүндүрө турган [эки түйүн]:

[Биринчи түйүн] Акырет акыйдасы адамзаттын коомдук жана жеке жашоосунун түпкү негизи, бакыты жана өркүндөп өсүүсү болгонуна жүздөгөн далилдерден салыштырма катары төртѳѳнѳ гана ишаарат кылабыз:

[Биринчиси] Адамзаттын дээрлик жарымын түзгѳн жаш балдар бир гана бейиш пикири менен аларга коркунучтуу жана ыйлатуучу болуп көрүнгөн өлүмгө жана ажалдарга каршы туруштук бере алышат. Жана абдан алсыз, назик денелеринде бир раханий кубат таба алышат. Баарынан тез ыйлаган, ѳтѳ күчсүз рух табиятында ошол бейиш пикири менен бир үмүт таап, кубанып жашай алышат. Мисалы, бейиш пикири менен мынтип айтат: «Менин кичинекей иним же бир досум өлдү, бейиштин кушу болду. Бейиште учуп жүрөт, бизден да жакшы жашайт жана ырахат алат». Болбосо, ар дайым айланасындагы өзү сыяктуу наристелер менен улуу адамдардын өлүмдөрү ошол алсыз бечаралардин тынчсызданган назарларына көрүнүүсү чыдамкайлыктарын жана руханий кубаттарын талкалап, көздөрү менен бирге рух, жүрѳк, акыл сыяктуу бардык назик сезимдерин да ыйлаттырат, же жок кылып, же болбосо бактысыз бир акмак бетбак болуп калат.

[Экинчи далил] Адамзаттын бир багытта жарым түзгѳн карыялар жалгыз гана акыреттик жашоо менен жакындап калган кабырга каршы чыдамкайлык кѳрсѳтѳ алышат. Бекем байланышта болгон жашоолорунун жакында өчүүсүнө жана сонун дүйнѳлѳрүнүн жабылуусуна каршы ѳздѳрүн соорото алышат. Жаш наристе сымал тез таасирленген рухтарында жана табияттарында өлүм жана ажыроодон пайда болгон кайгылуу жана коркунучтуу үмүтсүздүккѳ каршы жалгыз түбөлүктү жашоо үмүтү менен гана туруштук бере алышат. Болбосо ошол мээримге ылайык болгон урматтуу карыялар, тынчттыкка жана жүрѳк тынчтыгына абдан муктаж болгон ал тынчсызданган аталар менен энелер ушундай бир рух кайгысын жана жүрѳк титирѳѳсүн сезишмек эле, бул дүйнѳ аларга бир зындан, жашоо дагы кесепеттүү бир азап болмок.

[Үчүнчү далил] Инсандардын коомдук жашоосунун эң кубаттуу өзөгү болгон жаштар менен өспүрүмдөр кызуу кандуу ойноктогон сезимдеринин жана чектен ашып кеткен напис жана кумарданууларынын баскынчылыгынан, зулумундан жана талкалоолорундон токтотуп калган, жана коомдук жашоону жакшы өтүшүн камсыз кылып турган нерсе – жалгыз гана тозок пикири болуп турат. Болбосо, тозок коркуусу болбогондо الحُكمُ لِلغَالِب эрежеси боюнча ошол мас болгон жаштар сезимдеринин айынан аргасыз калган алсыз жана күчсүз адамдарга бул дүйнѳнү тозокко айландырышаар эле жана эң бийик адамкерчиликти ѳтѳ төмөн айбандыкка айлантып салышмак эле.

[Төртүнчү далил] Адамзаттын дүйнѳ жашоосунда эң тартиптелген борбор, эң негиздүү пружина, дүйнѳ бакыты үчүн бейиш, калкалоо жана корголо турган жай - үйбүлѳ турмушу. Ар бир адамдын үйү анын кичинекей бир дүйнөсү болуп саналат. Ошол үй менен үй-бүлѳ турмушунун улануусу жана бакыты, олуттуу чын-дилден жана кайрымдуу сый-урмат, чыныгы, ырайымдуу жана берилген мээрим аркылуу боло алат. Ушул чыныгы урмат жана олуттуу мээрим болсо, түбөлүктүү достук, түгөнгүс жолдоштук, туруктуу бирге болуу, чексиз бир заманда жана соңсуз бир жашоодо бири-бири менен аталык, балалык, бир туугандык жана достук сезимдер менен байланышта болуу пикири жана акыйдасы менен гана боло алат.

Мисалы, «Бул жубайым түбөлүктүү ааламда түбөлүктүү бир жашоодо түгөнгүс жашоо жолдошум. Азырынча картайып, жүзүнөн сулуулугу кетсе дагы эч кандай зыяны жок. Анткени, анын кайтып келе турган түбөлүктүү бир сулуулугу бар. Мына ушундай 

28. Page

түбѳлүктүү жолдошумду эске алып, бардык курмандыкка даярмын жана ага мээрим төгөмүн деп ошол улгайган аялына бейиштин сулуу үр кыздарына болгон махабат, ырайым жана мээрим менен мамиле түзөт. Болбосо, кыска бир-эки сааттык сырткы жолдоштуктан кийин түбөлүк ажырашуу жана айрылууга дуушар болгон достук, албетте ѳтѳ убактылуу, сырткы, негизсиз, айбандардай өздөрунө болгон боор оору сыяктуу кыйыр мээрим жана жасалма урмат кылган болот. Айбандарда болгон сыяктуу башка пайдалар жана башка күчтүү сезимдер ошол урмат менен мээримди жеңип ал дүйнѳ бейишин тозокко айландып коет.

Мына, өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүүгө ишенүүнүн жүздөгөн натыйжаларынан бирөөсү адамзаттын коомдук жашоосуна тийешелүү. Ушул бир эле натыйжанын да жүздөгөн жактары менен пайдаларындан жогоруда айтылган төрт далилге башкалары салыштырылса, өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү акыйкатынын иш жүзүнө ашуусу жана болуп кетүсүү инсанияттын бийик акыйкаты жана жалпы муктаждыгы даражасында экендиги бекем түрдө түшүнүктүү болот. Атүгүл адамдын ашказанындагы муктаждыгынын бар болуусу тамактардын бар экендигине далил жана күбөлүгүндөн дагы айкын жана кѳбүрѳѳк чындыкка ашарын билдирип турат. Эгерде ушул өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү акыйкаты натыйжалары инсанияттан чыкса, ошол өтө маанилүү, улуу жана тирүү болгон инсаният маңызын ыплас микроб уясы сыяктуу ѳлүк айбандын деңгээлине түшүп кала турганын далилдейт. Адамзатты башкаруу, кулк-мүнөз жана коомдук иштери менен көп алектенген социологдордун, саясатчылардын жана моралисттердин кулактары зыңылдасын! Кана эми ушул боштукту эмне менен толтура алышаар экен? Бул терең жараларды эмне менен даарылайт экен?

[Экинчи түйүн] Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү акыйкатынын чексиз аргументтеринен жана ыймандын башка негиздеринен келген күбөлүктөрдүн ѳзѳгүнөн чыккан бир аргументти абдан кыска түрдө мындайча баяндайт:

Азрети Мухаммед (алейхиссалату вас-салам)дын элчилик миссиясын ырастаган бардык мужизалары (укмуштуктары), пайгамбарлыгынын далилдери жана тууралыгынын бардык аргументтери чогуу өлгөндөн кийин тирүүлүү акыкатынын ишке ашуусуна күбөлүк берип аныктайт. Анткени, бул заттын бүт өмүрүндөгү бардык чакырыктары Кудайдын бирдигинен кийин эле акыреттин айланасында топтолгон. Ошондой эле бардык пайгамбарларды тастыктаган жана тастыктаткан бардык мужизалары менен далилдери, дал ошол акыйкатка күбө болушат. Жана да و بِرُسُلِهٖ , сөзүнөн пайда болгон و كُتُبِهٖ күбөлүктү апачык даражасына чыгарган күбөлүгү дагы дал ошол акыйкатка күбө болот. Мындайча:

29. Page

Башта укмуш баяндалган Курандын акыйкат экенин далилдеген бардык мужизалары, далилдери жана аргументтери дароо өлгөндөн кийин тирилүүнүн акыйкатынын иш жүзүнө ашарына жана болуп кетерине кубөлүк бурип далилдешет. Анткени, Курандын дээрлик үчтөн бир бөлүгү акырет тууралуу баяндайт, ал эми көпчүлүк кыска сүрөлөрдүн баштарында өлгөндөн кийин чогулуп тирилүү жөнүндө айтылган абдан күчтүү аяттар бар. Кээде ачык, кээде ишараттуу түрдө миңдеген аяттары менен дал ошол акыйкатты кабар берет, далилдейт жана көрсөтөт. Мисалы:

.إِذَا الشَّمْسُ كُوِّرَتْ. يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱتَّقُواْ رَبَّكُمْ ۚ إِنَّ زَلْزَلَةَ ٱلسَّاعَةِ شَىْءٌ عَظِيمٌ. إِذَا زُلْزِلَتِ ٱلْأَرْضُ زِلْزَالَهَا. إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنفَطَرَتْ

.إِذَا السَّمَاءُ انْشَقَّتْ. عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ. هَلْ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلْغَٰشِيَةِ

сыяктуу, отуз-кырк сүрөѳлөрдүн башында кескин түрдө акырет акыйкаты ааламдын эң маанилүү жана важиб бир акыйкаты болгондугун көрсөтүү менен бирге, башка аяттар дагы ошол акыйкаттын түрдүү-түрдүү далилдерин баяндап ынандырышат.