Рисале-и Нур Шакирттери Тарабынан Суралган Бир Соболго Жооп

8. Page

өтүмдүк беш-он жылдык жамалын түбөлүктөштүрүү үчүн шарият ыкмасы менен колдононуп ал нематка шүкүр кылат. Болбосо карыган кезинде узак убакытка чейин жийиркенүүгѳ дуушар болуп, үмүтсүздүк менен ыйлоого аргасыз болот.

Эгер ислам тарбиясы чөйрөсүндө Куран адабынын зыйнаты менен ал жамал ээси сулуулана турган болсо, ошол өтүмдүк сулуулук маани жагынан түбөлүктүү болоруна, бейиште хурилердин жамалынан да шириниреек жана жаркыраган бир түрдѳ өзүнө берилери хадисте чечкиндүү болуп айтылган. Эгер ал сулуунун кыпындай акылы бар болсо, бул сонун, жаркыраган жана түбөлүктүү натыйжаны колунан чыгарбайт.

9. Page

Бир нече аргасыз болгон жаштарга берилген сабак, ойготуу жана эскертүү


Бир күнү мага жаркыраган бир топ жаш жигиттер келишти. Жашоо, жаштык жана кумардануу жагынан улам келген опузалардан сактануу үчүн таасирдүү эскертүү алыйн деген жаштарга мен дагы мурда Рисале-и Нурдан жардам сураган жаштарга айтканымдай эле аларга да айттым:

Силердеги жаштык сөзсүз түрдө өтүп кетет. Эгер силер шарият чөйрөсүндө калбасаңар, ал жаштык жок болуп, бул дүйнѳдѳ да, кабырда да, акыретте да өзүнүн жыргалдарынан да көбүрөөк балээлер менен кайгыларды башыңарга алып келет. Эгерде исламдык тарбия менен ошол жаштык нематына шүкүр катары пакизалык, намыс жана Кудайга моюн сунууда коротсңор, ал жаштык маани жагынан туруктуу болуп калат, жана түбөлүктүү бир жаштыкка ээ болууга себепчи болот.

Ал эми жашоо болсо, эгерде ыйман болбосо, балким баш көтөрүү менен ал ыйман таасир бербей турган болсо, ал жашоо – сырттан караганда кыскача бир дам татуу жана жыргалдары менен бирге миңдеген эсе ошол дам татуу жана жыргалдарынан дагы көп азаптарды, кайгыларды-муңдарды алып келет. Анткени, инсанда акыл жана пикир бар болгондугу үчүн жаныбардыкына карама-каршы болуп азыркы заман менен бирге өткөн жана келечек замандар менен табий алакасы бар. Ал замандардан дагы кайгы жана жыргалды ала алат. Ал эми жаныбарлар болсо, пикири болбогондугу үчүн, учурда алып жаткан жыргалын өткөндөн калган кайгылар менен келечектен келүүчү коркунучтар менен тынчсыздануулар буза алышпайт.

Ал эми инсан болсо, эгер адашуу жана кайдыгерликке түшкөн болсо, азыркы алып жаткан жыргалын өткөндөн калган кайгылар менен келечектен келүүчү тынчсыздануулар ошол кичинекей жыргалын олуттуу түрдө ачуулаштырып бузуп жатат. Өзгөчө шарий болбосо, толугу менен заардуу балдай болот. Демек, инсан жыргал жашоо жагынан жаныбарлардан жүз эсе төмөн түшүп кетет. Балким, адашкандар менен кайдыгер кишилердин жашоосу, балким бар болуусу, балким ааламы – жашап жаткан күн катары эсептелинет. Бардык өткөн замандар менен ааламдар анын адашуусу назары менен караганда жок жана өлүк болот. Акыл алакасы менен ага карангылык жана зулмат берет. Келечек замандар болсо, ишенимсиздигинен улам ал дагы жок деп эсептелинет. Жана

10. Page

жоктуктан улам пайда болгон түбѳлүктүү ажырашуулар ар дайым анын пикир аркылуу жашоосуна караңгылыктарды берип турат. Эгер ыйман жашоого жашоо болсо, анда өткөн заман да келечек заман да ыйман нуру менен нурданат жана бар болот. Азыркы учурдай эле руху менен жүрөгүнө ыйман жактан бийик жана руханий дамдарды жана бар болуу нурларды берет. Карыялар рисалесинин жетинчи суранычында бул акыйкаттын түшүндүрмѳсү бар. Ага карап чыгыңыздар.

Мына, жашоо ушундай. Жашоонун жыргалын жана даамын кааласаңар жашооңорду ыйман менен тирилткиле, парздар менен кооздогула жана күнөөлөрдөн тартынуу менен коргогула! Күн сайын, ар жерде жана ар дайым ѳлүмдѳрдүн көрсөтүп жаткан коркунучтуу ѳлүмдүн чыныдыгы болсо, башка жаштарга айтканым сыяктуу силерге да бир тамсил менен баяндап берейин:

Мисалы: бул жерде көз алдыңарда бир дар тургузулду.

Анын жанында лотерея (бирок өтө баалуу утуш билеттерин берип жаткан) мекемеси бар. Бул жерде турган ушул он киши баари бир кааласак да каалабасак да, эч башка айла жок, ал жакка чакырылабыз. А бирок чакыруу мезгили жашыруун болгондуктан ар мүнөттө:«Кел, жок болуу билетиңди ал, дарга чык!» же «Кел, миллиондогон алтындарды уткан билет сага туш келиптир, алып кет!» – деп, айтууларын күтүп турган кезде, капысынан эшиктен эки адам кирип келди. Бириси жарым жылаңач сулуу жана азгыруучу бир аял колуна сырттан караганда аябай таттуу көрүнгөн, бирок ууланган бир халваны алып келип жедирүүнү каалап жатат. Экинчиси болсо, алдабай турган жана алданбай турган олуттуу бир адам, ошол аялдын артынан кирди, мынтип айтты: «Силерге бир тылсым, бир сабак алып келдим. Буларды окусаңар, ал халваны жебесеңер ошол дардан кутуласыңар. Бул тылсым менен ошол теңдешсиз утуш билетин аласыңар. Ансыз деле бал жегендер ушул дарга асылып жатышкандыгын өз көзүңөр менен көрүп жатасыңар. Жана ал жерге жеткенге чейин да ошол халванын уусунан коркунучтуу ооруу азабын тартып жатасыңар жана ошол уулуу утуш билетин утуп алган адамдар караган адамга көрүнбөй жатат жана сырттан караганда алар да ошол дарга чыгып жаткандай болуп көрүнүп турат. Бирок, алардын дарга асылышпагандыгына, тескерисинче ал жерден сыйлык берүүчү бөлмөсүнө кирүү үчүн баскыч катары колдонушканына миллиондогон күбөлөр бар, кабар берип жатышат. Мына, терезеден карагыла. Эң чоң кызматкерлер жана бул иш менен байланышы бар болгон улуу адамдар бийик үн менен мынтип жарыялап, кабар берип жатышат: Ошол дарга бараткандарды өз көзүңөр менен көрүп жатканыңар сыяктуу, бул утуш билетин да тылсым окугандар ала турганына эч кандай шек деп күндүздөй анык билгиле! – деди.

Мына ушул тамсилдегидей заардуу бал сыяктуу болгон шариаттын сыртындагы жаштыктын күнөөкөр кумардануулар түбөлүктүү казынанын жана туруктуу бакыттын билети жана күбѳлүгү болгон ыйманды жоготуп койгондугу үчүн дар сыяктуу болгон өлүм менен түбөлүктүү караңгылык эшиги болгон кабырдын балекетине так көрүнгөндөй болуп түшөт. Жана ажал жашыруун болгондугу үчүн жаш-кары деп айырмалабастан ар дайым ажал желдети башын кесүү үчүн келип калышы мүмкүн. Эгер ошол заарду бал сыяктуу болгон шариаттын сыртындагы кумарданууларды таштап Куран сыры болгон ыйман менен парздарды колго алып адатта болбогон адам тагдырындагы лотореядан чыккан түбөлүктүү бакыт казынасынын билетин утуп аларына жүз жыйырма төрт миң