Туруп Туруп Эле Эстетилген Маанилуу Бир Маселе
NAVIGATION
5. Page
Эй тозок хурилери менен кумардануу жолунда динин курман кылган, жана күнөөлү адашуну жакшы көрүү менен күнѳѳ кылган, жана напсинин калоолору дамдары жолунда динсиздикти жана атеизмди кабыл кылган, жана жашоону ардактап сүйүп өлүмдөн абдан корккон, жана кабырды эске алууну каалабаган жана динден баш тартууну карманган бетпак! Кескин түрдө билгин: Динсиздик жагы менен, сенин бул чоң дүйнѳң, бул сааттан мурун жана бул мүнөттөн кийин жалпысынан сенин бул ааламың, жана ѳткѳн жана келечегиң, өтүп кеткен сенин түрүң жана тегиң, жана келе турган макулуктар менен урпактар жана өтүп кеткен дүйнѳлѳр жана улуттар жана келип жаткан инсандар менен коомдор жок жана өлүк. Мына инсаният жана акыл жагын менен алакаң болгон бардык ал сейилдеген дүйнѳлѳр жана ааламдар ар дайым сенин адашууңдун сурөттөөсү менен сенин башыңа дүйнѳ толо коркунучтуу жана чексиз бул өлүмдөрдүн кайгыларын жаадырып жатат. Сенин эсиң бар болсо, жүрөгүңдү күйгүзөт. Рухуң бар болсо, куйкалайт. Акылың өчпөгөн болсо, кайгы ичинде тумчуктурат. Эгер бир саат мастык абалындагы күнөкөр жана ыплас жыргалың бул чексиз күйүттөргө, капаланууларга, кайгыларга каршы келе алса, анда ал күнөкөр жашоодо кала бер. Болбосо, акылыңа кел. Ал руханий тозоктон кутулуу жана ыймандын бул дүйнѳдѳ дагы камсыз кылып берген руханий бейишке кирүү, жана жашоонун бактыны татуу үчүн Курандын сабагын ук. Майда өтүүчү бир мүнөттүк жыргалды жалпы туруктуу жана түбөлүктүү ыйманий1 жыргалдарга алмаштыр.
Дагы: «Мен айбан сыяктуу жашоомду өткөрөм» – деп айтпагын. Анткени, айбанга салыштырмалуу ѳткѳн, келечек гайып болуп эсептелинет. Даанышман жана Мээрман Улуу Кудай ал гайыпты аларга билдирбей аларга чексиз кайгылардан куткарган. А түгүл союлуу үчүн жаткырылган бир тоок эч бир азап жана кайгы сезбейт. Бычак кескен кезде гана сезем дейт. Бирок, ал сезгенүү да кетет. Ал кайгыдан да кутулат. Демек, Улуу Хак болго Кудайдын абдан чоң жана кооз бир ырайымы, мээрими жана ......... гаййыпты билдирбей койгону. Өзгөчө күнөөсүз жаныбарлар тууралуу дагы толук. Демек, күнөлүү жыргалдарда сен айбандарга жетише албайсың. Миң эсе төмөн түшөсүң. Анткени, айбанга салыштырмалуу гайбий болгон нерселерди сенин акылың көрүп турат. Кайгы алып жатат. Гайыптын жашыруусунда болгон чыныгы ырахаттан жалпысынан куру калгансың. Анын үстүнө сенин сыймыктанган боордоштук, урмат жана энтузиазм сыяктуу соонун касиеттериң ничке заманга чоң чөлдө бир бармактай жерге ээ жана чексиз заманда жалгыз азыркы саатка таандык болгондуктан калп, убактылуу, жасалма, негизсиз болуп жана өтө майдаланып сенин гуманизмиң менен мыктылыгың ошол өлчөмдө
1 Ооба, ыйман бул дүйнөдө дагы бейиштин ырахатын маңызы жагынан бере алат. Жүздөгөн дамдуу жарыктарынан бир эле пайдасына карачы. Сенин аябай сүйгөн бирөөнүн бир коопту абалда өлүп жатканын көрүп турган кезде табып Улукман же Кыдыр сыяктуу бир доктур келип калат, дароо тирилип жиберсе, кандай сүйүнөсүң. Ошонтип эле сен сүйгөн жана мамилең болгон өлүктөр санына жараша сүйунүчтөрдү жана кубанычтарды ыйман берет. Анткени мүрзөдөгү миллиондогон сен жакшы көргөн кишилер жок кыйроодон жана өлүмдөн ыйман нуру менен дароо сенин алдында тирилип жатат, “Биз өлбөпбүз, өлбөйбүз дагы” деп жашап кетип жатышат. Ал чексиз ажырашуулардан келген сансыз кайгылардын ордуна жолугушу жана жашоолордон чексиз ырахаттануу жана сүйүнүчтөр ыйман жагынан бул дүйнөдө дагы болгону көрсөтүп турат: Ыйман ушундай бир данек, ыймандууларга бейиштин бардык жыргалдары жана кубанычтары менен машак байлап берип жатат жана берет.
6. Page
кичиреет. Эч нерсеге арзыбай калат. Бирок ыймандуулардын боордоштугу, урматы, махабаты жана энтузиазмы ыйман жагынан ѳткѳн жана келечек чактарды камтыгандыктан, анын гуманизми менен мыктылыгы ал өлчөмдө жогорулайт.
Анын үстүнө сенин дүйнѳлүк ийгилигиң акылынан айныган бир ювелир яхудинин айнек сыныктарыны алмаздын баасында сатып алганындай эле, сен дагы кичинекей кыска бир замандагы жашоого узун жана түбөлүктүү кенен бир жашоонун баасын бергендигиң үчүн албетте ошол сызык зонасында женишке жетесиң. Ошондой эле, бир мүнөткө бир жыл сыяктуу өтө ач көздүк, махабат, жана өч сыяктуу сезимдер менен киргендигиң үчүн диндар адамдарга убактылуу үстөмдүк кылып жатасың. Жана да сенин акылың, рухуң, жүрѳгүң, сезимдериң ыйык милдеттерин таштап, пас напсиңдин жана ыплас арзууңдун шерменде иштерине шериктик жана жардам беришкендиген ыймандууларга дүйнѳдѳ үстөмдүк кылып жатасың. Ошондой эле сырттан караганда да сүйкүмдүү көрүнүп жатасың. Анткени, сенин акыл, жүрөк жана рухуң абдан өтө паска тѳмѳндѳп ыплас ышкобоздукка жана шермеде написке айланып кеткен. Жийиркеничтүү абалга айланган. Албетте, бул жагынан сага тозокту жана эзилген ыймандууларга бейишти табып алдырган убактылуу жеңишиң болот.


