Мазмуну

1. Page

Жаштарга Жол Көрсөткүч

Автору: Бедиуззаман Саид Нурси

МАЗМУУНУ:

1. Жаштарга жол көрсөткүч: Он үчүнчү сөздүн экинчи бөлүгү

2. Жетинчи сураныч: Карыялар рисалесинен.

3. Алтынчы маселе: Мѳмѳ рисалесинен.

4. Тогузунчу шуа: Тирилүүгө кириш сөз рисалеси.

5. Хуве нуктеси: Ой-кыял саякаты

6. Кара тыттын бир мѳмѳсү: Он жетинчи сөздүн экинчи бөлүгү

بسم الله الرحمن الرحيم 


Өзүнө тартучуу азгырыктарга кармалып калган бирок ээсини жоготбогон кээ бир жаштар менен маектешүү.


Бир топ жаш азыркы алдоочу жана өзүнө тартучуу оюн-зооктор менен кумардануулар кол салып турганда «Акыретибизди кантип куткарабыз?» деп Рисале-и Нурдан жардам сурашты. Мен дагы Рисале-и Нурдун руханий кишилиги атынан аларга минтип айттым: Кабыр бар, эч ким аны четке кагаалбайт. Кааласа да, каалабаса да баары ал жайга барат. Ал эми ал жайга кирүү үчүн да үч ыкма менен болгон [үч жолдон] башка жол жок.

[Биринчи жол] Ал кабыр – ыймандуулар үчүн бул дуйнөдөн дагы сонун ааламга чыккан эшик болот.

[Экинчи жол] Акыретти тастыктаган, бирок күнөөлөргө батып адашууда жүргөндөргө түбөлүктүү түрмө жана бардык достордон ажыраткан бир кишилик капас, жалгыз камала турган бир түрмѳнүн эшиги. Ошондой көргөндүгү, этикад кылгандыгы жана ишенгениндей жүрбөгөндүгу үчүн ошого жараша мамиле көрөт.

[Үчүнчү жол] Акыретке ишенбей адашып четке каккандар үчүн кабыр түбөлүктүү жок болуу эшиги. Башкача айтканда өзүн дагы, бардык сүйгөндөрүн дагы жок кылуучу дар болот. Ошондой деп билгени үчүн жаза катары дал ошону көрөт. Бул эки жол ачык, далил да талап кылбайт, көз менен көрүнүп турат. Ажал жашыруун болгонуна караганда өлүм да ар дайым башынды кесүү үчүн келип калышы мүмкүн. Жаш-кары деп карап айрымалабайт. Албетте дайыма көз алдындагы ошондой чоң коркунучтуу бир