Жетинчи Режа (Карыялар Лемасынан)

11. Page

пайгамбарлар (аларга салам болсун) менен кошо сансыз олуялар жана акыйкат ээлери бир болуп кабар берип жатышат жана тасирлерин көрсөтүп жатышат.

Жыйынтыктоо: Жаштык сөзсүз кетет. Күнөлөрдө кеткен болсо, дүйнѳдѳ да, акыретте да миңдеген балээлер менен кайгыларды натыйжа берерин жана ошондой жаштар көпчүлүк учурда жаман колдонуу менен ысыраптан келген күмѳндүү оорулар менен ооруканаларга, кызыл кандуулуктары менен түрмөлөргө же болбосо бомжканаларга жана руханий кайгылардан пайда болгон буулугуудан улам ичимдик ичүүчү жайларга түшөөрүн түшүнгүңөр келсе, ооруканалардан, түрмөлөрдөн жана мүрзөлөрдөн сурагыла. Албетте, ооруканалардын көпчүлүгү абал тили менен жаштыктын түрткүсү менен ысыраптан жана жаман колдонуудан улам пайда болгон оңтоолор менен өкүнүчтөрдү укканыңар сыяктуу, түрмөлөрдөн дагы көпчүлүк жаштардын кызыл кандуулугунан улам, күнөө чөйрөдөгү аракеттеринин шапалактарын жеген бактысыз жаштардын ѳкүнүчтѳрүн угасыңар. Ошондой эле, мүрзөлөрдө жана ар дайым ал жакка кирип жаткандар үчүн эшиктери ачылып жабылып турган ошол бархаз ааламында – кабырдагы акыбалдарды көрөалган кишилердин байколору менен жана бардык чындык ээлердин тастыктоолору жана күбөлүктөру менен – кѳпчүлүк азаптар жаштыкты жаман колдонуу натыйжасында болгондугун билесиңер. Анын үстүнө адамзаттын кѳпчүлүгүн түзгѳн карыялар менен оорулуулардан сурагыла. Албетте кѳпчүлүгү ѳкүнүчтѳр жана армандар менен: «Аттиң, жаштыгыбызды жок жерге атүгүл өзүбүзгө зыяндуу кылып жок кылдык. Абайлагыла, биз сыяктуу болбогула!» – деп айтышат. Анткени, беш-он жылдык жаштыктын, күнөлүү дамдары үчүн дүйнѳдѳ да көптөгөн жылдар кайгы- капа, жана берзахта да азап менен зыян, жана акыретте да тозок жана Сакар балээсин тарткан адам, эң боор ачый турган бир ِال َّض َرِر الَ يُ ْن َظ ُر لَهُ да турса болуп абалда ِضى ب را َّلَاэрежеси боюнча, эч кандай боор ачууга ылайык болбойт. Анткени, зыянга өзү ыраазы болуусу менен кирген адамга мээримдүүлүк кылынбайт жана ырайымга ылайык эмес. Улуу Кудай баарыбызды бул замандын өзүнө тарткан фитнасынан куткарсын жана сактасын. Аамин! 

12. Page

Рисале-и Нур шакирттери тарабынан суралган бир соболго жооп


Ислам ааламынын тагдыры менен бекем бекем байланышкан бул дүйнөлүк согушунун кызуу кездеринде эки жылдан бери (азыр он жылга жакындап калды) бизден жана күн сайын кызматыңызда болгон Эминден бир жолу болсо да сурап койбодуңуз, маани бербедиңиз. «Бул чон окуядан да чоң башка бир акыйкат барбы, согушту маанилүүлүктөн тѳмѳндѳтүп жатат. Же болбосо аны менен алектенүүнүн зыяны барбы?» – деп устатыбыздан сурадык.

Ал да жообун мынтип айтты: Ооба, бул дүйнөлүк согуштан да улуу акыйкат, андан да чоң бир окуя бар болгондугу үчүн бул дүйнөлүк согуш ага салыштырмалуу таптакыр маанисиз болуп калат. Анткени, бу дүйнөлүк согушта эки ѳкмѳт жер планетасында өкүмдар болуш үчүн көтөрүлүү жана соттошуу чакырыктары ичинде эки чоң башкаруу режимдерин администрация сотуна элдешүү доолору ачылып атеизмдин коркунучтуу агымы дагы асман диндери менен улуу күрөшү баштаган кезде адамзаттын социалист катмары менен буржуазия тобунун улуу сотто ачылган чоң доолорундан да абдан маанилүү ушундай доо турат жана ушундай эбегейсиз акыйкат майданга чыгып 

13. Page

турат, ошол доодон бир гана адамга туш келген бөлүгү бул дүйнөлүк согуштан дагы чоңураак. Мына ошол доо болсо мындай:

Бул заманда ар бир момун үчүн, балким ар бир адам үчүн жер планетасындай түбөлүктүү талаалар жана ал талаалар бүтүндөй бакчалар жана сарайлар менен кооздолгон туруктуу бир мүлктү алуу жана ал мүлккө ээ болуу, же болбосо жоготуп алуу доосу турат. Демек, ар бир адамдын башына мына ушундай чакырык ташталган, эгер ал англиялык же немис элиникиндей байлыгы менен кубаты болсо, жана акылы да бар болсо, тек гана ошол доону утуш үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн коротмок. Албетте, ал доону утпай туруп, башка нерселерге маани берген адам акмак эмеспи. Атүгүл ал доо ушунчалык кооптонууга түшкөн дейсиң, (көрөгөч кишилердин байколоруна караганда) бир жерде ажалдын колунан армиядан демобилизация кагазын алган кырк кишиден бир гана киши ошол доону уткан экен, калган отуз тогузу жоготуп коюптур.

Мына ушул маанилүү улуу доону утуп бере турган жана жыйырма жылдан бери тажырыйбалардан байкалгандай эле он адамдын сегизине ошол доону утуп берген бир доо өкүлү келип калса, албетте акылы башында болгон ар бир адам, ошол доого жеткире турган ошол доо өкүлүнү ошондой вазыйпасыга тарткан кызматка бардык иштен көбүрөөк маани берүүгө милдеттүү болот. Мына ошол доо өкүлүнүн бирөөсү, балким биринчиси – баяндоосу укмуш болгон Курандын керемет маңыздарынан сүзүлүп чыккан жана туулган Рисале-и Нур болгонуна доону ал менен утуп алышкан миңдеген адамдар күбө.

Ооба, жер планетасына кызматчы болуп жөнөтүлгөн ар бир адам бул жерде конок жана өтүмдүү болгонуна жана мазмуну түбөлүктүү жашоого багытталганы бекем түрдө такталган. Ошол ар бир инсан бул заманда түбөлүктүү жашоосун куткара турган таянак сепилдери титиреп жаткандыктан бул дүйнѳсүн жана анын ичиндеги бардык мамилеси болгон досторун түбөлүккө таштап кетүү менен бирге бул дүйнѳдѳн миң-миңдеген эсе мыкты болгон түбөлүктүү бир мүлктү да жоготуп алуу же болбосо ага ээ болуу доосу турат. Эгер ыйман күбѳлүгү болбосо, жана анын актаган кагазы жана тил каты болгон итикадын бекем кармабаган болсо, ошол доону уткузуп коет. Кызык, ушул жоготкон нерселерин ордун кайсы нерсе толтура алат?

Мына ушул акыйкатка салыштырмалуу: менин, бир туугандарымын жана баарыбыздын акылыбыз жана пикирибиз жүз эсе көбөйө турган болсо да, бул ыйык кутту милдет кызматына араң жетишүүсү мүмкүн. Башка маселелерге кароо биз үчүн ашыкча жана маңызсыз болуп калат. Рисале-и Нур шакирттеринин бир бөлүгү тиги доолор ичинде болушкандыгы жана керексиз, себепсиз кээде бизге акылсыздардын кол салуулары жана атакалары мезгилинде зарыл даражасында гана өзүбүз каалабастан караган элек2 ...

Дагы бул чыныгы жана өтө чоң чакырыкдардан башка чакырыктарга жана талаштартышдарга көңүл буруп пикири жана жүрөгү менен аралашуу – зыяндуу. Анткени, ушундай кенен, саясий жана кызыктырган чөйрөлөргө маани берген жана алар менен алектенген адам кыска бир чөйрө ичинде милдеттүү болгон маанилүү кызматынан артта калат же болбосо кызыгуусу кетет. Болгондо да ошол кенен жана азгырткан саясат жана талаш-тартыш чөйрөлөргө маани берген адам кээде алданат, вазыйпасын аткара


2 Түрмөдөгү жактоо иштерине ишаарат кылууда.

14. Page

албагандыгы сыяктуу жүрөктүн саламаттыгы, жакшы ою, түз пикири жана кызматтагы ыкласын жоготпосо да, ошол күнѳѳ астында калуусу мүмкүн. Атүгүл бул жагынан мага сотто кысым кылышканда айткан элем: «Күн сыяктуу болгон ыйман менен Куран акыйкаттары жердеги убактылуу жарыктардын азгырыгына баш ийип себеп болбогондой эле, ал акыйкатты чын көңүлдөн тааныган адам жер бетиндеги окуяларга эле эмес, атүгүл ааламга да курал болбойт» – деп, алардын ооздорун жаптым.

Ошентип устатыбыздын жообу бүттү, биз да бардык кубатыбыз менен тастыктадык.


Рисале-и Нур шакирттери