Олгондон Кийин Чогулуп Тирилуу Тууралуу Кириш Соз (Тогузунчу Шуа)
NAVIGATION
18. Page
караңгылыктар жүз эсе көбөйө турган болсо да, бары бир ал нур аларга каршы жетишерлик болор эле. Бардык ал коркунучтарды ар бирин бирден жоотууга жана ал карангылыктарды ар бирин бирден кѳнүмүшкѳ айландырды. Мындайча:
Ыйман – ошол чоочун өткөн замандын чоң мүрзөсүндөй болгон көрүнүшүн жыртып кѳнүмүш нур отурушу жана достор чогулушу болгонун көзгө ынандыргандай кылып чындыкка дал келетургандай кылып көрсөтүп койду.
Ыйман – кайдыгер назар менен чоң кабырдай болуп көрүнүп жаткан келечек заманды сүйүктүү бакыт сарайларында бир Рахманий той отурушу сыяктуу илмий ынандыруу ыкмасы менен көрсөттү.
Ыйман – кайдыгер назар менен табыт абалында көрүнгөн учур чакты жана ошол күндүн табыттай болгон акыбалын сындырып ал азыркы күндү акыреттин соода дүкөнү жана шаан-шөкөттүү бир Рахманий мейманкана образында байкатып көрсөттү.
Ыйман – кайдыгер назар менен караганда өмүр дарагынын башында турган жаназа түрүндө көрүнгөн жалгыз мөмөсү жаназа эмес экенин, тескерисинче түбөлүктүү бир бакытка умтулган рухумдун эскирген уясынан жылдыздарда сейилдеп жүрүү үчүн чыккандыгын илмий ынандыруу ыкмасы көрсөттү.
Ыйман – сөөктөрүм менен жаратылышымдын башталышындагы топурагымдын алдында тепселенип маанисиз, жок болуп кеткен сөөктөр эмес экендигин, тескерисинче ал топурак – ырайым эшиги жана бейиш залынын бир пардасы болгондугун ыйман сыры аркылуу көрсөттү.
Ыйман – кайдыгер назар менен артымдагы эчтикте жана жоктук караңгылыктарында тоголонуп бараткан дүйнөнүн акыбалын Куран сыры аркылуу мындайча көрсөттү: Ал сырткы караңгылыкта тоголонгон дүйнѳ болсо, милдетин бүтүргөн, маңызы чыккан, өзүнүн ордуна натыйжаларын бар болгон ааламда калтырып кеткен кээ бир Самед болгон Кудайдын каттары жана Субхандын оймо баракчалары болгондугун көрсөттү. Дүйнѳнүн ички жүзү эмне болгонун илмий ыкмалар менен билдирди.
Ыйман – алдыда көзүн ачып мени карап турган кабырды жана кабырдын артындагы түбөлүккө кеткен жолду Куран нуру менен мындайча көрсөттү: Ал кабыр – чуңкурдун кириши эмес, тескерисинче, нур ааламанын эшиги. Ал жол болсо, жоктукка жана жок болууга эмес, тескерисинче, бар болууга, нуристанга жана түбөлүктүү бакытка алып баруучу жол экенин толук канаат бере турган даражада көрсөтүп бергендиктен, бардык дарттарыма дары жана шыпаа болду.
Ыйман – колунда кичинекей бир ээ болуу болгон майда эркинин ордуна ошол чексиз душмандар менен караңгылыктарга каршы чексиз бир кудуретке таянуу жана чексиз бир ырайымга байлануу үчүн ошол майда эрктин колуна бир күбѳлүк берет, балким ыйман ошол майда эрктин колундагы бир күбѳлүк болот. Анын үстүнө ал майда эрк болгон инсандын куралы чындыгында алсыз, кыска жана кемчиликтүү. Бирок мисалы, бир аскер кичинекей кубатын өкмөттүн аты менен колдонгон кезде өзүнүн кубатынан миң эсе көп иштерди аткарат. Дал ошол сыяктуу ыйман сыры менен ошол кичинекей майда эрк
19. Page
Улуу Кудайдын наамына, Анын жолунда колдонсо, беш жүз жыл кенендиктеги бейишти дагы ээ болоалат.
Жана ыйман – өткөн жана келечек замандарга өтүп кете албаган ошол майда эрктин тизгинин дененин колунан алып жүрөк менен рухка тапшырат. Рух менен жүрөктүн жашоо чөйрөсү болсо дене сыяктуу азыркы заман менен гана чектелбегендиктен көптөгөн жылдар өткөн чактан, көптөгөн жылдар келечектен жашоо чөйрөсүнө киргендигинен ошол майда эрк – майдалыктан чыгып жалпылыкка ээ болот. Өткөн замандын эң терең аңдарына ыйман күчү менен кирип кайгылардын караңгылыгыны жойгондой эле ыйман нуру менен келечектин эң алыскы тоолоруна чейин чыгат жана коркууларды жок кылат.
Мына, эй мен сыяктуу карылыктын кыйынчылыктарын тарткан чал-кемпирлер! Алхамдулиллах, биз ыймандуубуз жана ыйманда ушунчалык нурдуу, дамдуу, сүйкүмдүү жана ширин казыналар бар. Карылыгыбыз бизди бул казынанын ичине дагы да көбүрөөк тартканына караганда, албетте, ыймандуу карылыктан шектенүүнүн ордуна тескерисинче миңдеген рахматтарды айтышыбыз керек.
Саид Нурси
20. Page
Алтынчы маселе
(Деңизли түрмѳсүнүн мөмөсү рисалесинен)
Рисале-и Нурдун көп жерлеринде түшүндүрмѳсү жана чексиз анык далилдери бар болгон Аллахга ыйман негизинин миңдеген жалпы аргументтеринен жалгыз бирөөсүнө ишаарат кылынат. Кастамонуда лицей окуучуларынан бир тобу мага келишти. «Бизге Жаратканыбызды таанытып бериңиз. Мугалимдерибиз Аллах жөнүндө сөз кылбайт» – деп айтышты. Мен да аларга айттым: «Силер окуп жаткан так билимдер ар бир билим өздөрүнүн өзгөчө тилдери менен ар дайым Аллахтан айтып Жаратканды таанытууда. Мугалимдерди эмес, аларды уккула».
Мисалы, ар бир идишиңде керемет жана аяр өлчөм менен өлчөнүп алынган тирүү пасталар жана дарылары бар болгон укмуштуудай бир дарыкананы элестетейли. Шексиз түрдө абдан өнөрлүү бир химик жана даанышман бир дарыгер бар экенин көрсөтөт. Дал ошондой эле, Жер шарынын дарыканасында болгон төрт жүз миң түрдүү өсүмдүк менен жаныбар идиштериндеги тирүү пасталар жана дарылар жагынан, бул базардагы дарыканадан канчалык мыкты жана чоң болуусуна салыштырмалуу, окуп жаткан медицина илиминмн ѳлчѳмү менен салыштырганда, жер планетасынын чоң дарыканасынын дарыгери болгон Улуу Даанышман Аллахды сокур көздөргө да көрсөтөт жана таанытат.
Дагы бир мисал, ушундай укмуш бир фабриканы элестеткиле, ал жерде түрдүүтүрдүү кездемелерди жөнөкөй бир материалдан токуйт. Эч күмөнсүз ошол фабрикаторду жана өнөрлүү механикти таанытат. Дал ошол сыяктуу Жер планетасы деп аталган жүз миң баштуу, ар бир башында жүз миңдеген кынтыксыз фабрика-заводдору бар болгон бул сейилдѳѳчү Камкор Кудайдын машиналары адамдын фабрикаларынан канча даража чоң
21. Page
болсо, кынтыксыз болсо, силер окуп жаткан механика билими менен салыштырганда, ошончолук даражада Жер планетасын устасын жана ээсин билдирет жана таанытат.
Дагы бир мисал, өтө мыкты миң бир түрдүү тамак-ашты ар тараптан тартып ичинде абдан иреттелип даярдалган кампа, жана азык түлүктөрдү сактай турган склад менен дүкөндөр шексиз түрдө укмуштай азык-түлүк жана тамак-аш кожоюнун, ээсин жана кызматкерин билдирет. Дал ошол сыяктуу, бир жылда жыйырма төрт миң жылдык бир орбитрда тартиптүү түрдө саякаттаган, түрдүү-түрдүү азыктарга муктаж болгон жүз миңдеген тайпаларды ичине алган, жана саякаты менен бирге ар мезгилдерге учурап, жаз айларын чоң бир вагон сыяктуу миңдеген түрдүү-түрдүү даамдар менен толтуруп алып, кышында азыгы түгөнгөн аргасыз калган жандууларга алып келип берген, жана Жер планетасы деп аталган ушул Рахманий азык-түлүк кампаны жана бир Субхандын кемесини миң бир түрдүү жабдыктарды, малдары жана консерваларын көтөрүп жүргөн бул склад менен Раббани дүкөнү, ошол фабрикадан канчалык чон жана кынтыксыз болсо, силердин окуп жаткан же болбосо окуй турган азык-түлүк технологиясы менен салыштырганда ошол даражада Жер шарынын складынын ээсин, тескөөчүсүн жана уюштуручусун билдирет, таанытат жана сүйдүрөт.
Дагы бир мисал катары: Ичинде төрт жүз миңдеген улут болгон, ар бир улуттун ырыскысы башка, колдонгон куралы башка, кийген кийимдери башка, таалимдери башка жана демобилизациясы да башка болгон бир армиянын даасыккан командири жалгыз бардык ошол башка-башка улуттардын башка-башка азыктарын, түрдүү түрдүү куралдарын, кийимдерин жана жабдыктарын, эч бирисин унутпастан жана адаштырып жибербестен берип жаткан ошол укмуштуудай армия жана аскердик базасы эч күмөнсүз жана аныктоо менен ошол укмуш командирдин бар экенин көрсөтөт, жогорку даражада баа бердирип сүйдүрөт. Дал ошол сыяктуу эле, жер бетинин аскердик базасында жаз сайын курал астына алынган Жараткандын жаңы армиясында өсүмдүктөр жана жаныбарлардан төрт жүз миң түрүнүн ар кандай кийими, азыгы, куралы, мобилизация жана демобилизациялары абдан кынтыксыз, тартиптүү жана эч бирисин унутпастан жана адаштырбастан бир гана Улуу Командир тарбынан берилген Жер шарынын жаз аскердик базасы канчалык даражада жогоруда айтылган инсан армиясынан жана базасынан чоң жана кынтыксыз болсо, силердин окуй турган аскердик илимдер менен салыштырганда эстүү жана көңүл коючуларга ошол даражада Жер шарынын Даанышманын, Уюштуручусун, Кам көрүчүсүн жана Ыйык Командирин таң калтыруу менен жана аруулатуу менен билдирет. Даңктоо жана тасбих менен сүйдүрөт.
Дагы бир мисал: Укмуштуудай кереметтүү бир шаарда миллиондогон электр лампалары кыймылдап бардык жерлерде учуп жүрүшсө, күйүүчү заттары эч түгөнбөгөн түрдөгү электр лампалары менен заводдору, эч күмөнсүз жана анык түрдө ошол электрти башкарган, жана көчмө лампаларды жасаган, фабрика-заводдорду курган жана күйүүчү материялдарды камсыз кылып жаткан дассыккан устаны жана чексиз даражада кудуреттүү бир электрикти акылыбызды таң калтырып жана сүйүндүрүп таанытат, «Жашасын» деп айтырып жакшы көрдүрөт. Дал ошол сыяктуу бул аалам шаарында дүйнѳ сарайынын чатырындагы жылдыз лампалары – астрономиянын айткандарына караганда, кээ бирлери жер планетасындан миң эсе чоң жана замбиректин огунан жетимиш эсе ылдам менен аракет кылышса да, тартибин бузушпайт, бири бири менен кагышып кетишпейт, өчүп калбайт жана күйүүчү материялдары түгөнүп калбайт. Силер окуп
22. Page
жаткан астрономия илиминин айткандарына караганда, жер шарынан бир миллион эсе чоң, бир миллион жылдан да көбүрөөк жашаган, Камкор Кудайдын мейманканасында бир лампа жана бир жылыткыч болгон күнүбүздүн өчпөстөн күйүп туруусу үчүн, күн сайын жер планетасынын деңиздериндей газдар, тоолорундай көмүрлөр же болбосо, миңдеген жердей отундар керек болмок. Ошол күндү жана ага окшогон чоң жылдыздарды эч кандай газы жок, отуну жок жана көмүрү жок эле күйгүзүп жаткан, өчүрбөгөн, баарын бир учурда жана катуу ылдамдык менен учуруп турган жана бири бири менен кагыштырбаган чексиз кудурети жана салтанаты, жарык сөөмөйлөрү менен көрсөтүп жаткан ушул ааламдын керемет шаарындагы дүйнө сарайынын электр лампалары жана башкаруулары ошол мисалдан канчалык чоң жана кынтыксыз. Силердин окуп жаткан же болбосо окуй турган электричество илми менен салыштырганда, ушул ааламдын улуу көргөзмөсүнүн Султанын, Жарык берүүчүсүн, Уюштуручусунун жана Жаратканын ошол нурдуу жылдыздарды күбөө кылып таанытат. Тасбихат менен, арылоо менен сүйдүрөт жана жакшы көрдүртөт.
Дагы бир мисал катары, бир китеп элестетели. Ар бир сабында бирден китеп өтө кылдаттык менен жазылган, ар бир сөзүндө ичке калем менен бир Куран сүрөсү жазылган жана бардык маселелери бири-бирин кубаттап турган өтө маанилүү бир китеп. Жазуучусун жана авторун абдан өнөрлүү жана күчтүү кылып көрсөтүп жаткан ажайып жыйнак күмөнсүз күндүздөй жазуучусун менен верстальщигин мыктылыгы жана өнөрлөрү менен билдирет жана таанытат. «Маашааллах», «Бааракаллах» сөздөрү менен алкап мактатат . Дал ушул сыяктуу чоң китеп болгон бул ааламды карайлы. Бир гана бети болгон жер жүзүндө бир гана тетради болгон жаз мезгилинде жана үч жүз миң башкабашка китептердей үч жүз миң өсүмдүктөр жана жаныбарлар тайыпаларын бир учурда, бири-бири ичинде, жанылышпастан, ката кетирбестен, адаштырбастан, чаташтырбастан, кынтыксыз, тартиптүү... кээде дарак сыяктуу бир сөзүндө бир касыйданы жана урук сыяктуу бир чекитте бүтүндөй бир китептин мазмунун жазган бир калемдин иштеп жатканын көзүбүз менен көрүп жаткан ушул чексиз маңыздуу жана ар бир сөзүндө көптөгөн даанышмандыктары болгон ушул аалам жыйнагы жана дене болуп кеткен улуу Куран ааламы жогоруда айтылган мисалдагы китептен канча эсе чоң, кынтыксыз жана маанилүү болсо, силер окуп жаткан философия илими, жана мектебинде иш жүзүндө байланышыңар болгон окуу илими кенен өлчөмү менен жана дүрбүсүнүн окуляры менен бул аалам китебинин токучуусун жана түзүүчүсүн чексиз мыктылыгы менен таанытат. Аллаху Акбар сүйлөмү менен билдирет. Субхааналлах ыйыктоосу менен аныктайт . Алхамдулиллах мактоолору менен сүйдүрөт.
Мына ошондуктан ушул фенндерге салыштырмалуу жүздөгөн фенндерден ар бир фенн, кенен өлчөмү менен, өзүнө таандык күзгүсү менен, дүрбү сыяктуу көздөрү менен жана ибрет алуучу назарлары менен бул ааламдын Халыкы Зулжелалын эсмаасы менен билдирет, сыфатын жана кемалатын тааныттырат.
23. Page
Мына ушул керемет жана жаркыраган Аллахдын бирдиги туралууу аталган далилди сабак берүү үчүн укмуш баяндалган Куран көп көп кайталоо менен эң өзгөчө رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ жана خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ аяттары менен Жаратканыбызды бизге таанытууда деп ошол мектептеги жаштарга айттым. Алар дагы айткандарымды толук кабыл алышып, тастык кылуу менен: «Раббибизге чексиз шүгүрлөр болсун, чыныгы жүрөккө сактай турган ыйык жана чыныгы акыйкат сабак болду. Аллах сизден ыраазы болсун.» деп айтышты.!
24. Page
Мен да аларга айттым: Инсан – миңдеген түрдүү кайгылар менен кайгыланып жана миңдеген түрдүү жыргалдар менен жыргап турган тирүү механизм, жана өтө алсыз болгондугу менен бирге чексиз материалдык руханий душмандары, жана ченемсиз жакыр болуусу менен бирге тышкы жана ички муктаждыкдары болгон айрылуу жана ажыроо шапалагын жеген аргасыз калган маклук болуп туруп, ыйман жана кулдук аркылуу дароо ошондой бир жалалдуу Падышаны жактап бардык душмандарына каршы таяныч точкасын жана бардык муктаждыктарына каршы бир жардам точкасын табуу менен баары моюн сунган кожоюнунун шарапаты менен, макамы менен мактанганы сыяктуу, ал да ушундай чексиз кудреттүү жана ырайымдуу болгон падышага ыйман менен жактаса, жана кулдук менен кызмат кылса, жана ажалдын жок кылуу жарыясын кызматтан бошонуу түшүнүгүнө айландырса, канчалык ыраазычылык жана канчалык ырахмат менен мактанарын салыштырып көргүлө.
Ошол мектеп окуучуларына айткан сыяктуу балээ учураган туткундарга да кайталап айтамын: Аны тааныган жана моюн сунган зынданда да болсо бактылуу. Аны унуткан сарайларда жашаса да зынданда жана бактысыз. Бир бактылуу мазлум адам өлүп баратып, бактысыз заалымдарга айткан экен: «Мени жок кылган жоксуңар. Балким бул дүйнөдөгү кызматтарымдан боштондукка чыгуу менен бакытка кетип баратам. Бирок, мен да силерди түбөлүктүү жок болууга дуушар болгонунарды көрүп жаткандыгымдан силерден толук өчүмдү алып жатам لا اله الله деп, кубануу менен рухун тапшырыптыр.
سُبْحَٰنَكَ لَا عِلْمَ لَنَآ إِلَّا مَا عَلَّمْتَنَآ ۖ إِنَّكَ أَنتَ ٱلْعَلِيمُ ٱلْحَكِيمُ
25. Page
[Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү тууралуу кириш сөз]
Тогузунчу Шуа
بسم الله الرحمن الرحيم. فَسُبْحَانَ اللَّهِ حِينَ تُمْسُونَ وَحِينَ تُصْبِحُونَ. وَلَهُ ٱلْحَمْدُ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَعَشِيًّا وَحِينَ تُظْهِرُونَ. يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَيُخْرِجُ ٱلْمَيِّتَ مِنَ ٱلْحَىِّ وَيُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ وَكَذَٰلِكَ تُخْرَجُونَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَكُم مِّن تُرَابٍۢ ثُمَّ إِذَآ أَنتُم بَشَرٌ تَنتَشِرُونَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنْ خَلَقَ لَكُم مِّنْ أَنفُسِكُمْ أَزْوَٰجًا لِّتَسْكُنُوٓاْ إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُم مَّوَدَّةً وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ خَلْقُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَٱخْتِلَٰفُ أَلْسِنَتِكُمْ وَأَلْوَٰنِكُمْ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّلْعَٰلِمِينَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ مَنَامُكُم بِٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَٱبْتِغَآؤُكُم مِّن فَضْلِهِۦٓ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَسْمَعُونَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦ يُرِيكُمُ ٱلْبَرْقَ خَوْفًا وَطَمَعًا وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءً فَيُحْىِۦ بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَٰتٍۢ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ. وَمِنْ ءَايَٰتِهِۦٓ أَن تَقُومَ ٱلسَّمَآءُ وَٱلْأَرْضُ بِأَمْرِهِۦ ۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمْ دَعْوَةً مِّنَ ٱلْأَرْضِ إِذَآ أَنتُمْ تَخْرُجُونَ. وَلَهُۥ مَن فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَّهُۥ قَٰنِتُونَ. وَهُوَ ٱلَّذِى يَبْدَؤُاْ ٱلْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهْوَنُ عَلَيْهِ ۚ وَلَهُ ٱلْمَثَلُ ٱلْأَعْلَىٰ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ وَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ
Ыймандын бир уюгуну көрсөткөн бул асмандан келген уулу аяттын жана өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүүнүн (хашир) орноткон бул куттуу чоң аргументтердин зор жана чоң далили ушул тогузунчу шуада баяндалат.
26. Page
Камкор Кудайдын жагымдуу бир колдоосу: Мындан отуз жыл мурда эски Саид жазган тафсиринин кириш сѳзү болгон «Мухакемат» аттуу чыгармасынын аягында «Экинчи максат: Куранда өлгөндөн кийин чогулуп тирүүгө ишаарат кылган эки аят тафсир жана баянн кылынат. بسم الله الرحمن الرحيم – деген бойдон токтоп калган. Андан ары жаза алган эмес. Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү боюнча далилдери жана белгилери канча болсо, ырайымдуу Жаратканга ошончолук шүкүр жана хамд болсун, анткени отуз жылдан кийин ийгилик насип кылды.
Ооба, мындан тогуз-он жыл мурда, ошол эки аяттын биринчи аяты болгон فَٱنظُرْ إِلَىٰٓ ءَاثَٰرِ رَحْمَتِ ٱللَّهِ كَيْفَ يُحْىِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَآ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْىِ ٱلْمَوْتَىٰ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ деген Аллахдын буйругунун эки жаркыраган жана өтө кубаттуу далилдери менен тафсирлери болгон Онунчу Сөз менен Жыйырма тогузунчу Сөздү неймат катары берди, баш тарткандардын жаагын жапты. Ошондой эле акыретке ыймандын кыйрагыс эки бекем чебинен, тогуз-он жылдан кийин, экинчи аяты болгон жогорудагы аты аталган уулу айаттын тафсирин бул рисале аркылуу белек кылды. Мына ушул Тогузунчу Шуа жогорудагы аты аталган аяттар менен ишаарат кылынган [тогуз бийик макам] менен бир [маанилүү кириш сөз]дөн турат.
[Кириш сөз] Өлгөндөн кийин чогулуп тирүүлүү акыйдасынын көптөгөн руханий пайдаларынан жана жашоо натыйжаларынан бир гана жалпы натыйжаны кыскача баяндоо, жана инсан жашоосуна, ѳзгѳчѳ коомдук жашоосуна канчалык керектүү жана зарыл болгондугун кѳрсѳтүү жана бул хаширге ыйман акыйдасын көптөгөн далилдеринен


