Он Учунчу Создун Экинчи Болугу
NAVIGATION
1. Page
Жаштарга Жол Көрсөткүч
Автору: Бедиуззаман Саид Нурси
МАЗМУУНУ:
1. Жаштарга жол көрсөткүч: Он үчүнчү сөздүн экинчи бөлүгү
2. Жетинчи сураныч: Карыялар рисалесинен.
3. Алтынчы маселе: Мѳмѳ рисалесинен.
4. Тогузунчу шуа: Тирилүүгө кириш сөз рисалеси.
5. Хуве нуктеси: Ой-кыял саякаты
6. Кара тыттын бир мѳмѳсү: Он жетинчи сөздүн экинчи бөлүгү
بسم الله الرحمن الرحيم
Өзүнө тартучуу азгырыктарга кармалып калган бирок ээсини жоготбогон кээ бир жаштар менен маектешүү.
Бир топ жаш азыркы алдоочу жана өзүнө тартучуу оюн-зооктор менен кумардануулар кол салып турганда «Акыретибизди кантип куткарабыз?» деп Рисале-и Нурдан жардам сурашты. Мен дагы Рисале-и Нурдун руханий кишилиги атынан аларга минтип айттым: Кабыр бар, эч ким аны четке кагаалбайт. Кааласа да, каалабаса да баары ал жайга барат. Ал эми ал жайга кирүү үчүн да үч ыкма менен болгон [үч жолдон] башка жол жок.
[Биринчи жол] Ал кабыр – ыймандуулар үчүн бул дуйнөдөн дагы сонун ааламга чыккан эшик болот.
[Экинчи жол] Акыретти тастыктаган, бирок күнөөлөргө батып адашууда жүргөндөргө түбөлүктүү түрмө жана бардык достордон ажыраткан бир кишилик капас, жалгыз камала турган бир түрмѳнүн эшиги. Ошондой көргөндүгү, этикад кылгандыгы жана ишенгениндей жүрбөгөндүгу үчүн ошого жараша мамиле көрөт.
[Үчүнчү жол] Акыретке ишенбей адашып четке каккандар үчүн кабыр түбөлүктүү жок болуу эшиги. Башкача айтканда өзүн дагы, бардык сүйгөндөрүн дагы жок кылуучу дар болот. Ошондой деп билгени үчүн жаза катары дал ошону көрөт. Бул эки жол ачык, далил да талап кылбайт, көз менен көрүнүп турат. Ажал жашыруун болгонуна караганда өлүм да ар дайым башынды кесүү үчүн келип калышы мүмкүн. Жаш-кары деп карап айрымалабайт. Албетте дайыма көз алдындагы ошондой чоң коркунучтуу бир
2. Page
маселеге каршы бэчара киши такыр түбөлүктүү жок болуу, ошол түбү жок эбегейсиз жалгыздык капасынан кутулуунун жолуну издөө жана кабыр эшигин бир түбөлүктүү ааламга, туруктуу бакытка жана нурдуу ааламга ачылган бир эшикке айландыруу иши – ал адамга дүйнөдөй эң чоң маселеси болот.
Бул бекем акыйкат ушул үч жол менен боло тургандыгын жана бул үч жолдун да жогоруда айтылган үч акыйкат менен болоорун кабар берген жүз жыйырма төрт миң чынчыл кабарчылар, колдорунда тастыктоо нышаны болгон мужизалары болгон пайгамбарлар жана ал пайгамбарлардын кабар берген ошол кабарларын аныктоо, дамын татуу жана байкоо аркылуу тастыкдаган жана ошолорго кол койгон жүз жыйырма төрт миллион олуялар да дал ошол акыйкатка күбөлүктөрү менен, жана чексиз жана сансыз изилдөчүлөрдүн бекем далилдери аркылуу ошол пайгамбарлардын (ас) жана олуялардын акыл менен илмий ишендирүү деңгээлинде орнотуп жаткан жана токсон тогуз пайыз чечкиндүү ыктымал менен жок болуу жана түбөлүктүү зындандан кутулуу жана ал жолду түбөлүктүү бакытка айлантуу ыйман жана итаат менен гана болот» – деп, бирдей кабар берип жатышат.
Кызык, кыйроо ыктымалы бир пайыз болгон кооптуу жолго түшпөө үчүн жалгыз бир кабарчынын сөзү эске алына турган болсо жана анын сөзүн укпастан ал жолдо бараткан адамдын кыйрап кетүү оюнан пайда болгон моралдык азап анын тамакка болгон аппетитин да жоготуп жиберип атса, ушундай жүз миңдеген чынчыл жана чынчылдыгы далилденген кабарчылардын жүз пайыз ыктымал менен, адашуу жана күнөкөрлүк жолу көз алдындагы кабыр дарына жана түбөлүктүү жалгыздык түрмосүнө түшүүгө бекем себеп болгондугун, ал эми ыйман менен кулчулук болсо, жүз пайыз ыктымал менен ошол дарды жок кылып, ошол жалгыздык түрмосүнү биротоло жаап, ушул көз алдындагы кабырды бир түбөлүктүү казынага жана бакыт сарайына ачылган эшикке айландырат деп кабар берген жана ошонун белгилерини жана тасирлерини көрсөтүп жатышса, ушул ажайыб жана кызык, коркунучтуу жана азаматтуу маселенин астында бетме-бет турган аргасыз инсан, өзгөчө мусулман адам, эгерде ыйман жана кулчулугу болбосо, бүткүл дүйнөнүн салтанаты менен жылгылчылыгын жалгыз бир адамга бериле турган болсо да, ошол көз алдындагы ар дайым ал жакка чакырылууга кезегин күтүп турган ал адамга берген ошол коркунучтан пайда болгон азап кайгысын жогото алабы? Силерден сурайын.
А түгүл, карылык, оорулар, балекеттер жана ар тарапта болуп жаткан ѳлүмдѳр, ошол коркунучтуу азапты ого бетер ырбатып жана эскертип жатышат. Албетте адашып күнөө жолунда жүргөндөр жүз миңдеген жыргылчылык жана дам алышса дагы, бары бир ошол руханий тозок оту жүрөгүндө жашап жана күйгүзүп турат. Бирок, өтө калың кайдыгерлик мастыгы убактылуу ага сездирбейт.
А түгүл, имандуу жана итаат кылгандар көз алдында көрүп турган кабырды түбөлүктүү казына бир бүтбөгөн бакытка ачылган эшик болгонуну, албетте ошол түбөлүктүү такдыр лотерея оюнунан миллиарддаган алтын жана алмаздарды утуп бере турган билет дагы ыйман күбѳлүгү менен ага чыгып ар убакытта «Кел, билетинди ал!» – деп күтүп туруусунан терең, негиздүү, чыныгы жыргылчылык жана руханий дам алат. Эгерде ошол жыргылчылык материялдашса же ошол урук дарак боло турган болсо, ал адамга жеке бейиш сыяктуу болуп турганда, ошол чоң жыргылчылык жана дамды таштап, жаштык түрткүсү аркылуу ошол чексиз кайгылар менен аралашкан уулуу балга окшогон
3. Page
күнөлүү жана кумардануу уруксат берилбеген убактылуу жыргылчылыкты таңдаган адам айбандан жүз эсе төмөндөп кетет. Чет өлкөлүк динсиздер сыяктуу да боло албайт. Анткени алар Пайгамбарды (АСМ) четке какса да башкаларын тааный алышат. Пайгамбарларды билишпесе да Аллахты тааный алышат. Аллахты билишпесе да мыктылыкка себеб болгон кээ бир сонун касиеттери табаалышат.
Бирок, бир мусулман пайгамбарларды да, Эгенини да, бардык мыктылыктарды да Мухаммад араби Алейхиссалаату вассалам аркылуу билет. Анын тарбиясын таштаган жана чынжырынан чыгып кеткен киши башка эч бир пайгамбарды (АС) тааныбайт жана Аллахты да тааныбай калат. Рухунда мыктылыкты сактай турган эч бир негизди билбейт. Анткени, пайгамбарлардын эн акыркысы, эн улуусу, дини жана дааваты жагынан бүткүл адамзат караганы үчүн, жана мужиза, дин жагынан да баарынан жогору, бардык адамзатка бардык акыйкат боюнча устат болуп, он төрт кылымдан бери жаркыратып орноткон жана адамзаттын сыймыгы болгон заттын негизги тарбиясын жана дининин эрежелерин таштаган адам, албетте эч бир жактан бир нур жана өркүндөө таба албайт. Эң тѳмѳн даражага түшүп кетүүгө дуушар болот.
Мына, эй дүйнѳ жашоосунун ырахатына туткун жана келечек менен тынчсыздануу менен келечеги жана жашоосуну камсыздоо үчүн тырмышкан бечаралар! Дүйнѳнүн даамын, ырахатын, бакытын жана жыргалын кааласаңар, мыйзамдуу тааладагы ырахатка канааттангыла. Алар ырахат алуу үчүн жетиштүү. Андан сырткары жана мыйзамсыз чѳйрѳдѳгү бир жыргалдын ичинде миңдеген кайгы бар болгондугун ѳткѳн баяндан албетте түшүнгөндүрсүз. Эгер ѳткѳндѳгү, тактап айтканда, өткөн замандагы окуяларды кино аркылуу учурда кѳзүбүзгѳ көрсөтүп жатканы сыяктуу, келечектеги акыбал дагы, мисалы элүү жылдан кийинки жагдайларды кино аркылуу көрсөтүлө турган болсо, күнөө кылып жүргөндөр азыркы күлүп жаткандарына жүз-миң жолу каргап жана жийиркенип ыйлашмак. Дүйнө жана акыретте тынымсыз жана түбѳлүктүү кубаныч каалаган адам, ыйман чөйрөсүндөгү Мухаммад (АСВ) тарбиясыны өзүнө жол көрсөткүч кылуусу зарыл.


